Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Transparency International Кыргызстан автократияга ыктаганын эскертти


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Transparency International эл аралык уюму 2022-жылдагы дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган кезектеги баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, жемкорлук индексинде Кыргызстан былтыркыдай эле жалпы 100 баллдан 27 упай гана алды жана 185 өлкөнүн ичинен 140-орунга жайгашты.

Аталган уюм расмий Бишкек автократияга ыктап, бийликтегилерге кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жол ачылганын, сөз эркиндигин чектөө башталганын эскертти.

Transparency International бул рейтингде кайсы бир өлкөнүн жалпы тизмеде ээлеген орду маанилүү эмес экенин белгилеп, рейтингдеги башкы көрсөткүч упай болорун жазды. Кыргызстан бир канча жылдан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келгенин эске алганда, соңку көрсөткүч коррупция бул өлкөдө жогорку деңгээлде калганын белгиледи.

"Коррупциянын деңгээли ондогон жылдардан бери мынчалык жогору болушуна аткаминерлердин бийликти ашыкча ээлеп алуусуна каршы кандайдыр бир чара көрүлбөгөнү себеп болууда. Мындай бөгөт чаралары жок болгондуктан, мамлекеттик башкаруунун сапаты начарлап, бюрократия күчөп, коррупция менен толук кандуу күрөшүүгө шарт жок болууда".

Аталган уюм ошондой эле бул абалга сөз эркиндигин, жарандык коомду чектеген кооптуу жагдайлар кошул-ташыл болгонуна токтолду.

"Кыргызстан аймактагы эң алсыз көрсөткүч болуп калды. Эгер буга чейин коңшу өлкөлөр арасында демократиялык аутсайдер болсо, эми өлкө автократияга ыктады. Бийликтеги тең салмактуулук жана чектөө системалары алсыздангандыктан бийлигинен аша чабуу, ал үчүн жоопко тартылбай калуу оңой болуп баратат. Эң жаманы, өткөн жылы өкмөт сөз эркиндигин жана жарандык коомду катуу чектеп, коңшу Өзбекстандын өкмөтү менен түзгөн жашыруун келишимге каршы чыккандарды камап, ошол маалда интернетти жарым-жартылай өчүрдү", - деп жазылган баяндамада.


Жемкорлук индекси 0 упайдан 100 упайга чейин эсептелет жана коррупциядан арылды деген мамлекеттер жогорку балл алат. Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн ичинен Грузия 57, Армения 46, Борбор Азияда болсо Өзбекстан позициясын мурдагыдан жакшыртып 28 упайга жетти, Казакстандыкы 36 упай болду. Түркмөнстан 19 упай алып, аймактагы жемкорлук даражасы жогору өлкө аталды.

Президент Садыр Жапаров жана анын администрациясы бул баяндамага байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин баш катчысы Нурипа Муканованын пикиринде, мамлекет башчы коррупцияга каршы күрөшүүгө саясий эрки бар экенин көрсөттү, бирок бир катар себептерден улам жемкорлукту тыюу илгерилебей жатат.

"Президент жарлыктарды чыгарып жатат. Бул президенттин саясий эрки бар экенин билдирип жатат. Коррупционерлер кармалууда, "кустуруу" дагы деле уланып жатат. Бирок коррупция деген мамлекеттик кызматкерлер менен байланыштуу да. Баарын эле "кустуруп", кылмыш ишин козгой бербей, коррупциянын алдын алуу иштери дагы жасалышы керек. Президенттин администрациясы, өкмөттөн баштап бардык мамлекеттик органдардын иши, кабыл алган чечимдери ачык болушу керек. Ушул багытта былтыр чоң программа, стратегия иштелип чыккан. Бирок ал чоң бюрократиянын айынан кабыл алынбай жатат. Бизде паракорчулуктун алдын алуу системасы иштебейт. Чынын айтыш керек. Кылмыш ишинде жоопкерчиликке тартылбай калуу деген болбошу керек".

Аталган кеңеш өткөн жылдын аягында сурамжылоо өткөргөн жана ага катышкан жарандардын басымдуу бөлүгү коррупциянын башкы көрсөткүчү катары мыйзамсыз баюуну атаган.

"Биздин жарандар эң биринчи мыйзамсыз баюуну коррупция деп түшүнөт экен. Албетте, мыйзамсыз баюуга каршы кылмыш ишин козгоп күрөшүү керек. Бирок ошонун алдын алуу механизмдерин иштетүү керек. Бул маселе болсо бүгүнкү күнгө чейин чечилбей турат. Бизнести коргоо жаатында деле президенттин бир топ жарлыгы чыккан. Бирок ал жарлыкты бирөө жарым, ошол эле өкмөт, мамлекеттик органдар аткарышы керек да. Ошол аткарылышы маселе жаратып, чынын айтканда жакшы болбой жатат. Бир жагынан бизнес чөйрөнү коргош керек деген менен ошол эле маалда административдик, жөнгө салуучу барьерлер, мыйзамдар дагы чыгып кетип жатат. Бир баланс болбой жатат. Биз стратегияда ушундай маселелерге сунуштарды бергенбиз", - деди Муканова.


Садыр Жапаров былтыр жыл аягында Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүн утурлай билдирүү жасап, паракорчулукту жоюу багытындагы "баштаган иштер аягына чыгарыларына" ишендиргенге аракет кылган. Айрыкча аткаминерлердин чыгаша-кирешесине көзөмөл киргизилерин эскерткен.

"Коррупцияны алдын алуу үчүн мамлекеттик кызматкерлердин жана жакын туугандарынын чыгымдары менен расмий кирешелеринин шайкеш келишине мониторинг жүргүзүү аркылуу каржылык көзөмөл киргизүү зарыл. Паракорчулукка каршы маданиятты калыптандыруу, ага каршы күрөшүүгө коомчулукту катыштыруу, ошондой эле коррупциянын абалы жөнүндө тиешелүү изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алардын натыйжаларын коррупцияга каршы стратегияларды жана программаларды кабыл алууда колдонуу артыкчылыктуу усул катары кабыл алынышы кажет! Ишкердик субъектилерди укук коргоо органдарынын мыйзамсыз кийлигишүүлөрүнөн жана коррупциялык көрүнүштөрдөн коргоо маселелери да олуттуу мааниге ээ", - деп жазылган кайрылууда.

Былтыр жайында өкмөт башчы Акылбек Жапаров Коррупцияга каршы күрөш боюнча координациялык кеңештин жыйынында жемкорлук жоюлбай жатканын билдирген. Өкмөт башчы акыркы 30 жылда ар кандай форматта коррупцияга каршы күрөш жүргөнүнө карабай дале болсо анын тамыры кыркылбай жатканын белгилеген.


Талдоочу Эркайым Мамбеталиева бийликтин коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканына ишендире албаган жагдайларды атады.

"Биз былтыркы жылы артка кеткенбиз. Быйыл болсо ошол көрсөткүч өзгөрүүсүз калыптыр. Баяндамада Кыргызстан аймакта "демократия аралчасы" болуп келгени менен азыркы учурда авторитардык режимдин күчөшү жана жарандык коомго кысым көрсөтүү, сөз эркиндигине чабуул коркунуч жаратат деп жазылыптыр. Коррупция менен күрөшүп жатабыз дегенде жалгыз эле камоолор болбошу керек. Алдын алуу сөзсүз болушу керек. Ошону менен бирге бийлик элди ишендире албай жатат. Себеби, маалымат ачык-айкын жана отчеттуулук болмоюнча элди ишендирүү абдан кыйын. Бул процесстер абдан чабал. Ачык-айкындуулук болмок турсун тескерисинче маалыматтар кайра алынып салып, ошол эле декларацияларды алсак, маалымат толук берилбей же жабык болсо, коррупцияга каршы күрөшкө ишендирүү кыйын. Ошону менен бирге эле күзүндө өз оюн айтып чыккан активисттердин камалышы, "Темиров LIVE" каналына карата жасалган иш-чаралар, "Азаттыктын" айланасындагы окуялардын баары таасирин тийгизбей койгон жок".


Transparency International эл аралык уюму 1995-жылдан бери жылына дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жемкорлук индексин чыгарып келет. Мамлекеттик сектордун кызмат көрсөтүүсүн сурамжылоо менен бул изилдөө ишке ашат. 2022-жылы жемкорлук эң аз деп аныкталган өлкөлөр Дания, Финляндия жана Жаңы Зеландия болду.

Аталган уюмдун 2021-жылдагы дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээли боюнча изилдөөсүндө 124-орунду ээлеген Кыргызстан 144-орунга түшкөн. Башкача айтканда, бир жылда 20 сап ылдыйлап, Африканын Камерун жана Уганда мамлекеттеринин көрсөткүчтөрү менен теңелген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG