Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Bulak.kg: «Азаттык» менен «Кактусту» жабууну талап кылгандардын көбү фейктер экени аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттыктын» жана «Кактус Медианын» жабылышын талап кылып социалдык түйүндөргө пикир жазгандардын көбү фейк аккаунттар экенин Bulak.kg сайты аныктап чыкты.

31-январда жарыялаган макаласында сайт катардагы жарандар аталган медиаларды колдоп, жабылышына каршы пикир жазышканын, ал эми чыныгы аты-жөнүн, бетин жашырган фейктер жабууну талап кылышканын белгиледи.

“Ким социалдык түйүндөр аркылуу эркин ЖМКлардын ишине каршы эң көп жазганын териштирип чыктык. Кылдат анализ үчүн биз YouScan ресурсун колдонуп, 1-26-январь аралыгында ушундай өңүттө жарыяланган комментарийлерди жана постторду чогулттук. Аталган ЖМКларды жабуу чакырыктары Facebook социалдык түйүнүндө көп болгон – 91%, YouTube видеохостингинде – 9%, Instagram жана башка аянтчаларда 1% чейин. Жабууну талап кылгандардын көбү фейк аккаунттар. Ушундай эле маанай УТРКнын кызматкерлеринде байкалды”, - деп жазды Bulak.kg.

Макалада белгиленгендей, фейк аккаунттар жазган постторун ондогон тайпаларга бөлүшүп турушкан.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медианы” жабуу тууралуу арызы сотто 9-февралда каралганы жатат. Министрлик буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтына чыккан видео материал негиз болгонун айтууда. “Азаттык” бул материалда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы эч нерсе жок экендигин билдирүүдө.

Министрликтин кадамын бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG