Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Орусияда эки миңдей кыргыз жараны камакта отурганы, алардын 30% аялдар экени айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда эки миңден ашуун кыргыз жараны камакта отурганын 12-январда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына таянып Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев билдирди.

Депутат алардын 1001и Орусиянын тергөө абактарында, дагы 1078и түрмөлөрүндө отурушканын, андан сырткары кылмыш иши козголуп, каралып жаткандар да бар экенин былтыркы жылдын үчүнчү кварталындагы расмий маалыматка таянып айтты. Анын белгилешинче, кеп баш-аягы 5 миңдей кыргыз жараны тууралуу болууда.

Нурбаевдин айтымында, камактагылардын 30% аялдар:

“Элестетиңиздер, 2 миң киши болсо да, анын 500-600үн түзгөн кыз-келиндерибиз ошол жерде кандай күн көрүп жатат”.

Депутат Нурбаев өткөн аптада Москвада болуп, эмгек мигранттарынын абалы менен таанышып, элчиликтин жана башка мекемелердин өкүлдөрү менен бирге Орусиядагы кыргыз жарандарынын көйгөйлөрүн, проблемаларды чечүү жолдорун талкуулап келген.

12-январдагы парламенттик отурумда ал иш сапарынын жыйынтыгы боюнча депутаттарга маалымат берди.

Расмий эсепте 7 миллион калкы бар Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG