Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:54

Бишкектеги башаламан курулуш: камалган архитекторлор


Айтматов жана Масалиев көчөсүнүн кесилиши. "Азаттыктын" 2018-жылдагы иликтөөсүнөн алынган сүрөт.
Айтматов жана Масалиев көчөсүнүн кесилиши. "Азаттыктын" 2018-жылдагы иликтөөсүнөн алынган сүрөт.

Бишкектин түштүк аймагындагы жерлерди жеке колго берүүдө жана шаар курууда коррупциялык схема түзгөн деп шек саналып мурдагы жана азыркы жетекчилер кармалды.

Башкы прокуратура тараткан маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы буга чейин козголгон кылмыш иштин негизинде Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун мурдагы жетекчиси Жыргалбек Асаналиев менен “Бишкек башкы архитектура” ишканасынын бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Чыңгыз Медербек уулу кармалып, соттун чечими менен №1 тергөө абагына камалды.

Түштүк аймактын инфраструктурасы бузулган

Көзөмөл орган тергөөдө "Жыргалбек Асаналиев “Бишкек башкы архитектурадагы” кызмат адамдары менен бирге материалдык кызыкчылыкты көздөп, шаар курулушунда коррупциялык схема түзүп, жер тилкелеринин багытын өзгөртүп, көп кабаттуу үйлөрдү салуу үчүн жеке компаниялардын кызыкчылыгын сүрөгөнү аныкталды" деп билдирди.

Кеп Бишкек шаарынын түштүк аймагындагы жер тилкелери жөнүндө болуп жатат. Прокуратуранын билдирүүсүндө, "калаанын түштүк бөлүгүндөгү жашыл аймактарды жеке жактарга, курулуш компанияларына берүү үчүн деталдуу пландын долбоорунда жалган маалыматтар камтылган" деп айтылат.

Көзөмөл орган шек саналып жаткан кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракети Бишкек шаарынын түштүк аймагынын башкы жана деталдуу планын кескин өзгөрүп, транспорттук, экологиялык инфраструктура талкаланып, маданий жана социалдык имараттар курулуучу аймактардын азайышына алып келген деп эсептейт.

“Кармалгандардын үйүн жана кеңсесин тинтүү маалында бир канча курал ок-дарысы менен табылды. Ошондой эле анын мыйзамсыз аракеттерин ырастаган документтер алынды. Шектүүлөр тергөө абагына камалды”, - деди Башкы прокуратуранын өкүлү.

Жыргалбек Асаналиевге Кылмыш жаза кодексинин 336-беренеси, (“Коррупция”), 379-берене (“Документтердин жасалмасын жасоо”) менен кылмыш иши козголду. Ал эми Чыңгыз Медербек уулу 337-берене (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 379-беренесине (“Документтердин жасалмасын жасоо”) шек саналып жатат. Башкы прокуратура кылмышка шектүү башка кызмат адамдарын аныктоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Азырынча шек саналгандардын жактоочулары же жакындарынан маалымат алууга мүмкүн боло элек. Алардын жүйөсүн дагы угууга даяр экенибизди белгилей кетели.

Жыргалбек Асаналиев деген ким?

Алгач прокуратура шаардык бир бөлүгүнө жоопкер катары көрсөтүп жаткан Асаналиев жөнүндө азыноолак токтололу.

Жыргалбек Асаналиев.
Жыргалбек Асаналиев.

64 жаштагы Жыргалбек Асаналиев интернеттеги маалыматтарда 20 жылга жакын курулуш тармагында эмгектенген. Акыркы кызмат орундарынын бири болгон - Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору болуп 2018-2020-жылдары иштеген.

2022-жылы 15-июнда мэриянын алдында түзүлгөн "Бишкекгенплан" ишканасынын жетекчиси болуп Жыргалбек Асаналиев дайындалган. Мэр Эмилбек Абдыкадыров бул ишкана шаарды курууда башкы планды иштеп чыгуу менен алектенерин айткан. Бирок, бир айдан кийин курулуш тармагындагы коррупцияны талкуулаган Координациялык кеңештин жыйынында аты аталып, кызматтан кеткен.

Асаналиевдин шаар куруудагы ролу

Башкы прокурор Курманкул Зулушев төрагалык кылган Координациялык кеңештин жыйынына Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров катышкан. Анда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жаңы дайындалган жетекчи Нуртазин Жетибаев акыркы жылдардагы Бишкектеги, айрыкча калаанын түштүк аймагындагы башаламан курулуштарга Жыргалбек Асаналиевди күнөөлөгөн.

Жыйында Жетибаевдин атайын баяндама жасап, Асаналиев кызматта турган 2000-жылдардан бери шаарды өнүктүрүүдөгү 60 жакын долбоорду иштеп чыгууга катышып, калаа курулушунда негизги ролду ойногонун айткан.

Агенттик жетекчиси Нуртазин Жетибаев учурда түштүк аймак боюнча мекемеде иликтөө жүрүп жатканын, жыйынтыгы менен кандай мыйзам бузуулар болгонун коомчулукка жарыяларын билдирди. Жетибаев алдын ала маалыматтарга таянып, Жыргалбек Асаналиевди шаардын аталган бөлүгүн пландоонун башында турган деди.

Нуртазин Жетибаев.
Нуртазин Жетибаев.

“Жыргалбек Асаналиев түштүк аймакта долбоордун башкы архитектору болгон. Ал бүгүнкү кезге чейин документтерин тапшыра элек. Мен бул боюнча “Бишкек башкы архитектурасына” эки жолу кайрылгам. Баары ошол кишинин колу менен жасалган. Эми азыр тергөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгын органдар өздөрү чыгарат болуш керек”, - деди Жетибаев.

Жетибаев ал жыйында азыркы вице-мэр Бактыбек Абдиевди дагы сындаган. Бирок, Мэр Эмилбек Абдыкадыров аты аталган кызматкерлерге расмий айыптоо жок экенин айтып, аларды кесипкөй адис катары сыпаттаган.

“Кесипкөйлөр иштебегендиктен ушундай кемчиликтер болуп жатат. Бул балдар кесипкөйлөр. Аларга карата эч кандай иш жок жана жоопкерчиликке тартылган эмес. Алар шаарды жакшы билет, оңдойт деген принцип менен алып келдим. "Жок бул балдар болбойт десеңиз" мен алмаштырганга даярмын”.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров курулуш мамлекеттик агенттигин башчысынын айтканы олуттуу айыптоо экенин, муну укук коргоо органдары текшерүүгө аларын белгилеген болчу.

Жыргалбек Асаналиев Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору болуп турганда жана ага чейин деле массалык маалымат каражаттарында Бишкекти башкы планы кабыл алынбагандыктан жерлер коррупциялык жол менен берилип, башаламан курулуш жүрүп жатканын айтып келген.

Маселен, 2018-жылы Бишкек шаарынын деталдуу планын талкуулаган жыйындардын биринде мындай деген.

"2006-жылы башкы план кабыл алгандан бери биз депутаттарга болобу башкасына болобу деталдуу планды эртерээк абыл алышыбыз керектигин айтып, жазып келатабыз. Эгер бул планды иштеп чыгууга эрте акча бөлүп, беш-алты жыл мурда эле кабыл алганыбызда ошол "коррупциялык" делип жаткан иштерге жол берилбейт болчу. Мунун баарын даярдоого акча керек эле. Мына бүгүнкү күндө Бишкекти деталдаштыруу планын даярдоого 20 млн. сомдой каражат жумшалып жатат. Бирок ушул акчаны алыш үчүн биз беш жылдап түшүндүрүп жүрүп алдык. Ошол акча колго кеч тийген үчүн аягы ушул күнгө келди".

Бишкектин "өпкөсүн" кыскан курулуштар

Түштүк магистрал - Бишкектин түштүк-батыш жана түштүк-чыгыш тараптарын бириктирген Абсамат Масалиев атындагы кең көчө. Түштүк аймак деп ошол көчөнүн жогору жагы айтылып жүрөт. Ал жерде Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн мамлекеттик резиденцияга алып баруучу бөлүгү жайгашат. Айтматов көчөсүн бойлой учурда кабат үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат.

1990-жылдары Кыргызстандын Курулуш жана архитектура министрлигин башкарган Ишенбай Кадырбеков мурдагы башкы план боюнча түштүк бөлүк шаардын жашыл аймагы катары курулушка уруксат берилген эмес дейт.

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

"Мурдагы план боюнча "шаардын өпкөсү" деп аталып, жашыл аймак болуп калтырылган. Балким, кийин өзгөртүлдү. Ошондуктан азыр эч нерсе айта албайм", - деди Кадырбеков.

Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Канатбек Музуралиев шаардын жашыл аймагындагы жерлер чекесинен кертилип сатылып, учурда аны калыбына келтирүү мүмкүн болбой калганын белгиледи.

“Ыйлагандын көзү, айткандын сөзү жаман" дегендей далай жолу айттык. Түштүк аймактын качан берилип кеткенин убагында билбей калдык. Архитектура бизге маалымат бербейт. Бош жаткан жерлердин баарынын ээси бар экен. Алардын баары беш-алты жылга ижарага алып, акчасын төлөп күтүп жүрүшкөн. Анан үйлөрдү куруп бүткөндө билинип калды. Эми ал жердеги 9-10 кабат үйлөрдү ким буза алат?”, -деди Музуралиев.

Мэрияда жетекчилик кызматтарда иштеп кеткен Мавлян Аскарбеков жер, курулуш боюнча комиссияларда акимдин орун басары катары бир канча жолу мүчө болгон. Түштүк аймак Бишкектеги эң кымбат сатылган жерлер болгонун, ал жогорку бийликтеги таасирдүү адамдар аркылуу чечилгенин айтууда.

“Бишкектин түштүк тарабы эң кымбат жерлер. Сотыхы 50 миң, 100 миң доллардан жогору. Убагында Бишкек мэриясынын жерлери жеке колдорго өттү. Азыр дагы ал жакта курулуштар жүрүп жатат. Эми Асаналиевди жалгыз кармап коюшту. Андан системада адамдар көп, бир киши менен маселе чечилбейт".

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров буга чейин шаардык түштүк аймагындагы 200 гектардан ашуун жер ижарага берилип, көп кабаттуу үйлөр салынганын кабарлаган. Калаа башчысы ал боюнча текшерүү жүрүп жатканын, жакында жер берүүгө тиешеси бар мурдагы үч-төрт мэрдин атын атоону убада кылган. Бирок, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча азырынча эч кандай маалымат жок.

Мындан 5-6 жыл мурун “Азаттык” дагы ал курулуштар жөнүндө бир нече иликтөөлөрдү жарыялап, анын артында жогорку бийлик адамдары турарын аныктаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG