Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:02

“Азаттык” Кыргызстанга эмне себептен маанилүү?


Кыргыз бажысындагы коррупциянын бетин ачкан "Азаттыктын" иликтөөсүнөн кийинки митинг, 18-декабрь, 2019-жыл.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианы” жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылганы белгилүү болду. Быйыл 70 жылдыгын белгилегени турган “Азаттык” Кыргызстан үчүн, кыргыз эли үчүн эмне? Эмне себептен “Азаттык” баарыбызга маанилүү?

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын – “Азаттык Медианын” биринчи уктуруусу обого 1953-жылы 18-мартта чыккан. Азамат Алтай (өз аты – Кудайберген Кожомбердиев) Иосиф Сталин тууралуу материалды кыргызчага которуп, окуп, обого чыккан. Ушул күндөн тартып “Азаттыктын” тарыхы башталган.

Азамат Алтай “Азаттыктын” Мүнхендеги студиясында берүү даярдоодо. 1980-жылдар. Архив сүрөт.
Азамат Алтай “Азаттыктын” Мүнхендеги студиясында берүү даярдоодо. 1980-жылдар. Архив сүрөт.

Советтер Союзу маалында коммунисттик системадан жана “кансыз согуш” саясатынан улам “Азаттыктын” ачык иштешине тыюу салынган. Ошол себептен СССР аймагында, анын ичинде кыргыз жеринде радионун программаларын укканга, таратканга болбойт эле. Ошого карабай кызыккандар кыска толкундун жардамы менен жашырынып угуп турушкан.

Себеби “Азаттык” кыргыздардын ошол туштагы идеологиядан улам айтылбай жаап-жашырылып келген чыныгы терең тарыхы, салт-санаасы, тили тууралуу маанилүү, нускалуу, тарбиялуу жана уңгулуу уктурууларды берип турган. Кыргыз улутун улут катары сактап калуу, миң жылдарды карыткан өтмүшүн туура, так жеткирүү, кылымдарды карыткан каада-салттарын, бай маданиятын, көчмөн искусствосун, Орхан-Энесайда таш бетинде сакталып калган жазууларын эстетүү, кыргыз тилин жоготпой, биротоло унут болушун алдын алуу, адамдардын тебеленип жаткан акысын айтып, аларга адамча мамиле жасоо - “Азаттыктын” негизги темаларынан болгон.

Ал маалда мындай саясий жактан “ката” саналган темалар борбордук Москвадагы теле, радио, гезит-журналдар эле эмес, Кыргызстандын өзүндөгү маалымат каражаттарында да же таптакыр көтөрүлчү эмес, же көтөрүлсө дагы советтик цензурадан жылмаланып, кыркылып, кыскарып отуруп, учкай гана айтылчу. Азыр күн сайын баардык маалымат каражаттарында кенен-чонон чагылдырылып, айтылып, делип жаткан бул темалар 40 жыл бою “Азаттыкта” гана козголуп, “Азаттыкта” гана көтөрүлүп турган.

1989-90-жылдарда “Азаттыктын” Кыргызстандагы алгачкы кабарчысы болуп иштеген филология илимдеринин доктору, белгилүү түрколог, профессор Кадыралы Конкобаев радио ошол совет доорунда кандай иштегенин мындайча эскерет:

"Мага Төлөмүш Жакып уулу агай (Төлөмүш Жакып уулу - "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын кыргыз кызматын 1975-84-жылдардагы директору) "биз иштеп жатабыз, колубуздан келген кабар, маалыматтарды берип жатабыз, кыргыз эли акыйкаттыкты, чындыкты билсин" деп жатабыз деген сөзүн айтты. Мен да "Азаттыктан" кыргыз элинин кабары бар, сиздер айткан жаңылыктарды бири болбосо бири угат, кырылдап-шырылдаса дагы угабыз, алардын катарында түнкүсүн тыңдагандардан мен да бармын, дедим".

Айтматов айткан “Азаттыктын” жаңы милдети

"Азаттыктын" журналисттери менен. Оңдон солго: Азамат Алтай, Аким Өзгөн (туруп турат), Чыңгыз Айтматов, Майра Жакып келини (Бактыгүл), Мария Айтматова, Төлөмүш Жакып уулу. Мүнхен. 1988.
"Азаттыктын" журналисттери менен. Оңдон солго: Азамат Алтай, Аким Өзгөн (туруп турат), Чыңгыз Айтматов, Майра Жакып келини (Бактыгүл), Мария Айтматова, Төлөмүш Жакып уулу. Мүнхен. 1988.

Өткөндү эстен чыгарбай, учурга сергек мамиле жасап, келечекти урматтоону аңдап, “маңкурт” деген түшүнүктү турмушка киргизген алп жазуучу Чыңгыз Айтматов да учурунда “Азаттыктын” маанилүү экенине баасын берген.

Ал Советтер Союзунун жетекчилигинен тартынбай, коркпой Азамат Алтай менен тыгыз мамиле түзгөн. Аны менен жолуккан, “Азаттыкка” колдоосун билдирип турган. Ошондон улам Чыңгыз Айтматов радионун ролу дале да болсо зор экенин өз интервьюсунда белгилеген болчу:

“Азаттыкты” кайра куруу заманында күнүгө угуп турбасак болчу эмес эле. Азыр “Азаттыктын” жаңы милдети болот деп ойлойм. Демократия бир жолу эле курулуп, бир жолу эле жетилип калбайт. Сөзсүз демократия агымда болуш керек, дайым (аны) жалгаштырып туруш үчүн. “Азаттыктын” да (мындан аркы) кызматы ошого жумшалсын".

"Эл жалгыз "Азаттыкка" таянып калган"

“Азаттык” Кыргызстан эгемендик алгандан кийин гана кеңсе ачып, өз программаларын ээн-эркин таратууга мүмкүнчүлүк алды. Буга себепчи болуп, 1992-жылы Мүнхенде "Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен келишимге кол коюп, “Азаттыкты” Улуттук телерадио корпорациянын (андагы Кыргыз мамлекеттик телерадио агенттигинин) радио жыштыгынан угузууга жол ачкан Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор, обончу Түгөлбай Казаков “Азаттыктын” коомдогу ролу зор экенин белгилейт.

"Азаттык" биринчи кезекте журналистиканын эл аралык нормаларын баарынан мурда карманган, тоталитардык системадан жаңы кутулуп жатканда биздин журналисттерге эл аралык журналистиканын стандарттарын көргөзгөн бирден бир радио болду. Бул ошол бойдон эле болушу керек. Анткени биз ал стандарттарды азыр деле кабыл алып кеткен жокпуз. Азыр деле. Азыр интернетте таптакыр эле бирөөнү "шыбаганга", бирөөнү обу жок эле асмандата мактаганга өтүп кеттик да. Бир маалыматты алганда бир нече булактан алыш керек, аны бир нече ирет текшериш керек, анын аныгына жетип туруп бериш керек деген принципти биринчи жолу "Азаттык" алып келди да. Ошол үчүн "Азаттык" дайыма керек", -деди Түгөлбай Казаков.

Түгөлбай Казаков.
Түгөлбай Казаков.

Анын пикиринде бийликке келген жетекчилер дайыма өткөндөн сабак алып, учурга сергек карашы зарыл.

"Ушундай бир учур болду, аны баарыңар эле билесиңер, Кыргызстанда эч ким сын айта албай, сындай албай, сын айткандар куугунтукталып, четинен атыла баштаганда эл жалгыз "Азаттыкка" таянып калган. Илгери "Асаба" гезитине таянып калгандай эле. 2010-жылга чейин "Азаттыкты" муунтканга чейин барышты. Анан кыргыз бийлиги мындай да - 10 жыл иштегенден кийин эле ачуу айтылган сын-пикирди көтөрө албаган бийлик болуп калып жатат. Бирок, андай сын-пикирлер айтылып турушу керек да. "Азаттык" ошол баары тумчугуп калган кезде чындыкты, сын-пикирди, калыстыкты айта турган бирден бир массалык маалымат каражаты. Себеби, бийлик аны жапырып өзүнүн саясатын жүргүздүрө албайт. Бул - калыс тура турган маалымат каражаты".

“Азаттык” - эгемендик жылдарында

Акыркы 20 жылдагы тарыхты алсак “Азаттыкка” мурдагы президенттер кастарын тигип, аны эфирден алып салууга, таптакыр жабууга бир канча жолу аракет жасаганы маалым. 2002-жылы Аксыда милициянын огунан адамдар каза болгон окуяны бийлик жаап-жашыра баштаганда “Азаттык” биринчи болуп аны дүйнөгө тараткан. Ал эми 2005-жылы жыл жаңыргандан тартып күчөгөн кысым 24-мартта Аскар Акаев бийликтен кеткенден кийин гана токтогон.

“Азаттыкка” кысым андан кийин Курманбек Бакиев президент болуп турганда кайрадан 2009-жылдан тартып күчөдү. Алгач КТРдан эфирден алынып, андан кийин “Азаттык” менен кызматташып келаткан “Алмаз”, “ОК”, "Салам", "Манас жаңырыгы" баштаган радиолорго талап коюлуп, аларды коркутуулар болгон. Ал эми Алмазбек Атамбаев президент болуп турган маалда мамлекет башчысы сотко кайрылып, чоң кенемте сураганы бар. 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин “Азаттыкка” президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 15-мартында атайын интервью берип, өлкөдө сөз эркиндиги сакталаарын билдирген.

Соңку жылдарда “Азаттык” коррупцияга каршы иликтөөлөрдүн топ башында турду. Бажы кызматындагы, Бишкек шаардык көрүстөнүндөгү, Бишкек жылуулук электр борборундагы, Тарых музейин ремонттоодогу жемкорлуктун бетин Улан Эгизбаев башында турган “Азаттыктын” иликтөөчү журналисттери ачып чыккан. Бул материалдар коомдо чоң резонанс жаратып, өзүнүн тереңдиги, тайманбастыгы, актуалдуулугу, берилиши боюнча жогорку баага татыган. Бийлик сересиндеги коррупционерлерге бул иликтөөлөр безге сайгандай таасир калтырганы талашсыз.

“Эгерде Маданият министрлиги бийликтин көрсөтмөсү менен иштеп жаткан болсо, анда азыркы бийликтин эң чоң каталарынын бири ушул болот. Анткени “Азаттыкты” жабуу - сөз эркиндигине болгон чоң сокку, демократиялык балуулуктан артка чегинүү. Биз мындайга жол бербешибиз керек. “Азаттыктан” кимдер коркот? “Азаттыктан” уурулар, кылмышын жашыргысы келгендер, кемчилигинин коомго жетишин каалабагандар коркот. Мисалы, криминал, коррупциялык иштердин бардыгын “Азаттык” жана эркин журналисттер алып чыгууда. Эгер бийлик чын эле коррупция менен күрөшөбүз десе журналисттер менен тыгыз иштеши керек. Бирок азыркы аракети акылга сыйгыс көрүнүш. Дүйнө Кыргызстанды эркиндикти сүйгөн өлкө катары тааныйт. Азыркы көрүнүштү эл аралык коомчулук айыптайт” - деген пикирде Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев.

"Азаттык” эмнеге маанилүү?

Ошентип, “Азаттык” эмнеге маанилүү?” дегенде буларды сөзсүз эске алышыбыз керек:

  • “Азаттык” - эл аралык стандарттагы журналистиканын авангарды;
  • “Азаттык” – сөз эркиндигинин символу;
  • “Азаттык” - коррупцияга каршы иликтөөлөрдүн автору;
  • “Азаттык” - эл арасындагы эң мыкты демилгелерди чагылдыруучу;
  • “Азаттык” – авторитаризмге жана диктатурага каршы элдин үнү;
  • “Азаттык” – жабыркаган адамдардын тагдырын өзгөртүүчү;
  • “Азаттык” – аялдардын жана кыз-келиндердин укуктарын коргоочу;
  • “Азаттык” – прогрессивдүү, билимдүү жаштардын добушу;
  • “Азаттык” - коомдогу мыкты идеялардын ордосу жана таратуучусу;
  • “Азаттык” – жогорку технология, креативдүү долбоорлордун жарчысы;
  • “Азаттык” – кыргыз элинин көөнө тарыхын, тилин, искусство, маданиятын айныксыз колдоочу.

Өткөн жылдын 26-октябрында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында 14-17-сентябрдагы чек арага арналган видео материал негиз болгонун маалымдаган. Министрлик өз арызын "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга негиздөөдө.

"Азаттык Медиа" ички иликтөөсүнө таянып, аталган видеодо журналисттик стандарттар так сакталып, мыйзам бузулбаганын белгилеп келет. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” - ишенимдүү маалымат булагы экенин айтып, анын иши тоскоолдуксуз уланышы зарылдыгын билдирген.

"Биз өлкөдөгү ишибизди улантуу үчүн мүмкүн болгон баардык мыйзамдуу жолдорду колдонобуз. Кыргыз өкмөтү кандай гана кадамга барбасын бизге ишенген аудиторияга биз кызматыбызды уланта беребиз", - деди Флай.

Сайтты жабуудан тышкары былтыркы жылдын 31-октябрында радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Улуттук телерадио корпорациянын "Биринчи радиосу" техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы "Азаттыктын" телерадио берүүлөрүн эфирден алган.

Бир катар эл аралык уюмдар бийликти “Азаттыктын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырып келет. АКШ сенаторлору Боб Менендес жана Жим Риш "Азаттыкты" чектөөлөргө тынчсызданып, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Президентттин басма өз катчысы Эрбол Султанбаев ага 22-январда "Фейсбукта" жооп берип, "Азаттык" боюнча чечим мыйзамдын алкагында кабыл алынганын белгиледи.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өзүнүн Фейсбуктагы барагына “Азаттыкка” байланыштуу акыркы окуяга мындай пикирин билдирди:

“Кийинки бийликтин коом алдында аткара турган, дүйнөгө жар салып мактана турган эң зор иштеринин бири - сөз эркиндигин калыбына келтирип, "Азаттык" радиосун кайра ачканы болот окшобойбу...”

Сөз эркиндигинин символу болуп калган “Азаттык” ошентип ушуну менен төртүнчү ирет - акыркысы азыркы бийликтин тушунда да - басымга капташты. Ар бир жолу - элдик ыңкылаппы, төңкөрүшпү, революциябы – бийлик алмашары менен, алсак, Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев бийликтен шыпырылган күнү эле, - “Азаттык” эфирге чыгып келген. Бул ирет окуя эмне менен аяктаары белгисиз.

Кандай болгон күндө да эл 70 жыл сүйүп угуп келген радио дагы да болсо эл менен кала берери шексиз, арийне ага азыркы социалдык медиа, жаңы технология жол берет. Алсак, Ютубдагы “Азаттыктын” барагына дээрлик 2 млн көрөрман катталган. Эл сүйгөн “Азаттык” кандай бектер келип, кандай бектер кеткенине карабай эл менен кала берери шексиз. Себеби, эл кандай түбөлүк болсо “Азаттык” даңазалап келаткан эркиндик, эгемендик, акыйкаттык, чындык, билим, адилеттик, боорукерлик, прогресс ошондой эле түбөлүк экени талашсыз.

"Азаттык" менен болуңуз!

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG