Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

Бешимов: Сөз эркиндигине кысым Кыргызстанга терс таасирин тийгизет


Бакыт Бешимов: Кыргыз бийлигине Кремлдин таасири күч
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:24 0:00

Бакыт Бешимов: Кыргыз бийлигине Кремлдин таасири күч

Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал тууралуу АКШнын Бостон шаарындагы Түндүк чыгыш университетинин профессору, дипломат жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бакыт Бешимов менен маекти сунуштайбыз.

- Бакыт мырза, саламатсызбы? Сиз азыр Кыргызстандагы окуяларга сырттан көз салып турсаңыз керек. Бул күндөрү Бишкекке Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен келди. Мында кол коюла турган документтердин бири чек арага байланыштуу болору айтылып келген. Бул маселеге чекит коюлуп калса, Кемпир-Абад боюнча азыркы камакта отургандардын абалына кандай таасир этиши ыктымал?

- Азыр айтыш кыйын. Негизинен Мирзиёевдин Бишкекке келгени жакшы көрүнүш. Анткени региондо мамлекеттер өз ара жакындашса, алака тыгыз болсо, баарына пайдалуу. Бирок чек ара маселеси Кыргызстанда көп талкууларды жаратты. Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан бир топ жарандарды камап салышты. Ошондуктан расмий сапарды да улам кийинкиге жылдырып жатышты эле.

Эми Мирзиёев Кыргызстанга келди. Бирок бул визит азыр түрмөдө отургандарга кандай таасир этерин айтуу кыйын. Себеби мындай суроо жаралат: сөз эркиндигине, мисалы, “Азаттыкка”, жалпы оппозицияга каршы жасалып жаткан кадамдар азыркы кыргыз бийлигинин өздүк саясатыбы? Эгерде азыркы кыргыз бийлиги оппозицияны бүт бойдон жок кылабыз десе, анда Мирзиёевдин келиши камактагыларга көп деле таасир этпейт. Эгер бул Кемпир-Абадга байланыштуу, Мирзиёев келгенде оппозиция көчөгө чыгып тополоң кылбасын эле деген болсо, анда аларды эми бошотуп коёр.

- Өзүңүз белгилегендей, Кыргызстанда аталган суу сактагычтын берилишине каршы отузга жакын саясатчы жапырт башаламандык уюштурууга даярданган деген шек менен камакта отурушат. Алардын мындан аркы тагдыры кандай болушу мүмкүн? Бийлик үчүн деле альтернативдүү ой-пикир айткандарды куугунтуктабай, башкалардын сөзүн деле угуп коюу жолу жеңилирээк болот беле?

- Албетте. Чек араны аныктагандай стратегиялык маанидеги өтө орчундуу маселелерди талкуулаганда бир топ адамдар башка ойду айтса, жактаса, аларга сый-урмат менен эле карап, айткандарын эске алып, анан алдыга илгерилей бериш керек эле. Бардык адамдар бийликтин айтканын бирдей колдоп турушу керек деген ой туура эмес. Кандай болбосун, бул маселе ушуну менен эле биротоло жабылып калбайт. Бир нече жылдан кийин кайра эле козголот да, чыр-чатак ырбайт, дагы эле нааразы болгон адамдар чыга берет. Ошондуктан азыркы бийликтин оппозицияга карата жүргүзүп жаткан саясаты туура эмес, келечеги жок.

- Эмне үчүн бийлик сүйлөшүү, ачык талкуулоо жолун тандаган жок?

- Бул абдан терең, маанилүү суроо. Ага жакшы жооп бериш үчүн жакшы иликтөө жүргүзүү керек. Эмне үчүн бийлик башкача ойлонгон адамдардан коркот? Эмне үчүн оппозициялык күчтөргө шектенүү менен карайт? Биз айрым божомолдорду айтсак болот.

Биринчиден, балким, бир топ каталарды кетиргенин бийлик өзү деле түшүнүп жатат. Балким, бир катар кылмыштуу иштер жасалып кетти. Булар ачыкка чыкпасын деп башкача ойлонгон адамдарды түрмөгө солоп жаткан болушу мүмкүн.

Экинчиден, саясий режимдин ички мүдөөсүнөн тышкары сырткы да кандайдыр бир кысым болуп жаткандыр. Анткени азыркы кездеги кыргыз бийлиги кошуна Өзбекстан, Түркмөнстандын режимдеринин айрым белгилерин алып жаткандай.

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Тажикстандын президенти Рахмон, Казакстандын азыркы президенти Токаев, мурунку Назарбаев жүргүзгөн саясаттан айырмалантпай Кыргызстанда деле ошол нукта башкарабыз, ошондой саясий режим түзөбүз деген максатты көздөп жаткан болушу ыктымал.

- Кандайдыр бир кылмыштарды жаап-жашыруу аракети болушу мүмкүн дедиңиз. Конкреттүү айта аласызбы – кайсы кылмыштар жөнүндө сөз болушу мүмкүн?

- Мисалы, азыркы бийлик Кумтөрдүн алтыны кайда кетип жатканын так айта элек. Жалпы коомго түшүндүрө элек. Атайын холдинг түзүп, ага башчы кылып Бөлтүрүктү дайындап, кийин аны камап койгону көп суроолорду жаратат. Эч кандай жооп жок.

Бир катар коррупцияга малынган адамдарды, мисалы, Райымбек Матраимовду камашты. Бирок аларды акчасын алып эле чыгарып ийишти. Ошол акча каякка жумшалганын коомчулукка ачык айта элек. Ошондуктан улам көп суроолор пайда болууда.

Тажикстан менен болгон согуш жөнүндө айтканда эмне үчүн бийлик "алардын аскерлери эмес, башка бир белгисиз күчтөр кол салды" деген? Ага деле жакшы түшүндүрмө бериле элек. Кыскасы, ушуга окшош суроолор абдан көп. Ошондуктан бийлик өзүнүн катачылыктарын, кылмыштарын жашырып салыш үчүн оппозицияны, жалпы эле башкача ой жүгүрткөн адамдардын тыюуга, жокко чыгарууга аракет кылып жаткан болушу мүмкүн.

Чындыгында мурдагы режимдер да куду ушундай саясат жүргүзүп келгенин баарыбыз билебиз го. Мисалы, “Азаттык” радиосун жаап салуу аракети Акаевдин, Бакиевдин учурунда деле болгон. Кийин Атамбаев да катуу кысым жасаган. Иши кылып, бул жерде сөз эркиндигин жериген отуз жылдан берки саясат улантылып жатканы көрүнүп турат.

- Мен тактоо иретинде айтып коёюн. Кыргыз бийлиги Тажикстан тараптан агрессия болгонун БУУнун трибунасынан айтты эле го?

- Албетте, Садыр Жапаров расмий түрдө ошондой деди. Бирок кийин УКМК башчысы Камчыбек Ташиев "бизге Тажикстандын армиясы кол салган эмес, белгисиз башка күчтөр кирип келген эле" деп салды го. Бул жерде принципиалдуу айырма көрүнүп турат.

- Азыр бул окуялар менен бир убакта Кыргызстанда сөз эркиндигин чектей турган аракеттер жүрүп жатат. “Азаттыкты” жабуу, жарандардын эркин маалымат алуу укугун чектөөгө багытталган кадамдардын кесепетин коомчулук деле улам бир бийлик алмашкан сайын көрүп келе жатат. Бирок бул окуялардан эмне үчүн сабак алынбай келет?

- Бул өтө ойлонто турган маселе. Кыргызстан эгемендик алгандан бери 32 жыл өтсө да, жалпы коом, айрыкча саясий төбөлдөр сөз эркиндигинин баркына жете элек деп ойлойм. Ошондуктан, мисалы, “Азаттыкка” каршы кысым улам эле кайталанып келет.

Отуз жылда эмнелер гана болгон жок. Ошол орчундуу учурларда Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды ар тараптуу, толук чагылдырып турган дал ушул “Азаттык” радиосу эле го. Акаев куулуп Москвага качканда анын сөзүн “Азаттык” элге угузду. Бакиев бийликтен кеткенде да дал ушул радио аркылуу коомчулукка кайрыла алды. Атамбаев оппозицияда жүргөндө да анын ойлорун кеңири жеткирип жатты. Бирок булардын баары бийликте турганда “Азаттыкка” каршы болушкан.

Ошол эле Садыр Жапаров оппозицияда жүрүп, кийин түрмөгө түшкөндө, аны “Азаттык” коргогон. Эмне болуп жатканын элге толук жеткирип турган. Ушул радио аркылуу бул адамдар жалпы өлкөгө таанылды. Бирок бийликке жеткенден кийин радиону кысымга алып жатышат.

- Иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы, бийликти сындап ырдаган төкмө акын Болот Назаровду үч айга чукул абакка камап, эркин маалымат каражаттарын жабуу аракеттеринин башкы максаты эмнеде деп ойлойсуз?

- Негизги максаты – жалпы коомду өзүнүн гана оюна багынтуу. Бийлик кандай ойлонсо, бардык адамдар ошону колдоп турушу керек деген мүдөө. Иликтөө жүргүзүп, тийиштүү далилдерди таап жаткан журналисттерди ошол максатта тыюуга аракет кылып жатышат.

Бул кадамдарды эки эле адамга – Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге байланыштырсак, туура болбой калат. Жалпысынан муун өзгөрдү. Азыр ушул эки кишинин саясатын жактап, аларга каршы ой айткандарды душман катары жектеген идеология болуп жатат. Мунун себебин түшүндүрсө болот.

- Бул ички гана саясатпы же жагдайга тышкы күчтөр да таасир этүүдөбү?

- Албетте, тышкы таасир бар. Анткени Кремль азыр Украинадагы согушта жеңилип жатат. 180 миңдей аскери кырылды. Орусия жалпы дүйнөлүк коомчулуктан четке сүрүлүп жатат. Санкциялар, башка саясий чечимдер болууда. Ошондуктан Орусия Борбор Азияда өзүнүн көзөмөл жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн сактоого умтулат.

Кремлдин көзүн караган бир гана ушул чөлкөм калды. Ырас, Өзбекстан кыйла өз алдынча саясат жүргүзүп жатат. Бирок Орусиянын бүтүндөй регионду көзөмөлдө кармап туруу аракети улантылууда. Албетте, кысым бар.

- Анда ошол чектөө, тыюу, жаап салуу аракеттери тышкы дүйнөдө кандай кабылданып жатат? Мунун кесепети кандай болушу мүмкүн?

- “Азаттыкка” каршы чабуулду жалпы дүйнөлүк коомчулук терс кабыл алды. Кыргызстандагы саясий абал начарлап жатат деп баа берүүдө. Албетте, тиешелүү жыйынтык чыгарылат. Бирок азыр кыргыз бийлиги көбүнчө Орусия жана Кытай менен алаканы бекемдейбиз деп ошону менен эле чектелип калууда, менимче.

Бул алыска кетчү жол эмес. Ошондуктан бүткүл дүйнө – ошол эле Европа, Америка менен, Азиянын башка мамлекеттери болгон мамилени да ойлоо керек. Кыргызстан бардык жактардан өзүнө пайда издеп, эч ким менен касташпай турганы оң деп ойлойм.

Эгер азыркыдай чектелип, сөз эркиндигине каршы кысымды күчөтө берсе, “Азаттыкты” жаап салууга аракетин токтотпосо, бара-бара бул учурдагы саясий режимге эле эмес, жалпы Кыргызстандын абалына терс таасир этет.

- Азыркы бийликке келгендер абак азабын өздөрү баштан өткөрүшкөн, жакшы билишет. Бирок эмнеге кайра эле мурункулардын каталарын кайталап жатат? Эмне үчүн диалог жолунан качат? Сүйлөшүү, мунаса кылуу мүмкүнчүлүгү барбы?

- Сүйлөшүү жолу дайыма бар, бул эң туура жол. Анткени убакыт-сааты жеткенде бул кишилер деле бийликтен кетет, андан ары эмне болорун азыр эч ким айта албайт. Бирок өзүнө жок жерден душман арттырып, бир канча адамдардын тагдырына балта чаап, түрмөгө камап, кыйнап, сөз эркиндигине кысым кыла берсе, бул акыры өз башына таш болуп тийет.

- Азыр бийлик экономика, климат маселелери боюнча бир катар эл аралык уюмдарга кайрылып, демократиялуу өлкө экенибизди айтып, кызматташууга үндөп жатат. Ошол эле учурда бир колу менен сөз эркиндигин да муунтуп жатат. Эл аралык коомчулук деле буга көңүл буруп, тыянак чыгарабы?

- Албетте. Азыркы убакта Кыргызстанда демократиянын элементтерин эркин басма сөз сактап турат. Бирок бийликтин буга мамилеси кандай экенин “Азаттыкка” карата жасалып жаткан кадамдарга байланыштуу дүйнө коомчулугу билип калды. Бийлик Кыргызстандын элин бир-эки жыл алдашы мүмкүн, бирок дүйнөлүк коомчулукту алдай албайт. Албетте, дүйнөлүк коомчулук тийиштүү жыйынтык чыгарат.

Сиз айтып кеттиңиз го, булар өздөрү түрмөнүн азабын тартып адилетсиздикти жон териси менен сезип чыгышкан болсо да бийликке келген соң мурункулардын жолун улантууда деп. Тилекке каршы, бийликтин даамы өтө ширин, ал байыганга, даңазалуу болгонго чоң мүмкүнчүлүк берет. Бирок бийликке жеткендер туура эмес саясат жүргүзсө, бийлик өзүнчө эле капас болорун унутпашы керек. Мисалы, мурдагы президенттер эмне болду эле?

Биз мурункулардын катасын кайталабайбыз деп кайра-кайра айтып жатышат. Бирок, тилекке каршы, ката кетиришти. Бир күнү ошонун жообун беришет сөзсүз.

- Дүйнөдөгү окуяларга көз чаптырсак. Азыр Украинадагы согуш Европа, Америка аралашкан кеңири геосаясий тирешке айланды. Бул согуш Борбор Азияга кандай таасир этиши мүмкүн? Ушул жагдайда Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатын туура жүргүзүү үчүн эмнелерди эске алышы керек?

- Бул суроо эки бөлүктөн турат. Тышкы саясат жөнүндөгү бөлүгү өтө татаал. Кыргызстан биринчи кезекте өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын жакшы аныктап алып, анан ошону коргошу керек. Бардык тараптар менен өз ара пайдалуу мамиле түзүшү зарыл. Мунун ичинен түрк мамлекеттери менен жакшы алака жүргүзүшүн мен жактайт элем.

Согуштун Орусияны каатчылыкка кептеген таасири күчөй берет. Кремлдин Евразиядагы саясий абалы өзгөрөт. Бул жагдай Кыргызстанга сөзсүз таасир этет. Кыргызстан бул жагдайда өзүнүн турумун канчалык ырааттуу бекемдей алары белгисиз.

Менимче, азыр тышкы саясатты ийкемдүү жүргүзүүгө аракет жасап жатышат. Бирок эки нерседен алыс болуу зарыл: 1) Орусиянын Украинадагы согушун колдобоо керек – бул кыргыздын бүтүндөй улуттук кызыкчылыгына каршы келет. 2) Азыркы шартта Кыргызстан өзүнүн улуттук кызыкчылыгын кантип илгерилетүүнү ойлонушу кажет. Эгер Кыргызстан муну эске албай утурумдук пайдага кызыгып, санкцияларды этибарга албаса, анда чоң ката кетирет.

- Сиз Орусия эл аралык обочолонууда калып баратса да Борбор Азияга таасирин күчөтүүгө умтулганын айттыӊыз. Бул мамиле тең ата өнөктөштүк нугунда болууда деп айта алабызбы?

- Жок. Азыр Орусия кайсы жол менен Борбор Азиядагы таасирин сактап калууну ойлонуп жатат. Мисалы, газ боюнча шериктештикти түзөлү деп эки мамлекетке сунуш кылды. Ал ишке ашпай турат азырынча.
Андан тышкары өзүнүн маданий саясатын жүргүзүүгө умтулууда. Мына Кыргызстанда он мектеп куруп бермекчи. Эгер бардык жагын кылдат эске алып ишке ашырса, мунун пайдалуу жагы бар. Андан тышкары Орусиянын коопсуздук күчтөрү Борбор Азиядагы эки базасын сактап калып, өз таасирин бошоңдотпош үчүн бул республикаларга кысым жасай берет. Менимче, азыркы кыргыз бийлигине Кремлдин кысымы күчтүү болууда.

- Ошентсе да Кыргызстан Борбор Азиядагы "демократия аралчасы" деп аталып келбеди беле. Эми ушул атын сактап калуу үчүн кайсы жагдайларды эске алып, эмне кылуу керек?

- Демократияны азыр ким сактайт, андай күчтөр барбы? Жарандык коомдун бар экендиги жана эркин басма сөз – Кыргызстандын өзгөчөлүгү. Дагы ким бар?
Азыркы кезде саясий элитаны, парламентти, бийликтегилерди, жалпы кыргыздын улуттук бюрократиясын карасак, бул жөнүндө эч кимиси терең ойлонгон жок, ойлонгусу да келбейт. Эмне үчүн? Булардын негизги мүдөөсү – учурдан пайдаланып байып алуу.

Жарандык коом аз болсо да катуу күрөшүп жатат. Аны колдоо керек. Анан эркин басма сөз бар. Менимче, “Азаттыкка” жана жалпы эле эркин басма сөзгө кысым күчөйт. Булардын көздөгөнү – силерди да, башкаларды да толугу менен жаап салуу. Булар мурдагылардын катачылыктарын эске алып, катуу чабуулга чыкпай эле акырындык менен ушул максатты ишке ашырмакчы. “Азаттыкты” жаап, өлкөдөн чыгарып салган соң калган ЖМКларды жок дегенде толугу менен көзөмөлгө алмакчы.

- Акыркы суроо. Сөз эркиндиги журналисттердин эле маселеси дегендей көз караш бар коомдо. Анын ар бир жаранга керек экенин элге кантип жеткирүүгө болот? Эмне үчүн сөз эркиндиги зарыл экенин, жарандык күчтүн маанисин кантип түшүндүрөбүз?

- Билим аркылуу. Эгерде мектептерде, университеттерде саясий маселелер боюнча бир гана расмий көз караш таңуулана берсе, студенттер дүйнөнү кантип тааныйт? Эң чоӊ жоготуу ушул жакта болуп жатпайбы. Анткени келечекте көз карашы чектелген, бир гана ой-пикирди туура деп көнүп калган, сынчыл ой жүгүртө албаган адамдар тарбияланып жатат. Булар Кыргызстанга кандай пайда келтире алат?

Мына Түндүк Кореядан, жакын турган Түркмөнстандан эркин ойлонгон адамдар кетип жатат. Эркиндиксиз жашоонун маңызы жок болуп калат. Бир кезде жаңы муун, жаңы адамдар келет. Ошолор тарыхты карап, азыркы саясатчылардын кыянат чечимдери канчалык кесепеттүү болгонун айтат. Ошону эстен чыгарбоо керек.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG