Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Кыргыз коому "Азаттыктын" жабылышына каршы


Бишкекте өткөн сөз эркиндигин коргогон митинг, 14-октябрь, 2022-жыл.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу министрликтин "Азаттыкка" жөнөткөн маалымкатында айтылат. Катта сотко мекеме качан кайрылган датасы көрсөтүлгөн эмес. Кыргызстандагы белгилүү инсандар, саясатчылар жана коомдук ишмерлер бийликтин “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу аракетин айыптап жатышат.

Министрликтин арызы Бишкектин Ленин райондук сотунда 8-февралда саат 9да каралат. Бул тууралуу райондук соттон кабарлашты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сотко жолдогон доо арызында кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. Дал ушуну негиз кылып, министрлик "Азаттык Медиа" “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин "согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат" деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамда медианын ишмердүүлүгү сот менен же түзүүчүнүн чечими менен жокко чыгарыла турганы көрсөтүлгөн. Ошол эле мыйзамда кайсыл маалыматты элге жайылтууга болбой турганы жазылып турат. Ал эми 24-беренеде жоопкерчилик каралган. Биз ушунун негизинде сотко кайрылдык”, - деди министрликтин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов.

Белгилүү инсандар, саясатчылар жана коомдук ишмерлер бийликтин “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу аракетин айыптап жатышат. “Азаттыктын” Кыргызстандын эгемен өлкө катары калыптанышына кошкон салымы зор экенин белгилеген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев сөз эркиндиги демократиялык өнүгүүнүн негизги багыты экенин айтты.

“Эл эң тоталитардык советтик мезгилде да “Азаттыкты” бекинип, Азамат Алтайды тоолорго чыгып угуп жүргөн . Чындык каякта экен, дүйнөдө эмне болуп жатат деп. Ошол маалда эл угуп, керек болуп жүргөн “Азаттык” азыр биз эгемендикке жетип, бутка туруп жаткан маалда өтө маанилүү. Анткени демократия болбосо өлкө эч качан өнүкпөйт, а демократиянын негизги шарттарынын бири – сөз эркиндиги. Сөз эркиндиги болгондо гана ачыктык болуп, жарандык коом өзүнүн үнүн жеткире алат, бийлик эсептешип, тазаланып турат. Сөз эркиндигин жабам деген бийлик өзүнүн келечегине балта чапкан болот. “Азаттык” жабылбашы керек. “Азаттык” Кыргызстандын эгемендигин түптөөгө, демократияны өнүктүрүүгө, коомду алдыга жылдырууга дайым кызмат кылып келген, дагы эле кызмат кыла берет, салымы өтө чоң”.

“Жарандык көзөмөл комитети” бирикмесинин жетекчиси, укук коргоочу Динара Ошурахунова мындай кескин кадамга баруу үчүн олуттуу себеп жок деген пикирде.

“Ар бир президент өзүнүн бийлигин күчөтүп, авторитардык режимге айланып жатканда “Азаттыкка” чабуулдар болгон. Жарандык коом дайыма "Азаттыкты" коргоп калчу. Тилекке каршы, азыркы режим болбогон бир себептер менен аны жапканга барып жатат. Канча айдан бери демократияга, сөз эркиндигине басым болуп жатканын көрүүдөбүз – блогерлерди, активисттерди камап жатышат, өткөн аптада “24.kg” менен “Kактуска” бомба коюлду дешти, либералдык, демократиялык, сөз эркиндигин колдоп жүргөн медиаларга чабуул болуп жатат. Бул абдан жаман. Бийлик экономика, климат маселелери боюнча эл аралык уюмдарга кайрылып, демократиялык өлкө экенибизди айтып, кызматташууга үндөп жатат. Бирок бир колу менен ошенткени менен экинчи колу менен эркин медианы, блогерлерди чектеп жатканы байкоосуз калбайт. Эл аралык коомчулук буга чоң көңүл бурат”.

“Эгерде Маданият министрлиги бийликтин көрсөтмөсү менен иштеп жаткан болсо, анда азыркы бийликтин эң чоң каталарынын бири ушул болот. Анткени “Азаттыкты” жабуу - сөз эркиндигине болгон чоң сокку, демократиялык балуулуктан артка чегинүү. Биз мындай жол бербешибиз керек. “Азаттыктан” кимдер коркот? “Азаттыктан” уурулар, кылмышын жашыргысы келгендер, кемчилигинин коомго жетишин каалабагандар коркот. Мисалы, криминал, коррупциялык иштердин бардыгын “Азаттык” жана эркин журналисттер алып чыгууда. Эгер бийлик чын эле коррупция менен күрөшөбүз десе журналисттер менен тыгыз иштеши керек. Бирок азыркы аракети акылга сыйгыс көрүнүш. Дүйнө Кыргызстанды эркиндикти сүйгөн өлкө катары тааныйт. Азыркы көрүнүштү эл аралык коомчулук айыптайт”,-деди Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев.

Эл өкүлү дүйшөмбүнүн кечинде Фейсбук баракчасына “Азаттыктан” уурулар, чындыктан качкандар гана коркушат" деп жазды.

"Азаттыкка" байланыштуу соңку кабар тарагандан кийин социалдык медиада өз ой-пикирин билдиргендер да бар.

23-январда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай "Азаттык" радиосуна байланыштуу соңку жагдайга комментарий берип, көз карандысыз журналисттердин ишмердигине болгон чабуулдарды айыптады.

"Биз өлкөдөгү ишибизди улантуу үчүн мүмкүн болгон бардык мыйзамдуу жолдорду колдонобуз. Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса дагы бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз", - деди Флай.

Эл аралык коомчулуктун кооптонуусу

20-январда АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана "Азаттык" радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошкон.

Америкалык сенаторлор кыргыз өкмөтүн өзүнүн "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамын көз карандысыз медианы чектөө үчүн, өзгөчө "Азаттык" радиосунун сайттарын жана банк эсебин бөгөттөө үчүн колдонгонун айтышкан.

Алар Кыргызстандын басма сөз эркиндигин камсыз кылуу тууралуу милдеттемеси АКШ менен мамиледеги маанилүү элемент экенин белгилеп, 2022-жылдын октябрь айында "Азаттык" радиосунун имаратынын алдында өткөн митингде журналисттерге зордук-зомбулук көрсөтүүгө үндөгөн чакырыктарга, коркутууларга кабатырланып жатышканын билдиришкен. АКШ сенаторлору Садыр Жапаровдун 2020-жылдагы сөз эркиндигине байланыштуу айткандарын эске салышкан.

Ошол эле кезде алар кыргыз өкмөтүнүн "Талибан" кыймылынан (Кыргызстанда тыюу салынган) улам Бишкекке жер которууга аргасыз болгон "Азаттык" радиосунун ооган кызматынын журналисттерине көрсөткөн колдоосун кубатташкан.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 22-январда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу АКШ сенаторлорунун "Азаттык Медиа" тууралуу кайрылуусуна жооп берди.

"Бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу АКШнын эки сенатору "Азаттык медиа" айланасындагы кырдаалга байланыштуу президент Жапаровго кайрылуу жолдоп, анда өлкөдө сөз эркиндигине кысым болууда дегендей тынчсыздануусу айтылганы белгилүү болду. Бул сөз эркиндигине жана басма сөзгө өлкөнүн Конституциясы берген кепилдикке каршы келген сыңары белгиленет. "Азаттык Медианын" ишин эки айга хостинг-провайдер менен токтотуу чечимин 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы окуялар тууралуу анык эмес маалымат бергендигине байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабыл алганын эске салгыбыз келет. Бул чечимди кабыл алганга чейин, иинистрлик "Азаттык медиа" редакциясына бир нече жолу кат жөнөткөн. Өз укугун пайдалануу менен сайттын иши иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык токтотулган", - деп жазылган анда.

Сайтты жабуудан тышкары былтыркы жылдын 31-октябрында радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. "Биринчи радио" техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы "Азаттыктын" телерадио берүүлөрүн эфирден алган.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырып келет.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто турган "Журналисттерди коргоо комитети" (The Committee to Protect Journalists - CPJ) 23-январда тараткан билдирүүсүндө кыргыз бийлигин радионун сайтына коюлган бөгөттү алып салууга, банк эсебин ачууга жана маалымат каражаттарын ооздуктоону токтотууга чакырды.

"Азаттык" радиосу Кыргызстандагы эң көрүнүктүү жана кадыр-барктуу маалымат каражаттарынын бири жана анын кеңсесин жабуу өлкөдөгү сөз эркиндигинин көрсөткүчүндө кара так болуп калат", - деп жазылган анда.

Комитет "Азаттыкка" байланыштуу жагдайдан улам Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жана Юстиция министрлигине кат жолдоп, комментарий сураганын, бирок ал жоопсуз калганын белгиледи.

30га жакын эл аралык уюм кол койгон кайрылуу 11-январда Норвегиянын Хельсинки комитетинин сайтына жарыяланды. Анда “Азаттыкка” болгон кысым Кыргызстандын көз карандысыз, демократиялык өлкө деген репутациясына сокку экени жазылган.

“Өткөн айда 100дөн ашуун кыргызстандык искусство жана маданият ишмерлери, илимпоздор, активисттер жана журналисттер президент Садыр Жапаровго кайрылып, репрессияны токтотууну суранган. Биз, Жарандык тилектештик платформасынын мүчөлөрү Кыргызстандын бийлигин “Азаттыкка” коюлган бардык чектөөлөрдү алып салууга чакырабыз. Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарынын күчтүү салты аны региондогу авторитардык өлкөлөрдөн ар дайым айырмалап турат деп эсептейбиз. Кыргыз бийлиги элдин күчү менен жетишкен демократиялык өнүгүүлөрдөн баш тартпашы керек”, - деп айтылган кайрылууда.

Эл аралык уюмдардын бирикмеси "Азаттык" маалыматты калыс тараткан медиа уюм экенин, буга чейинки бийликтердин тушунда да бир нече жолу кысымга кабылганын, 2022-жылдын октябрында бир топ киши көз карандысыз медианы жабуу талабы менен митингге чыккандан кийин сайт бөгөттөлгөнүн белгилешти.

“Норвегиянын Хельсинки комитети менен Европадагы, Борбор Азиядагы, Кавказдагы жана АКШдагы ондогон уюмдардын башын бириктирген "Жарандык тилектештик платформасы" кыргыз өкмөтүн туура чечим кабыл алууга чакырат. Сталиндин өлүмүнөн эки жума өткөндөн кийин түзүлгөн “Азаттык” радиосу быйыл март айында 70 жылдык мааракесин белгилейт. Ага чейин бул маанилүү медиа каражатынын маалыматтары Кыргызстандын элине тоскоолдуксуз жетип калат деп үмүттөнөбүз”,-деген Хельсинки комитетинин улук кеңешчиси Ивар Дале.

Ага чейин Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого" чакырышкан. АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз бийлигине кайрылуу жолдогону бар.

Буга чейин Кыргызстандын коомдук ишмерлери, саясатчы жана активисттер “Азаттыктын” айланасындагы маселени чечүү суранычы менен бийликке кат жолдошкон. Кыргыз бийлиги мындай кайрылууларга комментарий бере элек.

"Азаттыктын" соцмедиада топ жарган миллиондору
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:47 0:00

Өткөн жылы 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга негиздеп жатат.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан соң Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул маселе боюнча алгачкы соттук процесс 26-январга белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG