Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

Прокуратура сурагы: эки депутаттын ишине президент кийлигишти


Шайлообек Атазов, Садыр Жапаров жана Жеңишбек Токторбаев. Коллаж.
Шайлообек Атазов, Садыр Жапаров жана Жеңишбек Токторбаев. Коллаж.

Жогорку Кеңештин эки депутатынын Башкы прокуратурада суракка алынышын президент түзгөн жумушчу топ иликтемей болду.

Парламентарийлер өткөн аптада прокуратуранын ишин сындаган билдирүүлөрүнөн кийин башкы көзөмөл органына суракка чакырылган. Алар муну басым деп баалап, депутаттардын Конституция, мыйзам менен корголгон укуктары бузулуп жатканын айтышкан эле.

Эки депутаттын ишин жумушчу топ иликтейт

Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазовдун Башкы прокуратурада сурак бериши боюнча маселе президентке чейин жетти. Парламенттин 8-декабрдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев эл өкүлдөрүнө байланыштуу бул окуяны иликтөө үчүн мамлекет башчы Садыр Жапаров жумушчу топ түзгөнүн, териштирүүнүн корутундусу бир аптада чыгарыларын билдирди.

“Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазовго Башкы прокуратура басым кылып жатканы айтылган. Ошол кайрылуулардын негизинде өлкө башчысы Жапаров Садыр Нуркожоевич жумушчу топ түзүп ага бир жумалык мөөнөт берилди. Жумушчу топ Башкы прокуратуранын аракеттери боюнча талдап, корутундусун президентке берет”.

Жумушчу топтун курамы жана ал кандай иштейт спикер да, президенттин басма сөз кызматы да маалымат берген жок.

Парламенттин 30-ноябрдагы жыйынында Шайлообек Атазов “каржы пирамидаларынын” көз боёмочулугу тууралуу маселе көтөрүп, алдамчы топторду “прокуратура жана милиция органдары калкалап” жатканын айткан. Анын сөзүн Жеңишбек Токторбаев да колдоп, Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөө укугу берилгенден бери "монстрга айланганын" билдирген. Бул маселени Жогорку Кеңеште талкуулап, башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызмат ордуна ылайыктуулугун кароо сунушун берген.

Эки депутатты тең ушул эле күнү Башкы прокуратура чакырып, алар үч сааттай сурак берип чыгышкан. Башкы көзөмөл органы алар парламентте көтөргөн маселелелер боюнча маалымат алуу үчүн суракка чакырылганын билдирген.

Ушундан кийин Жеңишбек Токторбаев Конституция, Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзам бузулуп жатканын айтып бийлик жетекчилерине кайрылган жана бул окуя боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөргөн. Бирок комиссия түзүлгөн жок. Депутат ошондой эле Башкы прокуратурадан тергөө укугун алуу жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Президент түзгөн жумушчу топ боюнча депутат Исхак Масалиев “Азаттыкка” пикири менен бөлүштү.

“Башкы прокурор көз карандысыз кызматкер. Ал бир гана Конституция менен мыйзамга баш ийет жана Жогорку Кеңешке отчёт берет. Бирок президент анын ишин текшерүү үчүн комиссия түзгөнү өтө кызык да. Менин түшүнүгүм боюнча бул мыйзамга дал келбейт. Бирок эми бул экинчи жолу болуп атпайбы. Эгерде бул улана берсе башкы прокурордун көз карандысыздыгы жоголот, президенттин администрациясы буйрук бере алат деген сөз. Эгерде ушундай болсо “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” камакта жаткан мүчөлөрү боюнча да комиссия түзсүн. Мен буга байланыштуу кат даярдап президентке сунуш бергени жатам. Мүмкүн кылмыш иши туура эмес козголгон деген жыйынтык чыгат. Алар боюнча да комиссия түзүш керек. Же депутаттар менен эле министрлердин иши боюнча маселе каралабы? Ар бир кылмыш иши боюнча комиссия түзөлү анда”.

Июнь айында ошол кездеги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишин иликтөө үчүн президент Садыр Жапаров комиссия түзгөн. Алымкадыр Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтан убактылуу четтетилип кийин Зулушев жумуш ордуна келди. Ал эми Бейшеналиев кызматтан алынып козголгон кылмыш иши токтотулду. Комиссияга кимдер киргени жана кандай чечим чыгарганы айтылган эмес.

Анда да юристтер коомчулугу Башкы прокуратура козгогон ишти атайын комиссия иликтегени мыйзамсыз экенин эскертишкен.

Жогорку Кеңеште абал чыңалды

Акыркы бир айга чукул убактан бери Жогорку Кеңеште саясий абал чыңалып турат. Депутаттардын суракка чакырылышы, депутат Өмүрбек Бакировдун Ак үйдүн 7-кабаттагы иш бөлмөсүнөн чыгарылышы чыңалууну күчөткөндөй болду.

Парламенттин 7-декабрдагы жыйынында “Элдик” депутаттар тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев Өмүрбек Бакировдун иш кеңсеси жок жүргөнүн айтып, төрага Нурланбек Шакиевди сындады.

“Ата Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” тобу өз билемдик кылып жатат. Нурлан Тургунбекович, сиз мындай мыйзамсыз иш кыла берсеңиз, сиздин да кызматтык ордуңузду карайбыз. Анткени төрт чарчы залды “Мекенчилби”, “Ата Журтпу”, ошолордун катчылыгына берип, 709-кеңсени да катчылыгыңарга берип, 7-кабатта ким отурса баарын ылдый түшүрөбүз деп өзүм билемдик кылып жатасыңар”.

Өмүрбек Бакиров Ак үйдүн 7-кабатындагы кызматтык бөлмөсүнөн ноябрда чыгарылган. Ал мунун алдында кыргыз-өзбек чек арасы талкууланып жатканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен.

“Ата Журт Кыргызстан” бийликчил фракция катары сыпатталып келет. Ал эми Элмурза Сатыбалдиев төрагалык кылган “Мекенчил” тобу октябрь айында гана түзүлгөн. Бул топко спикер Нурланбек Шакиев жана Камчыбек Ташиевдин иниси, депутат Шаирбек Ташиев да мүчө.

Нурланбек Шакиев Акылбек Түмөнбаевге жооп берип бардык депутаттарга бирдей, калыс мамиле жасап жатканын айтып, спикердин кеңсе бөлүштүрүүгө укугу жок экенин билдирди.

“Мен калыс болууга бардык мүмкүнчүлүгүмдү, аракетимди жумшап атам. Бардык фракцияларга бирдей мамиле кылам. “Мекенчил” депутаттык тобу кийин түзүлгөн. Алардын катчылыгына иш бөлмө сурашты. Биз иш башкармалыкка иш бөлмө бөлүп бергиле деп айттык. Катчылык мындан башка жер жок деп бир топ чоң бөлмөлөрдү көрсөттү. Биз булар болбойт өтө чоң экен кичирээгин таап бергиле дедик. Анан ошол жерди таап бөлүп беришти”.

24-ноябрда Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсү боюнча окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия Президенттин иш башкармалыгынын жетекчилиги анын депутаттык кол тийбестигин одоно бузган деп таап, Башкы прокуратурага аларга карата жазык мыйзамдарына ылайык катуу чара көрүү тапшырмасын берген.

“Эки депутаттын суракка чакырылышы, УКМКнын жалпы эле укук коргоо органдарынын депутаттарга жасаган мамилеси – парламенттин беделин толук түшүрүү аракети. Ал эми “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы, “Мекенчил” тобу “экинчи президентке” баш ийген фракциялар катары Жогорку Кеңеште өздөрүн кожоюн катары сезишет. Ушундан улам башка депутаттар нааразы болуп чыкты. Бул “бийлик биз тарапта” деген талаштан кийин эле чыккан маселе. Иш бөлмө боюнча маселе - бул депутаттардын статусуна байланышкан маселе”, - деди саясат талдоочу Нурсултан Акылбек.

Жогорку Кеңештин депутаттары парламентте саясий абал чыңалып кеткенин бир нече жолу кайталашып, бул маселени жабык эшик артында талкуулап алуу сунушун да берип жатышат. Нурланбек Шакиев октябрь айынын башында төрага болуп шайланган. Ага чейин бул кызматта турган Талантбек Мамытов өз арызы менен жумуштан кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG