Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:05

Кемпир-Абад иши: Сотту жабык өткөрүүгө жол ачкан "жашыруун" гриф


Кемпир-Абад ишине байланыштуу тегерек үстөл. Бишкек шаары. 31-январь
Кемпир-Абад ишине байланыштуу тегерек үстөл. Бишкек шаары. 31-январь

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган мурдагы депутат Орозайым Нарматова 30-январда соттун чечими менен үй камагына чыкты. 31-январда Бишкекте Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын жакындары, адвокаттар, укук коргоочулар жана жарандык активисттер тегерек үстөл уюштуруп, камактагылардын ишиндеги “жашыруун” грифти алып салууну талап кылышты.

Ушул эле күнү баш прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын өткөрүп, анда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандарын иши боюнча пикирин билдирди.

Орозайым Нарматова үй камагына чыкты

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 30-январда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган мурдагы депутат Орозайым Нарматованын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды.

Анын жактоочусу Гуляна Убалиева сот мындай чечимди ден соолугуна байланыштуу чыгарганын “Азаттыкка” билдирди.

“28-январь күнү тергөө абагынан Нарматованы эс-учун жоготуп, оор абалда алып чыгышкан. Жүрөгү ооруй турганы буга чейин ачкачылык жарыялаганда билинген. Андан бери кан басымы түшүп, жүрөгү бат сого баштаган. Мен аны реанимацияга түшүп калганда билдим. Сот тергөө абагында жетиштүү медициналык шарттын жоктугун эске алып, үй камагына чыгарды. Нарматова азыр палатага которулуп, дарыланып жатат”, - деди адвокат.

Бул маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы да ырастап, Нарматова 20-февралга чейин үй камагында болорун билдирди.

Орозайым Нарматованын саламаттыгы начарлап кеткени буга чейин айтылган. 27-декабрда шаардык сотто бөгөт чарасы каралып жатканда эстен танып, кулап түшкөн.

Нарматова бийликти сындап жүрүп, Кемпир-Абад иши боюнча камалган алты аялдын бири. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү.

"Жашыруун грифке" нааразылык

Ал арада 31-январда Бишкектеги “Достук” мейманканасында Кемпир-Абад иши боюнча камакта отургандарга козголгон кылмыш ишине “жашыруун" грифтин коюлушу боюнча талкуу өтүп, ага абакта отургандардын адвокаттары, жакындары, укук коргоочулар жана жарандык активисттер катышты.

Жыйын жарыксыз, шам жагылган шартта өттү. Мейманкана жетекчилиги имараттын “жыйындар залындагы жарыктын өчүшүн электр зымдарынын жабыркаганына байланыштырды.

Жыйында саясатчы Жеңиш Молдокматов менен жарандык активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев “жашыруун” грифинин киргизилиши мыйзамга каршы келерин билдирди.

“Үч айдан бери эч кандай жашыруун сыр болбой, эми эле пайда болуп калганында бир эле максат бар. Ал соттук отурумдарга абактагылардын жакындарын, журналисттерди киргизбей, отурум боюнча коомчулуктан маалыматтарды жашыруу болуп жатат. Кылмыш иши мамлекеттик сырга, банктык купуя маалыматтарга байланыштуу болсо гана “жашыруун грифин” берсе болот. Азыркыдай шартта ишке мындай статус берүү мыйзамга каршы келет”.

"Жашыруун гриф" демекчи, кылмыш ишине мындай статус берилгенде сот отурумдары жабык өтүп, айыпталуучунун жакындары, журналисттер жана байкоочу уюмдар, укук коргоочулар процесске катыша албай калат.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова мунун арты менен адвокаттарга да кысым болушу мүмкүн деген ойдо.

"Адвокаттар өз жумушун аткарып, грифти алуу боюнча өтүнүчтөрдү келтирет. Бирок алардын лицензиясын алып коюп же ишмердигине бөгөт коюшу мүмкүн. Соттолуучулар кол койбой койгонго укугу бар. Бирок алар менен байланышуу кандай болот? Соттук териштирүүгө байкоо салууга уруксат берилеби? Акыйкатчынын кызматкерлери, эл аралык уюмдар процесстерге катыша алабы? Журналисттер, силер кире албайсыңар. Мен дагы, абактагылардын жакындары дагы кире албайт. Эмне болуп жатканын билбей калабыз".

Тегерек үстөлдүн катышуучулары "жашыруун грифти" алууну талап кылуу боюнча чечим кабыл алып, кайрылуу жолдой турган болушту.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын кылмыш ишине мындай статустун берилгенин 18-январда Орозайым Нарматованын жактоочусу Гуляна Убалиева билдирген. Ал ошол эле күнү тергөө тобуна грифти алуу боюнча өтүнүч келтиргенин, бирок азыркыга чейин жооп болбой жатканын айтты.

Убалиева буга байланыштуу тергөө тобунун башчысы Улан Жапековдун үстүнөн тергөө судьясына кайрылганын, отурум 1-февралда Биринчи Май райондук сотунда караларын кабарлады.

Убалиеванын айтымында, башка айыпталуучулардын жактоочуларынын грифти алуу боюнча өтүнүчү четке кагылган. Алар "жашыруун грифтин" киргизилгени боюнча сотко арыз менен кайрылышкан.

Баш прокурор Курманкул Зулушев 31-январда маалымат жыйын берип, анда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандар тууралуу да пикирин билдирди.

"Тергөө жүрүп жатканда биз шектүүлөрдү чыгаргыла деп тергөөчүгө басым жасай албайбыз. ИИМдин, прокуратуранын же УКМКнын тергөөчүсү болбосун, алардын сунушуна макул болобуз. Тергөөчү өзү билет, ал ишти аныкташы керек. Шектүүлөрдүн баары тергөөдө көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Алар кайрадан сурак беребиз десе, биз көзөмөлгө алабыз", - деди Зулушев.

Адвокат Кантемир Турдалиев шек саналып жаткандар тергөөдө көрсөтмө берүүдөн баш тартууга укуктуу экенин, Жеңиш Молдокматов менен Эрлан Бекчоро уулу бир гана сотто сурак бере турган болгонун билдирди.

Абактагылардын талабы

Буга чейин “Кемпир-Абадды коргоо комитети” камалып, азыр ооруп жаткан аялдарды, саясатчылар Азимбек Бекназаровду, Равшан Жээнбековду, Мамбетжунус Абыловду жана активист Таалайбек Мадаминовду ооруканага чыгарууну талап кылган.

“Кемпир-Абадды коргоп камакта жаткандар, саясий туткундар Жогорку Кеңештин төрагасына, адам укуктары боюнча түзүлгөн комиссиянын төрайымы Гуля Кожокуловага, Акыйкатчы институтуна, Кыйноолорду алдын алуу борборуна кайрылып, биздин талапка көмөктөшөт жана абактагы абалыбыз менен жакындан таанышып кетет деп ишенебиз”, - деп жазылган комитеттин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган катта.

Кайрылууга тиешелүү тараптар жооп бере элек.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган.

Алардын ичинен Нурлан Асанбеков менен Талантбек Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан, азыр 20дан ашык адам абакта кармалууда.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.


Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет. Абакта отургандардын ондон ашыгы күнөөсүз экенин айтып, дээрлик эки аптадай ачкачылык кармашты.

Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 26-27-январда Кыргызстандагы мамлекеттик сапарында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндө протоколго кол коюлду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG