Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:24

Кыргызстан Перс булуңундагы портту кантип пайдаланат?


Бириккен Араб Эмиратындагы порттордун бири.
Бириккен Араб Эмиратындагы порттордун бири.

Кыргыз өкмөтү Бириккен Араб Эмираттарынын порттору аркылуу деңизге чыгууга шарт түзүлгөнүн жарыялады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эмираттагы AD Ports Group жана Maqta Gateway ири компаниялары менен келишимге койгону 14-декабрда кабарланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров макулдашууларга кол коюлушун тарыхый күн катары баалап, "өлкөгө кубаттуу экономикалык бурулуш жасоого жардам берерин" айтты.

Экономика жана коммерция министрлиги менен AD Ports Group компаниясынын кол койгон келишимине ылайык, эмираттык компания Абу Дабидеги Халифа Портко (Khalifa Port) жакын жайгашкан КЕЗАД – (Khalifa Economic Zone Abu Dhabi (KEZAD) эркин экономикалык аймагында 300 000 чарчы метрден ашык жерди бөлүп берди. Бул жайды кыргызстандык ишкерлер эркин экономикалык аймак катары колдонуп, товар өндүрсө болот.

Мындай шартта ал порттон жүктөр үчүнчү өлкөлөргө пошлинасыз экспорттолорун экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Азаттыкка" билдирди.

"Биздин жүктөрдү порттордо тейлегенге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Негизи бул биздин транспорттук-логистикалык компанияларга жеңилдик болот. Анткени биз буга чейин Ирандын Бендер-Аббасы менен да сүйлөшүп жатпадык беле. Азыр биз үчүн деңизге чыгуу негизги милдет болуп жатат. Биз эки приоритет – инвестиция жана экспорт болот дебедик беле. Алгач экспорттун логистикасын чечишибиз керек. Кытай менен да соода алмашуунун көлөмү тездик менен өсүп жатат. Андан тышкары "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолу ишке кирсе, биз жүк ташуунун борбору болушубуз керек. Ошол үчүн логистикалык компанияларга шарт түзүп беришибиз керек", - деди Амангелдиев.

Маалыматта Maqta Gateway компаниясы Кыргызстандын Финансы министрлиги менен да макулдашууга кол койгону, эми эмираттык компания бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны, анын ичинде улуттук бирдиктүү терезени түзүү аркылуу модернизациялоо жана санариптештирүү стратегиясын демилгелей турганы айтылат.

Бул макулдашууларга кол коюу чечими президент Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына жумушчу сапарында белгилүү болгон. Кыргыз өкмөтү порт боюнча 14-декабрда кол койгон макулдашуунун арты менен жүк ташыган ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүлөрүнөн үмүт артып жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация 12-декабрда иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына барган. Абу-Даби шаарында өткөн Экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык жыйынына да катышып, эки өлкөнүн алакасы жаңы демге ээ болгонун, ортодогу соода алмашуунун көлөмү артканын айткан.

"Өткөн жылы эки тараптуу сооданын көлөмү дээрлик 70 млн. АКШ долларын түзсө, үстүбүздөгү жылдын 8 айында 69 млн АКШ долларын түздү. Биз бул жагымдуу динамиканы сактап гана тим болбостон, аны мындан ары да бекемдөө үчүн биргелешип иш алып баруубуз керек", - деген Жапаров.

Ал Кыргызстан БАЭге эт азыктарын, экологиялык жактан таза жашылча-жемиштерди, бал, кургатылган мөмө-жемиштерди, төө буурчакты, консерваланган продуктуларды жана кийизден жасалган буюмдарды жеткирүү көлөмүн жогорулатууга даяр экендигин белгиледи. Андан сырткары энергетика тармагына түз инвестиция тартуу, ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында кызматташууну мындан ары да арттырууга кызыкдар экенин билдирген.

Акылбек Жапаров БАЭнин экономика министри Абдулла бин Тук Аль-Марри энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль-Мазруи жана Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммед Саиф Аль-Сувайди жана бир катар компаниянын жетекчилери менен жолукканы кабарланды.

Борбор Азияда, деңиз жана океандан алыс жайгашкан Кыргызстан соода-алакаларын көбүнчө ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен жүргүзөт. Кыргыз бийлиги дүйнөнүн эң ири экспортеру, кошуна өлкө Кытайдан реэкспорт кылууда Кыргызстандын потенциалы жогору экенин айтып, мурдагы Жибек Жолун калыбына келтирүүгө, деңизге чыгып, дүйнөнүн көп өлкөсү менен соода алакасын түзүүгө ынтызар экенин белгилеп жүрөт.

Иран өкмөтү 2021-жылы Кыргызстанга Бендер-Аббас портунан товар алып өтүү үчүн транзиттик жер тилкесин бөлүп берген. Анда Тегеран жер тилкеси менен кошо Кыргызстандан чыккан же өлкөгө ташылып бараткан товардын транзити үчүн порттон тийиштүү инфраструктура да бере турган болгон. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргызстандык ишкерлердин жүк ташуусу үчүн бул порттон транзит ачуу иштери жүрүп жатканын былтыр ноябрда билдирген эле.

Кыргызстандагы жүк ташуучулар бирикмесинин төрагасы Темирбек Шабданалиев БАЭдеги порттун берилиши тууралуу буларды айтты:

"Бизге Кытайдын Лянюнган деген порттон жер алгыла дешкен, Пакистандын Карачи деген жеринен да беребиз деп айтышкан. Кийин Бендер-Аббас боюнча да сүйлөшүп жүрүшкөн. Бул үч порттун окшоштугу биз ал жерлерге унаа же темир жол менен бара алабыз. Ал эми Перс булуңуна биз кантип жетебиз? Буга чейин да койдун, уйдун этин алабыз деп келип, баарын жактырышкан. Бирок алып кете алышкан эмес. Анткени бир гана учак менен ташуу керек болгон. Ошондуктан бул жөн гана популисттик аракет".

Шабданалиев Кыргызстан көбүнчө айыл чарба азыктарын, текстиль тармагы боюнча жана алтын экспорттой турганын айтып, портко муктаждык жок деген ойдо. Кытайдан чыккан жүктөрдү кайра экспорттоо жаатында да көйгөй бар экенин айтып, өкмөт ушул тармакка көңүл бурушу керектигин белгиледи.

Казакстандын чек арасынан жүк өткөрүүдө тоскоолдуктар болуп жатканын кыргыз өкмөтү да танбайт. Буга чейин 2022-жылдын бажы алымдарынын аз чогулуп жатканына Орусия менен Беларуска салынган санкциялар таасир эткенин айткан. Ушундай кыйчалыш убакта бийликтин Бириккен Араб Эмираттары менен сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп жатканы санкцияларды кыйгап өткөн, альтернативдүү жолдорду издөө катары да бааласа болот.

Түркияда жана Кыргызстанда ишкердик кылган Айбек Сарыгул бул макулдашуулар азыр көп пайда алып келбегени менен келечек үчүн маанилүү деген ойдо. Бирок Кыргызстан порт аркылуу пайда көрүүнү кааласа, темир жол тармагын да жаңылашы керектигин айтты.

"Кыргызстандын Дубайдын портунда жеринин болушу дүйнө соодасына аралашуусуна түрткү берет. Бирок бул 2-3 жыл ичинде пайда бербейт. Буга чейин Бендер-Аббас жана Иран тараптан да жер берилди, келишим түзүлдү деп айтылган. Бирок ал жетишсиз болуп, ошол жердеги портторду байлаш керек болду окшойт. Бул тармакта иштеш үчүн Кыргызстандын өзүнүн темир жолунда дүйнөлүк аренага чыга турган контейнерлери болбогондон кийин кайра эле Өзбекстандын, Орусиянын контейнерлерин колдонуп гана ошол жакка чыга алабыз. Өзүбүздүн транспортубуз болбогон соң портто жерибиздин болгонунун канчалык мааниси бар? Ошондуктан бул багытта "Кыргызтемиржолу" ишканасы көп иштеши керек, жаңыланууга барып, Иран, Өзбекстан, Түркмөнстан менен эки жактуу келишимдери болушу керек".

Кыргыз бийлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу менен Европа өлкөлөрүнө, порт аркылуу дүйнөнүн көп өлкөсүнө жүк экспорттоого жол ачыларын кайталап жүрөт.

2022-жылдын 9 айында Кыргызстандын жалпы экспортунда Орусиянын үлүшү 35,6%, Казакстандыкы 24,7%, Өзбекстан 11,6%, Түркия 7,3%, Бириккен Араб Эмиратынын үлүшү 5,2 пайызды түзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG