Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Бажы кызматы коррупцияны жойгонун жарыялады


Кыргыз-казак чек арасындагы бажычылар.
Кыргыз-казак чек арасындагы бажычылар.

Бажы кызматы 2022-жылы бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча коюлган план 100,8% аткарылганын же 74,3 млрд. сом каражат чогулганын жарыялады. Бажы жетекчилигинин маалыматына ылайык, мекеме экспорт-импорт ишин көзөмөлдөөдөн тейлөө форматына өтүп, бажылык тариздөө ишинде коррупциялык көрүнүш толук жоюлган.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков өткөн жылы бажы тармагын санариптештирүү боюнча олуттуу иштер аткарылганын белгиледи.

Анын айтымында, өлкө жетекчилигинин жана бажычылардын талыкпас аракеттеринин натыйжасында Кытай менен Өзбекстандан кирген жүктүн көлөмү кыйла өскөн.

"Биз бажы төлөмдөрүн чогултуу көлөмү боюнча Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эң чоң деңгээлдеги көрсөткүчтү камсыз кыла алдык. Буга бирден бир себеби - 2022-жылдын башынан баштап аягына чейинки биздин санариптештирүү жараянын жүргүзүүбүз. Жыйынтыгында жакшы натыйжа алдык. Бул иш-чараларыбыз менен биз коррупциялык схемаларды толук мүнөздө жоё алдык деп ишенимдүү айта алам. Негизги себеп ушул. Коррупциялык схемаларды жоюунун бирден бир натыйжасы ушундай автоматташтыруу-санариптештирүү иштеринин арты менен болду".

Бажы жетекчилиги төлөмдөрдү чогултуу боюнча планды ашыра аткарганын жыл этегинде өзгөртүлгөн бюджетке таянып айтып жатат. Иш жүзүндө өкмөт 2022-жылдын башында бажы кызматынын алдына 98,5 млрд. сом каражат чогултуу планын койгон болчу. Бул жааттан алып караганда, өткөн жылы бажы алымдарын чогултуунун көлөмү 24,2 млрд. сомго аз аткарылды.

Декабрь айы аяктап жатканда парламент 2022-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизген. Буга бюджеттин чыгымы 35,4 млрд сомго өсүп кеткени жана кирешелерди чогултууда бажы төлөмдөрү 25 млрд сомго чукул аз аткарылып жатканы негиз болгон. Өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, бюджеттин киреше бөлүгү 282 млрд сомдун ордуна 272 млрд сом, чыгаша бөлүгү 307 млрд сом болору аныкталган. Бажы кызматынын салыктык кирешелеринин планы 98,5 млрд сомдон 73,7 млрд сомго төмөндөтүлгөн.

Анын ичинде:

- үчүнчү өлкөлөрдөн кирген товарлардан алынуучу кошумча нарк салыгы – 73,4 млрд сомдон 55 млрд сомго (18,4 млрд сом);

- эл аралык соода жана тышкы операциялардан алынуучу салыктар – 24,4 млрд сомдон 18,2 млрд сомго (6,2 млрд сом);

- үчүнчү өлкөлөрдөн кирген товарлардын акциздик салыктары 700 млн сомдон 500 млн сомго (200 млн сом) түшүрүлгөн.

Жыл башында коюлган пландык көрсөткүчтүн аз аткарылышын бажычылар орус-украин согушунун таасирлери жана Кытайдан кирген жүктүн көлөмүнүн өзгөрүшү менен түшүндүрөт. Өкмөт жетекчилиги мында бажы кызматынын да кемчиликтери бар экенин белгилейт.

Бажы кызматы 2022-жылдын август айында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында ары-бери өткөн жүктү эсептеген чагылдырма статистика (зеркальная статистика) порталын ишке киргизген. Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев маалымат алмашуу порталынын иштеши менен эки өлкөнүн статистикалык айырмачылыктары жоюлганын айтат.

«Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чагылдырма статистиканын дал келбегендиги жөнүндө сөздөр айтылып келген. Ошол боюнча аябай чоң жумуш аткарылып, бүгүнкү күндө «Электрондук өз ара аракеттенүү» порталы иштелип чыкты. Жөнөкөй тил менен айтканда, Өзбекстан тараптан тариздөөдөн өткөн жүктөрдү Кыргызстан онлайн түрүндө көрө алат. Ошондой эле, бизден өтүп жаткан жүктөрдү дагы өзбек тарап көро алат. Ал эмнеге алып келет? Бул сөзсүз түрдө бажы кызматынын кызматкерлери үчүн туура эмес маалымат берип коюп, же болбосо кандайдыр бир кызыкчылыктар болуп, жүк өткөрмө пункттан же бажы тариздөөчү жайдан өтүп кетпеши үчүн абдан чоң ачыктыкка алып келген маалымат. Ошол портал август айынан баштап иштеди. Жыйынтыгында өткөн жүктүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу ошол айларда аз келгени менен, төлөмдөрү 1,6 эсеге көбүрөөк төлөнгөн. Жөнөкөй сумма менен айтканда, 663 млн сомго ашыкча төгүлдү».

Планды жеткиликтүү аткара албагандыгы үчүн бажы кызматынын жетекчилиги депутаттардын жана өкмөттүн сынына кабылып келет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажы жетекчилигинин жоопкерчилиги караларын, зарылчылык болсо мекеменин кызматкерлерин толугу менен кетирип, кайра жаңылоого да даярдыгын билдирген.

Экономист Элдар Абакиров бажы тармагы толук автоматташтарууга өтүп, коррупция жоюлду деген сөзгө кошулбайт.

«Кытай менен айырма өтө чоң болуп жатпайбы. Чагылдырма эсептеги айырма өтө чоң. Демек, баары бир ишениш кыйын. Экинчиден, бул сөз түрүндө эле айтылып атат. Товар Торугарттан өтөт да, жүк ошол жерден өтүп атканда, эгер рентген иштеп, товарды автоматтык түрдө аныктап, ошого жараша автоматтык түрдө бажы төлөмдөрү саналып, бюджетке түшүп атса, анда ишенсе болот эле. Бирок, мен билгенден андай нерсе жок».

ЖИА ишкер ассоциациясынын президенти Жоодар Омошев бажы тутумун реформалоо иши ар дайым актуалдуу болуп турарын айтат. Деген менен, эксперт көмүскө экономиканы, анын ичинде бажыдагы аткезчиликти жоюу өкмөттүн экономикалык ишмердигинин өзөгүн түзүшү зарыл деп эсептейт.

«Бул жерде кеп 50% болгон көмүскө экономиканы кантип легалдаштыра алабыз дегенде турат. Мисалы, мен ишкер катары чет өлкөдөн товар алып келип атсам, очойтуп КНС менен бажы алымын төлөп атсам, анан менин атаандашым ошол эле товарды алып кирип атканда мен төлөгөн сумманын 1/3 төлөп атса – ал соода баштай элек эле мага караганда эки эсе кирешеге ээ болуп атпайбы. Албетте, бажы тармагы реформаланып, Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынып турушу керек. Бирок, негизги максат көмүскөдө жаткан экономикадан кантип өлкө бюджетин толтура алабыз деген суроо болушу керек. Эгерде биздин Кытай, Өзбекстан, Казакстан менен болуп аткан сооданын жарымы чек арадан аткезчилик жол менен өтүп атса, биз бюджетке акча толтурмай бул жакта турсун, ачык иштеп бюджетке акча төгүп аткан ишкерди да коркутуп, качырып жиберебиз. Көмүскө экономика менен күрөшүү жөнүндө 2020-жылы Садыр Жапаров өлкө башына келгенде айткан, өкмөт дагы жарыялап жатат – ошону ишке ашырса, бюджетке толтура акча түшөт».

Бажы кызматынын алдына 2023-жылы 94,6 млрд сом чогултуу тапшырмасы коюлган. Анын ичинен 73 млрд сомун Евразиялык экономикалык биримдикке кирбеген, үчүнчү өлкөлөрдөн кирген товарлар үчүн алынуучу кошумча нарк салыгы түзөт. Ал эми беш мүчө мамлекеттин ЕАЭБдин казынасына чогулткан бажы төлөмдөрүнөн Кыргызстандын үлүшүнө 1,9% тиет.

Кыргызстанда бажы системасы эң коррупциялашкан тармактардын бири катары саналат. Бул коррупциялык схемалар боюнча жаңжал 2018-жылдан тарта коомчулуктун назарында болгон. Бул темадагы журналисттик иликтөөнү «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP) жана «Клооп» порталы жарыялаган.

Анда бажыдагы коррупцияга Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан. Бул иликтөө коомчулукта резонанс жаратып, коррупциялык схеманы түзгөндөрдү жоопко тартуу талабы менен Бишкекте «Реакция» аттуу нааразылык акциялар өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG