Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:03

"Азаттыкка" кысым: эркиндикти жоготуу оңой, жетүү кыйын


Медиа эксперт Миржан Балыбаев, юрист Таттуубубу Эргешбаева, журналист Назгүл Коңурбаева, белгилүү публицист, адабиятчы Эсенбай Нурушев.
Медиа эксперт Миржан Балыбаев, юрист Таттуубубу Эргешбаева, журналист Назгүл Коңурбаева, белгилүү публицист, адабиятчы Эсенбай Нурушев.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылды. Муну менен буга чейин алгач сайтын, андан соң банк эсебин бөгөттөгөн мамлекеттик органдар эми “Азаттыкты” толугу менен жабууга аракет кылууда. Бийлик түзүмдөрүнүн мындай кадамы коомчулуктун, журналисттердин жана эл аралык уюмдардын терең тынчсыздануусун жаратууда. Кыргызстандын тарыхында эркин медиага, анын ичинен “Азаттыкка” кысым көрсөткөн учурлар болуп, ар бийликтин тушунда ар кандай сценарий менен ишке ашкан.

“Эксперттер талдайт” берүүсүнүн бул чыгарылышында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын, “Азаттыктын” айланасындагы соңку окуяларды жана анын кесепеттерин талдайбыз. Талкууга белгилүү публицист, адабиятчы Эсенбай Нурушев, юрист Таттуубүбү Эргешбаева, медиа эксперт Миржан Балыбаев жана журналист Назгүл Коңурбаева катышты.

- Эсенбай агай, сиз "Азаттыкта" бир нече жыл эмгектенген, радионун табиятын билген адам катары айтсаңыз, Маданият министрлигинин соңку доосун, дегеле үч-төрт айдан берки "Азаттыктын" айланасындагы окуяларды кандай кабыл алдыңыз жана буга кандай баа бересиз?

Эсенбай Нурушев: "Азаттыкка" Акаевдин тушунда дагы, Бакиевдин тушунда дагы, Атамбаевдин тушунда дагы бирдемелерди айтып, доо коюшкан. Ошолордун эч кайсынысында жүйөлүү, адам ишене турган, "азамат туура кылып жатат" деп айта турган эч нерсе жок эле. Бийликтин табияты ушундай. Бардык жерде "бизде эркиндик бар, бизде сөз эркиндиги бар, биз эч кимди кысмактап-кыспайбыз" деп айта берет. Анан "ушулар жоопкерчиликти сезбей жатат" деп, жоопкерчилик тууралуу маселени алып чыгат. Биринчи кезекте бийликтегилер өздөрү жоопкерчиликти сезиши керек. Ошол себептүү жалпыга маалымдоо каражаттарына кандай мамиле жасаш керек деген маселе турат. Өздөрүндө жоопкерчилик деген жок.

Муну түшүнүш үчүн чоң юрист болуштун кереги жок. Бул жерде министрлик: "Туура эмес болуп жатат, "Азаттыкты" жапкыла", - деп өзүнө-өзүн арыз жазып жатат. Анан өзү чечим чыгарып жатат. Мен бирөөлөрүнө: "Бул жөнөкөй эле нерсе да, ушунча жапкыңар келсе, "Азаттык" жабылсын деп акция өткөрүшпөдүбү, ошолордун бир-экөөнү баштап келип "Азаттыкка" каршы арыз жазып берип койгулачы, айланайын" деп айтпайсыңарбы. Ошондо кичине мыйзамдуу, адам ишенерлик болот эле" деп айткан болчумун. Бул эми ачыгын айтканда акылга сыйбаган нерсе, абсурд.

- Таттыбүбү, алгач "Азаттыктын" сайты бөгөттөлдү, андан кийин эч негизсиз банк эсептери да жабылды. Эми министрлик өз доосу менен "Азаттык" медиасынын тастыктамасын да жокко чыгарууга аракет көрүп жатат. Юрист катары "Азаттыктын" айланасындагы окуяларга кандай баа бересиз?

Таттуубүбү Эргешбаева: Муну укуктук хаос, укуктук кризис деп атасак туура болот. Эсенбай агай туура баа бергендей, бул авторитардык бийликтин, суперпрезиденттик-конституциялык түзүлүштүн бүгүнкү күндөгү ачык көрүнүштөрүнүн бири болуп эсептелет. Өзгөчө белгилей кетсек, учурда президенттин администрациясы – бийликтин эң күчтүү өкүлү. Ал күч түзүмдөрүн, Эл өкүлчүлүгүн, мамлекеттик бюджетти тейлейт жана башка көптөгөн ыйгарым укуктарга ээ. Бизде аны тең салмактап турган сот же парламент системасы жок. Бул эки институт алсыз. Ошондуктан укук коргоо органдары абдан күчтүү жана алар президенттин администрациясынан кандай буйрук же багыт берилсе, ошол боюнча иш алып барышат. Ушуну постдемократиялык режим деп айтсак болот. Бирок бизде да демократиялык-укуктук институттар өнүгөт деген ишенич бар.

Жалпысынан, эки мыйзамга токтолуп кетсем. Башында такталбаган, жалган маалыматтардан коргоо жөнүндөгү маселе боюнча өткөн жылы 24-октябрда Маданият министрлиги тарабынан "Азаттыкка" карата иш ачылган. Ошол иштин негизинде "маалыматты туура эмес бергенсиңер" деп, "Азаттыкты" бөгөттөштү. Ал эми жакында, 17-январда Ленин райондук сотуна "Азаттыкты" жабуу тууралуу доо арыз менен кайрылышыптыр.

"Согушту, зордук-зомбулукту, ырайымсыздыкты, улуттук диний өзгөчөлүктү жана бөлөк элдерге карата сабырсыздыкты үгүттөштү" деп, 23-берене боюнча айыптап жатышат. Бирок мамлекеттик мекеме өзү чечим, жыйынтык чыгарып, ошону сотко жөнөтүп жатат. Бул эч бир жазык-процессуалдык, административдик- процессуалдык ченемдерге туура келбейт. Анткени алар башында Жазык кодексине дал келген иш-аракеттерди байкашса, анда эң биринчи тергөө мекемелерине, укук коргоо органдарына кайрылышы керек болчу жана ошол тергөөнүн жыйынтыгы менен иш сотко автоматтык түрдө жөнөтүлмөк.

- Назгүл айым, азыркы тапта "Азаттыкка" болгон аракеттер бир гана бул мекемеге эмес, жалпы медиага, журналисттер коомчулугуна карата басым катары бааланууда. Бул процесстин жалпы коомчулук үчүн кесепети кандай болушу мүмкүн деп ойлойсуз?

Назгүл Коңурбаева: Чындыгында бул жерде маселе "Азаттыктын" иши токтоп калабы же жокпу деген суроодо эмес. Азыр технология адамдан акылдуу болгон заманда жашап жатабыз. Демек, "Азаттыктын" ишин токтотуп коюу такыр мүмкүн эмес – ал социалдык тармактар, интернет аркылуу өз ишин уланта берет. Кеп, биз кандайдыр бир психологиялык чектен өтүп жатканыбызда. Кеп сындыруу жөнүндө жүрүп жатат. Эгер биз "Азаттыктын" ишинин мамлекеттик органдар тарабынан чектелишине жол берип, коомчулук буга көз жуумп коё турган болсо, кийинки кадамдар өтө опурталдуу болот. Мындайча айтканда, биз азыр ушуга жол беребизби же жокпу деген сыноодон өтүп жатабыз. Эгер жол берчү болсок, эртең эле мындан жаман басым-кысымга туш боло баштайбыз. "Кыргызстанга демократия же авторитаризм жарашпайт, Кыргызстанда авторитаризм болушу мүмкүн эмес" деп, бизде көп айтыла берет эмеспи.

Биз болгону кайсы бир саясий режимдер орногон мамлекеттердин жетишкендиктерин көрүп туруп эле, ушул режим жакшы экен же жаман экен деп айта алабыз. Бүгүнкү күндө дүйнөдө авторитардык режимдер бар, диктатордук режимдер бар, керек болсо фашисттик дагы режимдер бар. Бирок кеп биздин өзүбүздүн тандообузда.

Биз коом катары, адам катары, жаран катары кайсынысын тандайбыз, кулдук аң-сезим менен авторитаризмге, диктатурага жол ачууга макул болуп беребизби же эркиндикти тандайбызбы? Эгер эркиндикти тандасак, анда ар бир адамдын күрөшү тууралуу сөз жүрөт.

Биз эркиндикти бул батышка тиешелүү, Америкадан келген бизге жат нерсе деп, кандайдыр бир абстрактуу түшүнүккө айландырып ийдик. Бул болсо – эртеңки күнү ар ким өз оокатына өзү ээ боло алабы деген эле маселе. Орустар: "Биринчи бизге ипотекага, насыяга машине, үй аласыңар деп убада берип эркиндигибизди алып койду, кийин мүлк эркиндигибизди ала башташты, азыр эми согушка айдап атүгүл жаныбызды сурашууда!", - деп жазып жатышпайбы.

Демек, бүгүн биз өз эркиндигибизден баш тартсак, эртең мүлк эркиндигинен да баш тартууга даяр турушубуз керек. Бара-бара ушуга келет. Орустар деле бир күндө эле азыркы режимде жашап калган жок да, буга узак жолду басып өтүштү. Биз деле психологиялык чектерден улам-улам өтүп, ошол жолго баратабыз. Түркмөндөр деле убагында бир адамга сыйынып, ошого баш ийип жашап калабыз деп ойлогон эмес. Демек, бул коомдун тандоосуна жана ошол коомдун ар бир мүчөсүнүн эркиндик үчүн болгон күрөшүнө жараша болот.

- Миржан мырза, сиз бир канча жыл жеке менчик медианы башкардыңыз. Сиз иштеп турган учурда ошол медианы жабууга кысым жана аракеттер болгонун жалпы коомчулук билет. Сизден сурайын дегеним, бул коркутуу эскертүү өңдүү медиага карата кезектеги кампаниябы же чын эле эркин басма сөздү толук ооздуктоо аракетиби? Бул сот адилеттүүлүгү менен чечиле турган маселеби же бул жерде жалпы эле сөз эркиндиги жөнүндө кеп болуп жатабы?

Миржан Балыбаев : Соттордун чечимдерин кандай болорун биз көбүнчө алдын ала айтса болот дейбиз, бирок алар күтүүсүз да чечимдерди кабыл алып жатышпайбы. Мисалы, Болот Назаровго байланышкан чечими. Бул жагынан болжоп айтуу кыйын. Бирок мени "Азаттыктын" Кыргызстандын аймагындагы ишмердигин биротоло токтотуу тууралуу чечим канчалык ойлонулуп, талдалып, тең салмакталгандыгы кызыктырат.

Азыр эле Назгүл айтып кеткендей, "Азаттыкты" бүт тастыктамасынан, аккредитациясынан ажыратып салышса да аны уга беришет. Мейли, ушул чечим ишке ашты дейли. Анын мамлекет үчүн кесепети канчалык болот да, пайдасы канчалык болот? Менимче, кесепети көбүрөөк болот. Анткени бул чечим менен мамлекет чоң жоготууга учурайт.

Бийликтин кадыр-баркы кетет, өлкөнүн экономикалык жагынан болобу, туризм жагынан болобу рейтинги төмөндөйт. Демек, бул абдан чоң көрсөткүч. Инвесторлор, донорлор биздин өлкөнүн рейтингине карап туруп мамиле жасай баштайт. Ушулардын баары эске алындыбы же жокпу? Жаап салышса эле "Азаттыктын" оозу буулуп калбайт. "Азаттык" мурдагыдан да күчтөнүп, мурдагыдан да курчуйт.

Талкууну толугу менен видеодон көрө аласыз:

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG