Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Прокуратура: чуулгандуу иштер, "Азаттык", мыйзам үстөмдүгү



Башкы прокурор сын-пикирлерге жооп берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:01 0:00

Башкы прокурор сын-пикирлерге жооп берди

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 31-январда маалымат жыйынын өткөрүп, чуулгандуу кылмыш иштери жана көзөмөл органга айтылган сын-пикирлерге жооп берди.

Башкы көзөмөл органдын башчысы Курманкул Зулушевге жолдонгон журналисттердин суроолорунун көпчүлүгү коомчулуктагы талкуу жараткан, чуулгандуу кылмыш иштерге байланыштуу болду. Зулушев төкмө акын Болот Назаровго он жыл сураган прокурор жөнүндө суроого жооп берип жатып, сот иштеринде мамлекеттик айыптоочуларга эч ким басым жасоого акысы жок деди.

“Сотто катышкан прокурорго басым болбойт. Эгерде күнөөсү болсо, канча жылга кесүү боюнча соттон сурайт. Ошондуктан сотко катышкан прокурор он жыл сурап жатат. Сот күнөөсү жок деп актады. Биз ал чечимге каршы арыз жазганыбыз жок. Себеби соттун чечимин туура деп чечтик”, - деди Зулушев.

Парламенттеги сындарга жооп

Шектүү соттон акталып же иш кыскарган учурда иш козгогон прокурордун жоопкерчилиги жөнүндө маселе парламентте дагы көтөрүлгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 11-январдагы парламент жыйынында прокурорлордун ишмердүүлүгүн сынга алып, мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин мисалга тарткан.

“Саламаттык сактоо министринин досу бар экен, эптеп чыгып кетти. Досу жоктор адилеттүүлүктү кайдан издейт? Бул иште башкы прокурор же министр жоопкерчиликке тартылган жок. Эч ким эч нерсе болгон жок. Достору, акчасы жоктор алты айлап абакта жатат”, - деген.

Башкы прокурор Зулушев прокуратура козголгон иштерди сотко жеткирүүнү көздөбөй турганын, ошол эле маалда бардык фактыларды текшерип чыгарын билдирди.

“Министр (реда: Алымкадыр Бейшеналиев) менен пикир келишпестиктер болду. Биз ошого карабастан адилеттүү болсун деп ишти Ички иштер министрлигине өткөрүп бергенбиз. Алар тергеп, жыйынтыгы менен кылмыштын курамы жок дешти. Биз ошо менен токтодук”, - деди Зулушев.

Алымкадыр Бейшеналиев 2022-жылы июнь айынын башында "коррупцияга" айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң сомго вакцина сатылып алынганы үчүн айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген.

4-июнда ошол кездеги министр Алымкадыр Бейшеналиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев президенттин чечими менен ээлеген кызматтарынан “тергөө мезгилине байланыштуу” деген негизде убактылуу четтетилишкен. Кийин Бейшеналиев жумуштан алынып, ага каршы козголгон кылмыш иштери кыскарган, Зулушев кайра ордуна барган.

Буга чейин парламенттеги эки депутат Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев башкы прокуратуранын ишин сындап чыккандан кийин суракка чакырылган. Алар муну басым деп атап, президент комиссия түзгөн. Зулушев Токторбаевдин айткандары такталбай калганын, ал эми Атазов боюнча иш оң жагына чечилгенин айтып берди.


Зулушевге журналисттер “Азаттык Медиа” мекемесинин банк эсептеринин себепсиз жабылышы, ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө суроо беришти.

“Аталган сот иштерине прокуратура тарап катары катышкан жок. Сиз айткан мыйзамсыздык боюнча кайрылуу түшсө карап чыгып, баа беребиз”, - деди Зулушев.

Ошондой эле Кумтөр иши боюнча тергөө бүткөндөн кийин маалымат берерин, ал эми Баткендеги курулуштар жөнүндө маалыматтар текшерилерин айтты.

Саясий серепчи Руслан Акматбек өлкөдө сот-укук коргоо органдары толук реформа болмоюнча прокуратура тармагына өзүнчө баа берүүнү туура эмес деп эсептейт. Анын пикиринде, мыйзамга көзөмөл жүргүзүүчү орган учурда өз милдетин атркарган жок.

“Кандай суроо берилбесин “мыйзам чегинде” карайлы деп жооп берет. Акыркы учурда прокуратуранын акыйкаттык, адилеттүүлүк үчүн жасаган реалдуу кадамын көрө элекпиз. Эл аралык уюмдардын берген баасы, жарандардын камалып жатканы, өлкөдө жарандар өз пикирин чектеп калганы, лайк баскандан коркуп калган заманда мыйзам көзөмөлүн айтыш кыйын”, - деди Акматбек.

Жыл жыйынтыгы

Башкы прокурор берген маалыматка ылайык, прокуратура органдары тарабынан 2022-жыл ичинде жалпы 11 млрд. 679 млн.607 миң сомдук зыян аныкталып, алардын 9 млрд. 255 млн. 909 миң сому мамлекетке кайтарылган.

Ал эми былтыр аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукка байланыштуу укук коргоо органдары 6 580 кылмыш иши козголгон. Башкы прокурордун сөзүнө караганда, бул 2021-жылга салыштырмалуу 4 290 ишке аз.

Былтыр аялдарга жасалган кылмыш иштеринин 2 709у сотко жөнөтүлүп, 1 937и өндүрүштөн кыскартылып, 1 305 иш токтотулган. Ал эми 781 иш тергелип жатат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG