Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:46

HRW баяндамасы: Бишкекке бир нече сын айтылды


Кемпир-Абад иши боюнча абакта отургандарды бошотуу талабы менен чыккандарды кармоо учуру. 10-январь, 2022-жыл. Бишкек.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму Кыргызстанда бийлик адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча берген убадаларына карабастан сын айткандарга жана жарандык коомго басым кылып жатканын билдирди.

Бул тууралуу уюмдун 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жарыялаган баяндамасында жазылып, ага бир нече мисал келтирилди. Кыргыз бийлиги буга окшогон сын - дооматтарды четке кагып, өлкөдө пикир айтуу эркиндиги бар экенин билдирип келет.

HRW: сөз эркиндигине басым күчөдү

Human Rights Watch укук коргоо уюмунун 2022-жылдын жыйынтыгына арналган баяндамасы 12-январда жарыяланды.

Анын Кыргызстандагы талдоосунда бейөкмөт уюмдар, абактагылардын абалы, үй-бүлөлүк зомбулук, жарандык жана саясий укуктар, сөз эркиндиги жана майыптыгы барлардын укуктарына баа берилди.

Алгач сөз эркиндиги тууралуу кеп кылсак. Уюм Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги талаш жараткан “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам менен “Азаттыктын”, ResPublica порталынын сайтын соттун чечими жок эле жаап салганын сынга алды.

24.kg маалымат агенттигинин да сайты бөгөттөлүп, кийин чечим жокко чыгарылганын эске салды

Былтыр ResPublica гезитинин сайты эки айга жабылган. Министрлик 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жаап, андан бери коюлган бөгөт алына элек. Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигин чектөөнү алууга чакырып келет.

Өлкөдөгү эркин медианын бири саналган Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев жети ай тергөө абагында отурду.

21-сентябрда сот аны күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерип, бошоткон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага “улут аралык кастыкты козуткан” деген айып коюп, каналдын эфири үзгүлтүккө учураган.

Ноябрь айында иликтөөчү журналист Болот Темиров "Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган" деген негиз менен Орусияга күч менен чыгарылды.

Журналист муну кесиптик ишмердигине байланыштырат. Уюм бул эки окуяны да сөз эркиндигине басым деп баалады.

Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова өткөн жылдагы өлкөдө адам укуктарынын сакталышы жана сөз эркиндиги тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди.

“Жакшы эмес окуялар болгонун көрүп турабыз. Ошол эле Болот Темиров өлкөдөн чыгарылды, активист, блогерлер камалды. Шектүүлөрдүн баарын эле жапырт камаган болбойт. Мисалы, Бангкок тартиптеринде жана биздин Жаза процессуалдык кодексте да “ар бир учур өзүнчө каралышы керек. Адам качып кете турган болсо, тергөөгө басым кылса камалат” деп жазылган. “Аялдарды да дароо камаганга болбойт. Өзгөчө оор иштерде камалат. Бирок анча узак мөөнөткө эмес” деп так белгиленген”.

Human Rights Watch баяндамасында Кыргызстандагы жапырт камоолор тууралуу да сөз болгон.

Ушул тапта Кемпир-Абад иши боюнча 24 оппозициялык саясатчы, активист жана эркин журналисттер 2022-жылдын октябрь айынан бери тергөө абагында жатат. Алардын алтоо аялдар. Дагы эки киши үй камагында. Абактагылар муну саясий куугунтук катары бааласа, бийлик алар “өлкөдө башаламандык уюштурмак” деп эсептейт. Камалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев эл аралык уюмдун адам укуктары тууралуу баяндамасы боюнча мындай деди:

“Чет өлкөлүк ар кандай эл аралык уюмдар өз кызыкчылыктарын таңуулап келатышат. АКШ 300 жылдан бери демократияны орнотууга аракет кылып атат. Бизге болсо 30 эле жыл болду. Кыргызстанда укук менен демократиялык көз караштын айырмасын коом толук түшүнө элек. Укуктук мамлекет куруу үчүн биринчи мыйзамды так сактаганды үйрөнүш керек. Кыргызстанда сөз эркиндиги бар. Маселе мыйзамды сактабаганда болуп атат. Бизде адамдын кадыр-баркын тебелеп-тепсөө катардагы эле көрүнүш болуп калды. Муну да демократия деп коюшат. Бизде сөз эркиндиги бар”.

Ал тапта Бишкек шаардык сотунун 12-январдагы чечими менен жарандык активист Адилет Али Мыктыбек (Адилет Балтабай) кайра камакка алынды. Анын адвокаты Такен Молдакулов билдиргендей, шаардык сот Биринчи май райондук сотунун былтыр ноябрдагы пробациялык көзөмөл боюнча чечимин жокко чыгарды. Эми ал пробациялык мөөнөт бүткүчө камакта болот. Адвокат анын мөөнөтүн тактаган жок.

Адилет Балтабай сот залынан элге кайрылып, пробациянын шартын бузбаганына карабай камалып жатканын айтты:

“Мен бийликтин адилетсиздигине кабылдым, пробациянын шарттарын бузган жокмун. Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын тарапташтары нааразылык акциясына байкоочу катары барсам, ал жактан да адилетсиз кармап кетти. Ушул жума күнү сот белгиленди эле, булар алдын алып, мени бүгүн сот залынан камоо чечимин чыгарышты”, - деди Адилет Балтабай.

Блогер Фейсбуктагы баракчасында Бишкекте өткөн казиного каршы митингдерди жана башка нааразылык акцияларын түз эфирде чагылдырып келген. Былтыр 30-июнда милицияга суракка чакырылгандан кийин камалган.

Биринчи май райондук милициясы ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Жапырт башаламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 11-ноябрда аны күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, сот залынан бошотулган.

Бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө аракети

Human Rights Watch 2022-жылы адам укугу, сөз эркиндиги боюнча бир нече жолу тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигине кайрылган. Анын ичинде жарандык коом, бейөкмөт уюмдарга болгон басым боюнча да билдирүүлөр бар.

Уюм бийлик сунуштаган бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору жарандардын эркин чогулуу укугун чектеп, өкмөттүк эмес уюмдарга басымды күчөтөт деп эсептейт.

2-ноябрда президенттик администрация бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Документке ылайык, “чет өлкөлүк бейөкмөт уюм” деген түшүнүк кирип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт. Долбоор колдоо тапса, бардык бейөкмөт уюмдар тизмеге алынат, аларды Башкы прокуратура жана Юстиция министрлиги толук көзөмөлдөйт, каржылык текшерүү күчөйт, айрымдарына мамлекет колдоо көрсөтө алат.

Андан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова “Чет элдик өкүлдөр жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап жатат.

Тынч жыйындарга салынган тыюу

Human Rights Watch Кыргызстанда Бишкектин борбордук райондорунда акцияларды өткөрүүгө тыюу салынышын да сынга алды. Уюм мындай чечимдер ар дайым ачык жарыяланбай элдин тынч жыйындарга чогулуусуна тоскоолдук болуп жатканын билдирди.

Жакында эле милициянын Бишкектин Биринчи Май районунун аймагында митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимдин 31-мартка чейин узартылышын райондук сот мыйзамдуу деп тапты.

Ага ылайык, Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин, президенттик администрациянын, Жогорку соттун, УКМКнын, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имараттарынын тегерегинде, Эркиндик бульварынын Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилкесинде жана Таттыбүбү Турсунбаева атындагы бакчада акция өткөрүүгө уруксат жок. Ушуну менен мындай чектөө киргенине мартта бир жыл болот.

“Конституцияда адамдардын эркин чогулушуна уруксат берилери так айтылган. Бул жарандардын укугу. Сот аны чектеп жатканы мыйзамсыз. Буга чейин эле Кыргызстанда элдин үнү бийликке жетиш үчүн митингге чыгыш керек болуп калган. Бул азыр да иштейт. Анткени бийлик митингдин гана “тилин” түшүнөт. Ушул аркылуу гана сигнал кабыл алат. Азыр бийлик ага да чектөө койду. Эми болсо баары жакшы, өнүгүп атабыз, башка пикирди, алтернативдүү ойду кабыл албайбыз дегенге өтүп алды”, - деди саясат талдоочу Руслан Акматбек.

Жабык жайлардагы абал

Уюм Кыргызстандагы жабык жайлардагы абалга да кайрылып, былтыр УКМКнын тергөө абагында каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдын окуясына токтолду.

Human Rights Watch Кыргызстандагы Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго шилтеме берип акыркы үч жылда өлкөдөгү убактылуу кармоочу жайларда жана абактарда 151 адам каза болгонун билдирди. Борбор 2021-жылы кыйноолорду жана ырайымсыз мамилени жасагандардын 76% ашыгын милиция кызматкерлери түзөрүн кабарлаган.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков жабык жайлардагы абал боюнча буларды айтты.

“Мыйзам оор илдетке чалдыккандарды абактан бошотууга жол берет. 2022-жылы Жазаларды аткаруу кызматы абактагыларды дарылай турган жаңы оорукана салды. Анын ичинде заманбап медициналык жабдыктар бар. Ал эми ИИМдин кызматкерлерине жазылган арыздар боюнча бул мурдатан келаткан тенденция. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Кыргызстанда көптөгөн жабык жайларда айыптууларды кармаганга болбойт деп кайталап келет. Анткени шарт жок. Ошо эле кезде шарт түзүүгө аракеттер болуп жатат. Бирок бул шарт толук түзүлдү адамдарды кармаса болот дегенди билдирбейт. Буга чейин курулган имараттар Кыргызстандын да, эл аралык мыйзам, талаптарга да жооп бербейт”.

Аялдардын укугу

Мындан тышкары Кыргызстанда майыптыгы барларга ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөк пулдар көбөйтүлгөнү менен, бийлик алардын укуктары боюнча милдеттенмелерин толук аткарбай келатканы белгиленген.

Реабилитациялык борборлор жетишсиз экени, майыптык күбөлүгүн алуу үчүн пара берүүгө аргасыз болгон учурлар бар экени айтылат.

Ал эми үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча маанилүү кадамдар жасалганы менен, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбү сотко жетпей, жабылып калып жатканы сөз болду. Алар сот адилеттигине жетүүдө көптөгөн тоскоолдуктар бар экени, баш калкалоочу жайлар жетишсиз болуп жатканы белгиленди.

“Бул уюмдарды эл аралык коомчулук тааныган. Алардын пикирин такыр эле эске албай койгон болбойт. Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан, чет мамлекеттерден ар дайым каржылык колдоо алабыз. Биз башка өлкөлөр менен тең ата сүйлөшүп туруу үчүн Кыргызстандын адам укуктары боюнча көрсөткүчтөрү жакшы болушу керек. Эл аралык уюмдар мамлекеттин адам укуктарына кылган мамилесине карап сүйлөшөт. Ошондуктан көзгө илбей “өзүбүз билебиз” дегенден алыс болуш керек. Ошол эле кезде ар бир мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы бар. Биз ошону эске алуу менен иштешибиз керек”, - деди акыйкатчы Атыр Абдрахматова.

Башкы кеңсеси АКШда жайгашкан Human Rights Watch уюму дүйнөдөгү 70тен ашуун өлкөдө адам укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүп, иликтеп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG