Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Шаардык соттун чечими менен блогер Адилет Балтабай камакка алынды


Адилет Балтабай.
Адилет Балтабай.

Бишкек шаардык сотунун 12-январдагы чечими менен жарандык активист Адилет Али Мыктыбек (Адилет Балтабай) камакка алынды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" анын адвокаты Такен Молдакулов билдирди. Анын айтымында, шаардык сот Биринчи май райондук сотунун былтыр ноябрдагы пробациялык көзөмөл боюнча чечимин жокко чыгарды. Блогердин кайсы жайда кармалары айтылган жок.

Адилет Балтабай сот залынан элге кайрылып, пробациянын шартын бузбаганына карабай камалып жатканын айтты:

"Мен бийликтин адилетсиздигине кабылдым, пробациянын шарттарын бузган жокмун. Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын тарапташтары нааразылык акциясына чыкты эле, байкоочу катары барсам ал жактан да адилетсиз кармап кетти. Ушул жума күнү сот белгиленди эле, булар алдын алып, мени бүгүн сот залынан камоо чечимин чыгарышты", - деди Адилет Балтабай.

Бишкек шаардык соту азырынча расмий маалымат бере элек.

Блогер Фейсбуктагы баракчасында Бишкекте өткөн казиного каршы митингдерди жана башка нааразылык акцияларын түз эфирде чагылдырып келген. Былтыр 30-июнда милицияга суракка чакырылгандан кийин камалган. Биринчи май райондук милициясы ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Жапырт башаламандык") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 11-ноябрда аны күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, сот залынан бошотулган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG