Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Журналист жана саясатчы – эки башка кесип


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Кыргыз кызматынын директору Венера Сагындык кызы
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Кыргыз кызматынын директору Венера Сагындык кызы

Соңку убакта "Азаттык" радиосунун ишмердиги, анын максат-мүдөөсү, анда иштеп кеткендер тууралуу коомчулукта ар түрдүү пикирлер-ойлор айтылууда. Ошондон улам "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Кыргыз кызматынын директору Венера Сагындык кызы бул маалымат каражатынын ички эрежелери тууралуу редакциялык түшүндүрмө билдирди.

“Азаттык” радиосунун уставы, ички эрежеси

“Азаттык” радиосунда журналист болуп иштеп, кийин саясат, жарандык коомго кошулуп, мамлекеттик жана эл аралык уюмдардагы башка кызматтарга которулуп кеткен мурдагы кесиптештердин саны азыр ондоп саналат. Биздин медиа уюмдун ички устав, эрежелерине ылайык, саясий ишмердүүлүктү тандаган кесиптештер менен жумуш келишими дароо токтотулат. Андай мурдагы кесиптештерден биз этикалык нормаларды сактап, ортодогу кызыкчылыктар кагылышы туурасында шектенүү жаратпаш үчүн белгилүү деңгээлде аралык сактоого тийишпиз.

Журналисттик жүктү кошо көтөрүп кийин башка жолду тандагандар

Студент кезинде “Азаттыкка” кабарчылык ишке алынып, кийин белгилүү теле, радиожурналист болуп чыга келген Жанарбек Акаев, Аида Касымалиева азыр Жогорку кеңештин депутаттары. Башка түрдүү жетекчилик кызматтарга которулуп кеткендер, же эл аралык уюмдардын атайын долбоорунда иштегендер арасында Султан Каназаров, Бакыт Аманбаев, Жаннат Токтосунова, Мээрим Орозобекова, Айгүл Жунушалиева жана башкалар бар.

Эркин журналистика, же жарандык активдүүлүккө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берген жеке долбоорлорду баштоо жолун тандап, былтыр октябрь айында таланттуу жана эржүрөк журналисттерибиз Ыдырыс Исаков, Али Токтакунов жумуштан бошонуп, өз алдынча кетишти.

Биз жогоруда аттары аталгандардын ар бири менен иштеген тажрыйба, кызматташтык, жалпы жамааттык ишибизге кошкон зор салымы, көпчүлүк учурда күнү-түнү саат санабай жасаган журналисттик эмгеги, басым-кысымдан коркпой даярдаган материалдары үчүн терең ыраазыбыз. Ар биринин журналисттик кесипте өз орду бар, бир катар сыйлыктарга, сый-урматка татышты, дал ушул кесип аркылуу элге таанылып, “Азаттыктагы” күндөрү кийин чоң иштерге аттануусуна мыкты турмуштук, кесиптик мектеп, өмүрүндөгү кайталангыс мезгил болуп калганын өзүлөрү да эскерип айтып жүрүшөт. Биз алардын башка жолду тандоо укугун сыйлайбыз, мындан аркы ишине ийгилик, башкысы амандык тилейбиз.

Коомчулукта ар кандай чечмелөө, жоромол сөздөр тарап жаткандыктан, дагы бир жолу ачык жарыялап коюуга туура келип турат. Биз мурдагы кесиптештерге ар дайым тилектештик билдирип колдоого даярбыз, бирок мындан ары алардын ишмердиги үчүн жоопкерчилик жеке өзүлөрүндө. Уюмубуздун ички эрежелерине ылайык келген учурда кызматташуудан качпайбыз.

“Азаттыктын” жолун түптөгөн ардагер кесиптештер

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу 1953-жылы кыргыз тилинде өз берүүлөрүн тарата баштагандан бери кыргыз коомчулугуна эмгеги сиңген, тил, маданият, адабият, тарых, журналистика тармагынын өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошкон ондогон адамдар иштешти, алардын айрымдарын атай кетсек: Азамат Алтай (өз аты Кудайберген Кожомбердиев), Төлөмүш Жакып уулу, Аким Өзгөн, Майра Жакып келини, Салижан Жигитов, Кадыраалы Коңкобаев, Эсенбай Нурушев, Нарын Айып, Кыяс Молдокасымов, Султан Жумагулов, Көчкөн Сактанов, Амантур Акматалиев, Балбай Алагушев, Султан Раев, Кожогелди Култегин, Зайырбек Ажыматов, Бүбүкан Досалиева жана башкалар. Азыр иштеп жүргөндөрүн атабай эле коёлу.

Алардын бирөө да чет мамлекеттин кызыкчылыгына иштей турган, же Кыргызстандын элинин кызыкчылыгына чыккынчылык кыла турган адам эмес экенин далилдеп отуруунун кажети жоктур.

Азыр эми заманбап медиа каражаты болуш үчүн ТВ, видео, онлайн мазмунга көбүрөөк басым жасалып, Кыргызстандын чар тарабында, Прага, Стамбул, Москвада журналисттердин жаңы мууну иштеп жатат. Алардын бир гана кызыкчылыгы – эркиндикти, ачык-айрым талкуу, пикир алышууну жактаган кыргызстандыктардын өсүп-өнүп алдыңкы коомдордон болушуна салым кошуу, ошого кызмат кылуу. Андан башка максат жок.

Аягында айрым окурмандарыбыз белгилегендей, “Азаттык” радиосунун башкы озуйпасы тууралуу айта кетели. Жалпы адам укуктары, саясий, жарандык эркиндик ар бир адам төрөлгөндө кошо ыроолонгон табигый укуктар. Мыйзамдарды бардык адамдар бирдей сыйлап, бирөө экинчисин кемсинтип, кордоп, зордук-зомбулук көргөзүүгө, куугунтукка алууга жол берилбеши керектиги Бириккен улуттар уюмунун Башкы декларациясында белгиленип жазылган. 73 жыл мурун дүйнөнүн ар тарабынан чогулган акылмандар жазган бул документке Кыргызстан да кошулган. “Азаттык” радиосунун жамааты Кыргызстанда дал ошол принциптер сакталып, ар бир жарандын укуктары мамлекет тарабынан, баардык адамдар тарабынан терең урматталган коом калыптанышына салым кошкусу келет. Жакынкы эле тарыхыбыз далилдегендей, биз адатта адам укуктары тууралуу жеке керт башыбызга кыйын учур, оор сыноо келгенде гана эстейбиз, маанисин түшүнөбүз. Ортодогу кандай гана айырмачылык болбосун, баарыбыз бирдей бири-бирибизди урматтап, түшүнүү менен мамиле кылганды үйрөнгөндө гана келечекке ишеничтүү кадам таштай алабыз.

Венера Сагындык кызы, "Азаттык" радиосунун директору

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG