Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Герасимов Орусиянын Украинадагы күчтөрүнүн командири болду


Валерий Герасимов жана Сергей Суровикин.
Валерий Герасимов жана Сергей Суровикин.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал Валерий Герасимов Украинада согушуп жаткан орус күчтөрүнүн биргелешкен тобунун командачысы болуп дайындалды. Бул тууралуу 11-январда расмий кабарланды.

Коргоо министрлиги муну "жетекчиликтин деңгээлин жогорулатуу жана милдеттердин масштабынын кеңейишине байланыштуу" деп түшүндүрдү.

Мурдагы командир Сергей Суровикин анын орунбасары болот жана Аэрокосмос күчтөрүнүн командачысы кызматында кала берет.

Герасимовдун дагы эки орунбасары армиянын жердеги күчтөрүнүн башкы командачысы генерал Олег Салюков жана Башкы штабдын башчысынын орунбасары генерал-полковник Алексей Ким болот.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага басып киргенден бери "атайын операция" болуп жатканы айтылган аймактарда бир дагы аскер тобунун командирлик кызматы болгон эмес. 8-октябрда командир болуп Сергей Суровикин дайындалган.

Украинанын энергетикалык инфратүзүмдөрүнө сокку уруудагы тактика ага байланыштуу экени айтылып жүрөт. Суровикин дайындалгандан көп өтпөй орус аскерлери Херсондон жана Днепрдин оң жээгинен чегинген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG