Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:10

ИИМ Бишкектеги акцияда 27 киши кармалганын билдирди


Бишкек. 10-январь, 2022-жыл.
Бишкек. 10-январь, 2022-жыл.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы бүгүн, 10-январда Бишкекте өткөн акциянын катышуучуларынын кармалышы тууралуу маалымат берди.

Мекеме акцияда 27 адам кармалганын, буга Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (Эски аянт) митинг өткөрүүгө тыюу салынганы тууралуу эскертүүгө карабай алар жүрүштү улантканы себеп болгонун билдирди.

Маалыматка караганда, кармалгандарга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 139-беренеси (Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу) жана 128-беренеси (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) боюнча протоколдор түзүлгөн. Министрлик документтер сотко жөнөтүлөрүн маалымдады.

ИИМдин алдына бүгүн Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын жакындары, тарапташтарынан турган жүздөй киши нааразылык билдирип чогулган. Алар абактагыларды үй камагына чыгарууну, тергөөнү бейтарап жүргүзүүнү жана мыйзамдардын сакталышын талап кылган.

Министрликтин алдында акция өткөрүүгө тыюу салынганы эскертилгенден кийин акциянын катышуучулары Горький паркына карай жөнөшкөндө милиция айрымдарын кармап кеткен. Алардын арасында акцияны чагылдырып жүргөн "Политклиника" басылмасынын журналисти Эркайым Асанканова да болгон. Кийин аны милиция бошоткону белгилүү болду.

Ошол жердеги милиция кызматкерлери алар ар кандай чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп, үн күчөткүч менен сүйлөгөндүктөн кармалганын билдиришти.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Биринчи Май райондук сотунун аларды быйылкы жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Бир катар эл аралык уюмдар камактагыларды бошотууга чакырган. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG