Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Президенттик кызматка эки жыл: Жапаровдун алты убадасы


Садыр Жапаров президенттик инаугурациясы. 2021-жылдын 28-январы.
Садыр Жапаров президенттик инаугурациясы. 2021-жылдын 28-январы.

2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин президенттин милдетин аткаруучу болгон Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоодон утуп чыгып, 28-январда ант берген.

Ал инаугурация аземинде өлкөнү өнүктүрүү боюнча бир топ убадаларды берген. Алардын бир бөлүгү аткарылса, айрымдарынын жыйынтыгы башкача болду.

"Азаттык" президенттин алты убадасын алып, алар канчалык орундалганын талдап көрдү.

“Экономиканы көтөрүп, кыйынчылыктан чыгып кетебиз”

Президент Садыр Жапаров кызматка киришкенден кийинки риторикасында көбүнчө “Кыргызстандын экономикасы 30 жылда кыйын абалга кептелгенин” көп айтты. 2021-жылдын 5-майында Конституциянын жаңы версиясына кол койгон күнү элге ушундай өңүттөгү кайрылуу жасаган.

“Азыркыдай экономикалык абдан оор кырдаал, кризистик жагдай мага чейинки бир дагы президенттин шыбагасына жазылган эмес. Эңшерилген экономиканы, түбү түшкөн казынаны 20 миллиард дефицити менен алдым. Анысы аз келгенсип пандемиянын кесепетинен бардык өлкөлөр менен карым-катнаш, соода-сатык бүгүнкү күнгө чейин токтоп турат. Мен өткөндү жамандап, акаарат айтып, күнөөлүүлөрдү издегим келбейт. Даанышман элибиз кимдин ким экенин ансыз деле жакшы билет. Биз эгемендүүлүккө жетишкен жылдары оңго-солго урунуп, изденүүнүн жолунда болдук. Бирок тарых тарабынан бизге изденүү үчүн чегерилген убакыт аяктады. Кудай буюрса, бул кыйынчылыктан да жолун таап чыгып кетебиз. Болгону күнү-түнү дебей талыкпай эмгектенели”, – деген анда Садыр Жапаров.

Муну менен ал өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн беш кадамын жарыялаган. Биринчиси – бизнести жүргүзүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү, экинчиси – бизнестин сот системасынын калыстыгына, адилеттүүлүгүнө жана объективдүүлүгүнө ишенимин кайтаруу, үчүнчүсү - тышкы соода структурасын сапаттуу өзгөртүү жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну камсыздоо болчу. Төртүнчү кадам - экономикага түз инвестицияларды тартуу деп айтылса, бешинчи жол - мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу деп аталган.


Адистер арасында жана ишкерлер чөйрөсүндө бул аракеттер кандай аткарылып жатканы тууралуу пикирлер ар түрдүү. Бирок бийлик колунан келишинче экономиканы колдоп, ал өз жемишин берип жатканын билдирүүдө. Далил катары ички дүң өнүмдүн (ИДП) өсүшү менен бюджет мисал келтирилет.

ИДП соңку жылдары 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы 8,4% түшүп кеткен. 2021-жылы 6,2%, 2022-жылы 7% өсүш менен чыкты.

Айрымдар бул эки жылдагы көрсөткүчтөрдүн секиригин так ошол 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу төмөндөп кеткен экономиканын фонунда көп көрүнүп жатканына байланыштырат.

Бирок факт – президент Садыр Жапаров бийликке келген эки жылдан бери темп мурдагыдан тездеди.

Анүстүнө, номиналдык эсеп менен алганда деле мурдагы жылдары ички дүң өнүм 500-600 млрд. сом менен чыкса, акыркы эки жылда 700-900 млрд. сомдон ашты. Мында инфляцияны да эске алыш керек деңизчи, бирок кантсе да бул Улуттук статистика комитетинин санактары.

Президент жана Министрлер кабинети экономиканын ар кайсы багыттарын, маселен гидроэлектрстанцияларды куруу, шамал, күн энергиясын өндүрүүгө көңүл бөлүү, "жашыл экономика", "креативдүү экономика" деген өнүттөрүн көп айта баштады. Бирок адистер экономика мындан ары да өнүгүп-өсүп турушу үчүн Кыргызстандагы саясий система демократиялык нукта өнүгүшү керек деп эсептешет.

"Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө экономика маселелерин талдаган журналист Назгүл Коңурбаева ушул өңүттө ойлору менен бөлүшүп, азыркы саясаттагы айрым жагдайларга ишарат кылды. Ал "бийлик экономиканы өнүктүрөм десе, сөз эркиндигине жана башка эркиндиктерге кол салбашы керек" деген мааниде үн катты.

"Биз эркиндикти абстракттуу түшүнүккө айландырып жибердик, "Батышка тийиштүү", "Америкадан келген", "бизге жат нерсе" деп... Эркиндик - бул өзүңдүн оокатыңа, өзүңдүн турмушуңа ээ болуу эркиндиги. Мүлк эркиндиги жана башка эркиндиктер. Президентибиз креативдүү экономика деп жатпайбы. Бир дагы экономика эркиндик болбосо алга жылбайт, анын ичинде креативдүү экономика да иштебейт", – деди Коңурбаева.


Албетте, президенттин эркиндик тууралуу убадалары бар жана алар канчалык аткарылып жатканын алдыда өзүнчө кеп кылабыз. Ага чейин баяныбыздын экономика тууралуу өңүтүн жыйынтыктап алалы.

Ошентип, экономика өсүп жаткандан кийин бюджет да өстү. Азыркы бийлик аны Консолидацияланган бюджет деген аталыш менен берип, кыйла чоң көрсөтүп жатат. Бирок республикалык бюджеттин өзүн алсак деле секирик байкалды. Соңку жылдары анын кирешеси 150-160 млрд. сомдун тегерегинде болуп келсе, 2021-жылы 209 миллиардга, 2022-жылы 282 млрд. сомго чыкты. 2023-жылга 295 млрд. сом, 2024-жылга 312 млрд. сом деп пландалууда.

“Кумтөр 100% мамлекетке иштейт”

Садыр Жапаров Кумтөр кени тууралуу маселе көтөрүп чыккандан кийин коомчулукка кеңири белгилүү болуп, саясатта ошону менен ат жасаган.

Ал 2012-жылы парламентте Кумтөр боюнча комиссияны жетектеп, анда кенди улутташтырууну сунуштаган. Бирок ошол кездеги бийлик аны кубаттабай, ал эми Жапаров башка депутаттар Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов менен чогуу камалып кеткен.

Ортодо өлкөдөн сыртка чыгып кетип, 2017-жылы мамлекетке кайтып келген Садыр Жапаров кайра камалган. Абакта отуруп берген интервьюларында Кумтөр кенинде алтын дээрлик түгөнгөнүн, аны кайтарып алуудан пайда деле жоктугун айтып чыккан. 2020-жылы Октябрь окуяларынын шары менен абактан бошоп, андан соң премьерликке жаңы шайланып жаткан маалда да ушундай пикири менен бөлүшкөн.

Башкача айтканда, Жапаров 2020-жылдын 10-октябрь күнү депутаттарга берген жоопторунда “Кумтөрдү алуу зарыл эмес экенин” билдирген. Бирок андан төрт күндөн соң, 14-октябрда бул оюн бир аз конкреттештирип, ал бийликке келсе, кен өкмөткө иштей турганын тактаган.

“Биринчи, Кумтөр боюнча айтып коёюн... Кумтөр кени 100% Кыргызстандын кызыкчылыгына иштейт. Бирок кандай формада аны биз сүйлөшөбүз. Алабызбы же ушул бойдон туруп, иштей береби, айтор анысын тактайбыз. Бирок кен 100% биздин мамлекеттин пайдасына иштей турганын белгилеп коёюн”, – деген Садыр Жапаров.

Ошентип, ал президенттикке келгенден кийин 2021-жылдын май айында кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин өз карамагына алган. Буга компания экологиялык эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн.


“Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, Кыргызстандын бийлигин Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Соттук териштирүүлөр бир жылча уланган.

Тараптар узак талаш-тартыштан кийин келишип, 2022-жылдын 4-апрелинде атайын келишимге кол коюшкан.

Президент Садыр Жапаров бул жөнүндө ошол эле күнкү түз эфирдеги кайрылуусунда айтып, Кумтөр толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөнүн жар салган. Ал муну өлкө тарыхындагы чыныгы бурулуш учур деп сыпаттаган.

"Биз эң чоң улуттук байлыгыбыз – Кумтөр кенинин Кыргызстанга толук жана биротоло өтүшүн камсыздай алдык. Ошентип, Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын энчисине өттү! Бүгүнкү күндү өлкөбүздүн тарыхындагы чыныгы бурулуш учур деп атасам аша чапкандык болбостур. Анткени, элибиз бүгүн өз тагдырына болгон жоопкерчиликти өз колуна алды. Улуттук кызыкчылыкты коргоо деген дал ушундай болушу керек! Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, "Кумтөр Голд Компани“ ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү", – деген президент.

Иш жүзүндө 2021-жылдын 7-8 айындагы, 2022-жылдын 12 айындагы казылган алтындын баары Кыргызстандын өкмөтүндө калды. Бийлик биринчи жылы 8 млрд. сом салык алганын, экинчи жылы 26,78 млрд. сом төлөм алганын маалымдады. Мурдагы жылы 7-8 айда 10 тоннадай алтын алынса, былтыр 9 айдын эсебинде 12 тонна алтын өндүрүлгөн. 12 айдын эсеби чыга элек.


Бирок өкмөт канча алтын Кыргызстанда калып, канчасы сыртка сатылып жатканы тууралуу так маалымат бербей келет. Мурдараак ачыкка чыккан маалыматтарда 2021-жылы чет жакка 19 тонна сатылганы чуу жараткан.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, иликтей баштаса, парламенттик жана коомдук эки комиссия түзүлгөн. Кийин Улуттук банктын карамагында 37,8 тонна алтын бар экени маалымдалган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева ушундай жагдайлар дале күмөн туудуруп жатканын белгиледи:

“Президент “Кумтөрдү келишимдин негизинде 100% алдык” деп айтып, өзү берген убадасын аткарганын билдирип жатат. Бирок биз ошол келишимди көрө албай жатпайбызбы. Эгер баары чечилген болсо, аны кагаз жүзүндө, болбоду дегенде электрондук вариантын эмнеге жарыялап коюшпайт? Кандай шарттар коюлганын билбесек, анда кантип өткөнү элге белгисиз болуп жатпайбы. Алар оозеки түрдө гана айтып жатышат, ошон үчүн эл ичинде күмөн саноо бар. Бул биринчиси. Экинчиден, алтын алып жатабыз дешкени менен, анын кайда кеткени жөнүндө маалымат жок болуп жатат. 38-40 тонна Улуттук банкта дешкени менен аны деле биз көрө албайбыз да, туурабы?! Анын да документалдык тастыктамасына күбө болгон жокпуз”.

Кыргызстандын бийлиги Кумтөрдү өзүнө алып жаткан маалда кенди ишке киргизүүдөгү келишимдерге байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кеминде алты-жети эпизод боюнча коррупция фактысын аныктаганын жарыялаган.

"Чек араны чечип, коргонууну чыңдайбыз"

Садыр Жапаров премьер-министр болуп шайланып, президенттин милдетин аткаруучу жүгүн кошо алгандан он күн өткөндөн кийин, 2020-жылдын 26-октябрында Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы тажик жарандары чек аранын талаштуу тилкесине суу түтүктөрүн орното баштаган.

Кыргызстандын чек арачыларынын мындай иштерди токтотуу боюнча бир нече жолку талаптарына Тажикстандын жарандары көнгөн эмес, жыйынтыгында кыргыз тарап асманга эки ирет ок аткан. Сүйлөшүүлөрдөн соң кырдаал турукташкан.

Ошол эле жылдын ноябрь айында Жапаров Баткенге иш сапар менен барып, эл менен жолугушкан маалда коңшу Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араны тез арада чечүүнү убада берген.

Кайра Бишкекке кайтканда Чек ара кызматын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүп, анын төрагасы Камчыбек Ташиевди чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо комиссиясына башчы кылып дайындаган.

Кийин президенттик шайлоо маалында да, андан кийинки маалымат жыйындарында ушуга окшош убадалар жаңырды. Садыр Жапаров инаугурациядагы сөзүндө да коңшу мамлекеттер менен мамилени чыңдап, чек араларды тезирээк чечерин айтты. Ал ортодо февралда Баткенде Тажикстан менен чек арада дагы бир тиреш катталды. Жайыт талаштан чыккан чыр бат эле тынчыды.


Кыргыз президенти 2021-жылдын мартында Ташкентке барып, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөштү. Анын соңунда лидерлер чек араны үч айда чечүүнү макулдашкан. Анда Кыргызстан Сох анклавына жол ачууну, Өзбекстан Унгар-Тоону берүүгө даяр экени маалым болот. Сохко жол берүү нааразылык жаратып, бирок кыргыз президенти анклавга коридор берилбей турганын билдирген.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин жарыялап, Өзгөндөгү Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы аянт Өзбекстанга берилерин, анын ордуна башка жактан жер алынарын айткан. Бул Бишкекте, Ошто, Өзгөндүн өзүндө нааразылык жараткан.

Мындан көп өтпөй, апрелдин аягында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кайрадан чыр чыгып, 36 адамдын өлүмүнө алып келген. Ондогон үйлөр өрттөлүп, миңдеген адамдар үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон. Мында жаңжал Баткен районундагы Ак-Суу дарыясындагы "Башкы" же эл оозунда “Головной” деп аталган суу бөлүштүрүүчү жайды талашуудан улам тутанган.

Президент Садыр Жапаров 2-майда кандуу окуяга байланыштуу нейтралдуу кайрылуу менен чыгып, 5-майдагы сөзүндө мындай билдирүү жасаган.

"Биздин мамлекет бардык эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен кызматташууга умтулат. Бирок өз кызыкчылыгыбызды эске алып, башка өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына урмат көрсөтүү менен мамиле жасаганыбыз табигый нерсе. Коңшу өлкөлөр менен чек араларды тактоо маселеси ондогон жылдар бою чечилбей келе жатканы баарыбызга белгилүү. Үстүбүздөгү жылы коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесинде бир бүтүмгө келебиз деген максатты койдук".

2021-жылдын жай айларында президент Садыр Жапаров Дүйшөмбү шаарына барып, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолуккан. Анда жалпы сөз жүргөнү менен чоң жылыш болгону байкалган эмес. Лидерлер андан кийин да бир катар эл аралык уюмдардын платформаларында кездешип, айрым тилкелерди макулдашкан.


Кыргыз-тажик чек арасында ортодо дагы майда жаңжалдар катталып, 2022-жылдын сентябрь айында кайрадан кагылыш болуп кан төгүлдү. 63 кыргыз жараны курман болуп, 206 киши ар кандай жараат алды.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган.

Маркумдар арасында эки тараптан тең балдар бар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кагылышты "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү Бишкекке ушундай эле айып койгон.

Эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топтору улам-улам кездешип, жаңы тилкелерди такташып жатат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мурдараак бул сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин маалымдаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.


Ал арада үч айда чечүү убадасы берилген Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара тилкелерин тактоо да реалдуулукта дээрлик эки жылга созулду.

Былтыр октябрь айынын соңунда Кемпир-Абад суу сактагычынын жер аянты Өзбекстанга берилип жатканына байланыштуу Кыргызстанда нааразылык акциялары өтүп, жыйынтыгында отуздай киши кармалды. Алар "төңкөрүш жасоого аракеттенген" деген шек менен азырга чейин камакта отурушат.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкекке иш сапар менен келип, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө” келишимге жана “Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө” макулдашууга кол койгон.

Эки өлкөнүн парламенттери бул документтерди былтыр ноябрь ичи ратификациялап, президенттер Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаров да кол койду. Мирзиёев быйыл 26-27-январда Бишкекке мамлекеттик иш сапар менен келип, анын алкагында лидерлер келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашты.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери 13% жакыны такталганы 2021-жылдын февралында расмий айтылган. Иш жүзүндө президенттер соңку келишим менен Өзбекстан менен Кыргызстандын чек аралары толук чечилгенин ырасташты.


Президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору Канатбек Азиз Улуттук телерадиокомпаниясынын эфиринде муну чоң жетишкендик катары сыпаттады.

"Ошол эле чек ара маселеси – оңой менен, 30 жылдан бери чечилбеген маселе. Ал чечилди. Кемпир-Абад суу сактагычы деп жатабыз, Өзбекстан аны Анжиян суу сактагычы деп атайт. Ушуга окшогон, керек болсо совет доорунда да чечилбеген талаштарга эки лидер саясий эрки менен чекит коюшту. Натыйжада Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жаңы этап башталды".

Кыргызстан төрт өлкө - Казакстан, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Кытай жана Казакстан менен чек ара сызыгы буга чейин эле толук такталып бүткөн.

Баса, Кыргызстандын азыркы президенти Садыр Жапаров чек аралардагы соңку жаңжалдардын фонунда өлкөнүн коргонуу тармагын чыңдоо да убадасын берген. Кыргыз чек арачыларына бир топ аскердик техникалар, курал-жарактар жана ок-дарылар сатып алынып, учкучсуз учактар келди.

Акыркы маалыматтарга ылайык, түркиялык өндүрүштөгү абадан коргонуучу “Байрактар”, “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” өңдүү заманбап аскерий техникалар сатылып алынды.

“Сөз эркиндиги чектелбейт”

2020-жылы президенттин милдетин аткарып турган маалда өткөргөн басма сөз жыйынында Садыр Жапаров журналисттерди коргоого убада берген. Ал “иликтөөчү кабарчылардын өмүрүнө коркунучтар жаралса, керек болсо мамлекет тараптан сакчы берилерин” айткан.

Шайлоодон утуп чыккандан кийинки басма сөз жыйынында да Жапаров журналисттердин “сизди сындаган маалымат каражаттарын кысымга албайсызбы?” деген суроосуна минтип жооп берген:

“Жок, андай болбойт. Сөз эркиндигин коргоого мен өзүм дагы, толук ынтызармын. Сөзсүз түрдө мен коргойм. Эгерде сиздерге кандайдыр бир куугунтук болуп жаткан болсо, мен болушамын. Бирок мен сиздерден көптөн-көп суранганым, менин сөзүм болобу же башка саясатчынын, өкмөт мүчөлөрүнүн болобу, сөздөрдү кыркып алып, өзүңөрдүн комментарийиңер менен башка жакка сүйрөбөй, эки тараптуу, калыс маалымат жазып тургула. Ошондо эч кандай куугунтук да болбойт. Кандай десем, сиздерден, журналисттерден да жоопкерчиликтүү болушуңуздарды суранат элем”, – деген Садыр Жапаров.

Жапаров ант берип жаткан учурда анын президенттик мөөнөтүндө Кыргызстанда сөз эркиндиги камсыздаларына ишендирген. Ал “президенттик башкаруу адам укугун басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө дегендик эмес” деп кесе айткан.


Бирок “чү” дегенде эле Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда сөз эркиндигине байланыштуу беренелер өзгөртүлүп, мурдагы бийликтин тушунда кабыл алынбай калган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам кайрадан сунушталды. Нааразылыктардан улам бул мыйзамдын аталышы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” деп өзгөртүлгөн. Парламент аны алгач колдобой, экинчи аракеттен кийин гана кабыл алып, президент кол койгон.

2021-жылы “Али Токтакунов МедиаХабынын” журналисти Мээрим Айныкеева атайын кызматтын аңдуусуна кабылганын айтып даттанса, көз карандысыз журналист Канат Каниметов ата-энесин үйүнө келген милиция кызматкерлери коркутушканын, ага кылмыш иши козголгонун айтып чыккан.

2022-жылдын башында иликтөөчү журналист Болот Темиров кармалып, ага "баңгизат колдонгон" деген айып тагылган. Ошол эле тушта аны менен бирге иштешкен төкмө акын, комузчу Болот Назаров да кармалган. Темиров мунун алдында эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев жөнүндө иликтөө чыгарган болсо, Назаров бийликти ыр менен сындап турчу.

Болот Темиров бул иште чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотулганы менен жыл соңунда “жасалма паспорт” боюнча кине тагылып, Орусияга депортация болду. Болот Назаров болсо “жылкы уурдоого” айыпталып, бир нече ай тергөө абагында жатып чыкты.


Былтыр Kaktus.media сайтындагы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал тууралуу маалыматка байланыштуу кылмыш иши козголгон. Атайын кызмат “басылма Кыргызстан биринчи ок чыгарды деп жазган” деген кине такса, сайт аны төгүндөгөн. Ошол эле жылы август айынын аягында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 24.kg cайтын эки айга бөгөттөө тууралуу чечим чыгарып, аз убакыттан кийин кайра ачкан.

Өлкөдөгү эркин медианын бири саналган Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев медиа чагылдырган материалга байланыштуу жети ай тергөө абагында отурду. Дагы бир журналист Куттумидин Базаркулов кызматынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып, ушунча мөөнөт тергөө абагында жатты.

Бийликке сын айткан саясатчы, жарандык активисттердин билдирүүлөрүн социалдык баракчаларына жайгаштырып, ар кандай саясий окуяларды түз эфирде чагылдырып жүргөн 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев төрт ай камалып, кийин үй камагына чыкты. Бир топ жыл эркин гезиттерде уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция боюнча макалаларды жазып жүргөн 41 жаштагы Семетей Талас уулу Фейсбуктагы посту үчүн 48 саатка камалып, кайра бошотулду.

Журналист Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка камалып, эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат менен ооруканага жаткырылса, УКМК журналист Канат Каниметовго саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу социалдык тармакка жазган пикири үчүн эскертүү берген. Ага чейин блогер Бакмурат Токтогулов атайын кызматта сурак берип, эскертүү алган.

2022-жылкы жапырт камоодо саясий баяндамачы, аналитик Айданбек Акматов, блогерлер Эрлан Бекчоро менен Атай Бейшенбек дагы кармалган. Быйыл жыл башында болсо Бишкек шаардык соту жарандык активист Адилет Балтабайды камакка алды. Ага мурда "жапырт башаламандык" тууралуу айып тагылып, пробациялык жазага тартылган болчу.


Былтыр октябрь айынын башында “Азаттык” радиосунун кеңсесинин алдында медианы жабууну талап кылган митинг өтүп, ошол эле айдын аягында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги радионун сайттарын жапты. Өкмөттүк мекеменин бул чечими "Настоящее время" каналынын кыргыз-тажик чек арасындагы материалына байланыштуу кабыл алынды. Ноябрда радионун эсеби жабылса, министрлик быйыл январда радионун ишин биротоло токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылды. Ал райондук сотто 9-февралда каралмай болду.

Ушунун бүт баары азыркы бийликтин медиа коомчулукка жана сөз эркиндигине байланыштуу мамилеси убада бергенден башкача болгонун айгинелеп турат.

Саясий талдоочу Аида Алымбаева сөз эркиндигинин абалы тууралуу буларды айтты:

“Менимче бийлик бардык фронтто бураманы буроосун уланта берчүдөй. Медиага да, активисттерге да, баарына кысым жасай берет. Бийлик баарын өтө катуу коркутуп алгысы келип жатат. Себеби, экономикалык планда да, социалдык планда да иши анча жакшы кетпей жатканын түшүнүп турат. Орусиядагы кымбатчылыкка байланыштуу мигранттардын айласыз кайтышы, өлкөдөгү кымбатчылык жана башка нерселерге байланыштуу нааразылыктар өсүп жатат. Ошондуктан бийлик өзүнүн позициясын бекемдеп, кичине эле сындаган кишинин баарын камоого өттү. Оппозиция дээрлик жокко эсе, бейөкмөт уюмдар алсызданды. Ошол тушта бир гана медиа бийликти сындап жатат. Бийлик ошол себептүү медиага чабуулун күчөттү”.


“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык өкмөттүк эмес уюму жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинин жылдык рейтингин чыгарган баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, 180 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 72-орунду ээледи. Кыргызстан 2020-жылы 82-орунда, 2021-жылы 79-орунда болчу.

“Саясий куугунтук болбойт”

Албетте, сөз эркиндиги бир эле жалпыга маалымдоо каражаттары жана журналисттерге гана тиешелүү нерсе эмес. Ал ар бир жарандын эркин сүйлөө укугу, адамдардын коомдук жайларда, социалдык түйүндөрдө, саясатта өз пикирин эркин билдирүү укугу.

Бул жагынан алганда президент Садыр Жапаров өзүн сындаган атаандаштарын, активист жана саясатчыларды да куугунтукка албоого убада берген. 2020-жылы октябрда премьерликке шайланып жаткан учурда, ноябрдагы басма сөз жыйынында ушул тууралуу суроолорго жооп берген. Жапаров анда кезинде өзү да саясий куугунтукка кабылып, камалганын, эми андайга жол бербей турганын кеп кылган.

“Мен, тескерисинче бардыгына “эч кимди камабагыла” деп айтып жатам. “Куугунтуктабагыла” деп жатам. Бири-бирибиз менен чабышып жүрүп, 30 жылдан бери мамлекетибизди сазга батырган экенбиз. Эми андан көрө саясатты таштайлы дагы, экономика менен алектенели деген оюм бар. Убактыбызды ошого коротолу. Саясий куугунтук кылгандан, бирөөлөрдү камагандан, түрмөлөрдү толтургандан, эч кандай пайда таппайбыз. Муну мен адилетсиздикти, мыйзамсыздыкты көргөн, бир эмес, эки жолу камалып чыккан киши катары жакшы билем. Мен аны жон терим менен сезген адаммын. Ошону үчүн саясий куугунтук, журналисттердин, жарандардын пикири үчүн куугунтук болбойт. Мурда Фейсбуктагы посту үчүн кечирим суратышчу, эми мындан ары андай болбойт”, – деген Садыр Жапаров 2020-жылдын 12-ноябрында.

Деген менен саясатчы-активисттер да Жапаровдун иш мөөнөтү башталгандан тартып эле камала баштаган. 2021-жылы кармалган атайын кызматтын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев бир жылдан ашуун абакта жатып, 4 миллион сом айып пул төлөгөн соң үй камагына чыкты. Башкы прокуратура ага каршы жалпысынан алты кылмыш иши ачылганын билдирген.

Жетим-Тоо кенинин казылышына жана Конституциянын өзгөртүлүшүнө каршы чыккандардын бири Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) 2021-жылы мартта тергөө абагына камалган. Мунун артынан эле саясатчы Жеңиш Молдокматов Октябрь окуяларында атайын кызматтын имаратын басып алууга аракеттенген деп шек саналып, тергөө абагына киргизилет.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, анын штабында иштеген Алмаз Сарыбаев "бийликти күч менен басып алууга даярданып жүргөн" деген шек менен кармалган. Ушул эле иштин алкагында ондогон саясатчылар сурак берген.

2021-жылы ноябрь айларында бийликти күч менен басып алууга шек саналып кармалган ошол кездеги парламент депутаты Бакыт Жетигенов баш болгон Бекназар Купешов, Алмаз Сарыбаев, "Чүй ынтымагы" жана "Эл ынтымагы" биримдигинин айрым өкүлдөрү ар кандай шарт менен бошотулган.

2021-жылы декабрь айында "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренесине айыпталып кармалган экс-депутат Бактыбек Калмаматов бир айдан кийин үй камагына чыкты.

Саясатчы Равшан Жээнбеков 2021-жылы эки жолу кармалып, кайра коё берилген. Бирок кийин Кой-Таш окуясы боюнча башаламандык уюштуруу, адамды барымтага алуу, тергөөчүгө каршылык көрсөтүү сыяктуу тогуз берене менен айыпталып, камакка алынган. Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров чек арага байланыштуу кылмыш иштердин алкагында бир нече жолу сурак берди.

2022-жылы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын тактап, макулдашууда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшү кыргыз коомунун айрым бөлүгүндө нааразылык жаратты. Анын айынан жапырт башаламандык уюштурууга даярдык деген шек менен бир катар оппозициялык саясатчылар, журналисттер, жарандык активисттер жана коомдук ишмерлер камакка алынган.

Ошентип, Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй жапырт камоонун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Эрлан Бекчоро уулу, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов, мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов камакта жатат. Нурлан Асанбеков менен Талантбек Эшалиев үй камагында. Булар менен чогуу кармалган экс-депутат Канатбек Исаев да үй камагына чыккан.

Адистер сын пикир айткан кишилер чекеден камала берип, парламентте да, анын сыртында да оппозиция калбаганын, иш жүзүндө Кыргызстанда демократия формалдуу түрдө гана сакталып калганын белгилеп жатышат.

Публицист жана адабиятчы Эсенбай Нурушев ушул өңүттөгү пикирин “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасында айтты:

“Биз “постдемократия” дегенде жашап жатабыз. Бул деген эмне? Мында демократиялык бардык институттар бар. “Мына бизде, оппозиция бар, бизде момундай сындап турчу көз карандысыз нерселер бар” деп көрсөтөт. Бирок демекратиянын эч кандай мыйзамдары, эч бир эрежелери иштебей калат. Башкача айтканда, бул жөн гана кожо көрсүн. Бул өзү өтө жөнөкөй, өтө сыпайы диктатуранын бир түрү”, – деди ал.


“Мигранттарды кайтарам”

Садыр Жапаровдун “чет жакта иштеген кыргыз жарандарын Кыргызстанга кайтаруу” тууралуу чакырыгын балким, анын эң белгилүү убадаларынын бири катары атасак болот. Бул жөнүндө ал шайлоодогу үгүт маалында көп жолу айткан. Инаугурацияда да кеп кылган.

“Демек, күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумушчу орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыздоону, миңдеген мигрант мекендештеримди кайтарып келүүнү президент катары милдетим деп эсептейм”, – деген Жапаров 2021-жылдын 28-январында.

Президент ант бергендин эртеси, 29-январь күнү алгачкы беш жарлыгын чыгарса, анын бири “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө” деп аталган. Анда кыргыз эмгек мигранттарын ар тараптан колдоо, аларды кайтаруу үчүн кошумча жумуш орундарын түзүү, балдарын камкордукка алуу сыяктуу нерселер камтылган.

Соңку эсептерге ылайык, Кыргызстандын 1 миллион 118 миң жараны чет жакта иштеп жүрөт. Анын миллиондон ашыгы Орусияда, калгандары башка өлкөлөрдө.


Албетте, анын баарын кыска мөөнөттө кайтаруу кыйынга турат деңизчи. Анүчүн экономика кескин өсүп, миңдеген жумуш орундары түзүлүшү керек. Бирок баары бир кандай аракеттер көрүлүп жатат? Болбосо бул убада канча убакытта аткарылышы мүмкүн?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун директору Алмаз Алыбаевдин жообу:

“Президентибиз кабыл алган тиешелүү жарлыгында “тез арада миграциялык саясаттын концепциясын кабыл алгыла” деген тапшырма койгон. Биз аны ошол эле жылы иштеп чыктык. Бул тармакта дээрлик он жылча концепция жок иштеп, баары башаламан болуп келген. Биздики концепциянын негизинде төрт жылдык иш план түзүлүп, баары ырааттуу жүрүп жатат. Анын ичинде мигранттарды кайтарып, Кыргызстанда жумуш орундарын түзүп берүү жана миграциялык багытты реинтеграциялоо иш-чаралары каралган. Бул бир-эки жылда эле чечиле турган маселе эмес. Эгерде бардык мигранттар өлкөгө кайтса, Кыргызстандын эмгек рыногу азыр ашыкча жумуш күчүн обсервация кылып, өзүнө сиңире албайт. Мигранттарыбызды кайтаруу үчүн кеминде 5-10 жыл убакыт керек, ошол убакка чейин президенттин бул багыттагы убадасын аткара алабыз деп ойлойм”.


Акыркы эки жылда тескерисинче жарандар расмий келишимдер менен чет жакка иштегени жөнөтүлө баштады. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги атайын кепилдик менен Улуу Британияга, Түштүк Кореяга жүздөгөн жумушчуларды жиберди. Германия, Финляндия, Жапония жана Перс булуңундагы жети-сегиз мамлекет менен келишим түзүлдү.

Айрымдар бул чараны “бийлик мигранттарды кайтарбай, тескерисинче дүйнөгө таратып жатат” деп баалашууда. Бирок өкмөт өкүлдөрү мамлекеттин кепилдиги менен жөнөтүлүп жаткан мигранттар кайра кайтып келүү үчүн баратышат” деп түшүндүрүүдө. Буга өнүккөн өлкөлөрдө биротоло калууга дээрлик мүмкүн эместиги жана документтери ага жол бербей тургандыгы жүйө келтирилет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG