Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Октябрь окуясы: Атай Бейшенбекке козголгон иштердин таржымалы 


Атай Бейшенбек сот залында.
Атай Бейшенбек сот залында.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынган активист Атай Бейшенбекке дагы үч кылмыш иши козголду. Алардын экөө 2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу. Тергөөнүн маалыматында, Атай Бейшенбек үч жыл мурдагы "тополоңду уюштурууга", "Бишкек мэриясын басып алууга катышканы" жазылат. Камактагы блогер, анын адвокаты бул айыптоолорду мыйзамсыз деп билдирүү жасады.

Бир күндө белгилүү болгон үч иш

Атай Бейшенбек 2022-жылы 25-октябрда “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси менен камалып, ошондон бери темир тордо отурат. Ал Кемпир-Абад боюнча камалган 30га чукул саясатчы, активисттердин бири.

Быйыл 24-январда Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Атайга дагы үч берене боюнча айыбын угузган. Алар:

  • 213-беренесинин, 4-бөлүгү (Турак жана (же) турак эмес жайды, имаратты же курулманы мыйзамсыз ээлеп алууну уюштуруу же жетектөө) ;
  • 278-берененин, 2-бөлүгү (Массалык башаламандыктар);
  • 209-берененин, 3-бөлүгү (Алдамчылык).

Бул жерден Октябрь окуяларына байланыштуу козголгон эки кылмыш ишинде көңүл бура турган жагдайлар бар.

26-январда Атай Бейшенбектин Фейсбуктагы баракчасына ИИМдин тергөөчүсү даярдаган токтомдун бир бөлүгү жарыяланды.

Анда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон “Чоң Казат”, “Ата Мекен”, “Бир Бол”, “Республика”, “Мекенчил”, “Бүтүн Кыргызстан” сыяктуу партия лидерлери 5-октябрда чагымчыл жарыяларды таратып, мыйзамдуу бийликке каршы митинг уюштурганы жазылат.

Документте борбордук аянтка топтолгондор Ак үйдү басып алгандан кийин Атай Бейшенбек менен Жоошбек Коеналиев деген жаран Бишкек шаардык мэриясынын имаратына кирип барганы айтылат. Интернетке тарап кеткен токтомдун маанилүү делген жерин келтирели:

“Атай Бейшенбек уулу, Жоошбек Коеналиев жана тергөө учурунда белгисиз адамдар түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, өз ара ролдорду бөлүштүрүп, мамлекеттик органдардын жогорку жетекчилик кызматтарын күч менен басып алууну пландаштырышкан. Ага ылайык, Атай Бейшенбек уулуна Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу милдети, Жоошбек Коеналиевге болсо Бишкек шаарынын мэри деген кызмат жүктөлгөн”.

Атай Бейшенбектин Фейсбуктагы баракчасына жүктөлгөн тергөөчүнүн токтому.
Атай Бейшенбектин Фейсбуктагы баракчасына жүктөлгөн тергөөчүнүн токтому.

Үч жыл мурдагы окуя боюнча козголгон кылмыш ишине Атай Бейшенбектин Фейсбуктагы баракчасына жооп жарыяланды. Блогердин атынан жазылды делген билдирүүдө минтип айтылат:

“Айыпкер катары жоопко тартуу токтомунда мага "Жогорку Кеңештин имаратына талкалап киришкен, андан соң Жоошбек Коеналиев менен мэрияны басып алышкан" деп жатышат. Садыр ава, мен мэрияга ошол оор күндө эмне кылабыз, кандай кылсак туура болот деп агаңыз Сабыр ава менен Масалиев/Айтматов көчөсүнүн кесилишиндеги батиринде таң атпай сүйлөшкөн соң, ишеничтүү адамыңыз менен сунуш-пикирлерди кагаз жүзүндө берип, анан мэрияга барбадым беле. Оор кырдаал болуп жатат, эч ким ишке чыкпай жатат дегенде мэрия ишин штаттык режимде улантпады беле! Коеналиев менен бийликти басып алмак түгүл, мэрдин кабыл алуу бөлмөсүндө ага кире албай үч саат турганымды көргөн ондогон күбөлөр бар. Мэрияда иш турукташкан соң, дружиниктер менен имаратты бошотуп кеткенбиз, аны тастыктап бере алам”, - деп жазылат Атай Бейшенбектин баракчасында.


Жоошбек Коеналиев 2015-2018-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарын каттоо департаментин жетектеген. Алмазбек Атамбаевдин убагында президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу болгон Туруспек Коеналиевдин бир тууганы.

Жоошбек Коеналиевдин 6-октябрда сүрмө топ менен мэриянын имаратына кирип барып, өзүн "элдик мэр" деп атаган жайы бар. Бирок анын бийлигин эч ким тааныган эмес. Коеналиев “Азаттыкка” мэрияга байланыштуу иш боюнча суракка чакыртылбаганын айтты:

“Атай Бейшенбекти тааныбайм. Ал жерде көп киши жүргөн. Бизде мэрияны басып алалы деген ой болгон эмес. Имаратты гана сактап калалы дегенбиз. Мени суракка эмнеге чакырмак эле?”.

Ошол учурда Бишкек шаарынын мэрлигин мелжегендер көп болуп, анын имаратынын айланасында бир нече саясий топтор жүргөн. Ар кандай митинг, акциялар өткөн.

Ал эми Атай Бейшенбекке байланыштуу алдамчылык боюнча кылмыш иш мурда эле козголуп, жарандык активист 16-майда Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө эки сааттан ашык сурак берип чыккан. Ошондо Атай Бейшенбек 2019-жылы Айыл чарба министрлигине 200 миң сомго сайт жасап берүү иштерине катышканын, суроолор ошонун негизинде болгонун айтып берген.

Анын адвокаты Тимур Султанов маселе ошондо эле чечилгенин, ага карабастан эми кайра тергеле баштаганын айтты:

"Тергөө бир тараптуу жүрүп жатат. Азыркы күнгө чейин бир дагы далил көрсөтүшө элек. Атай Бейшенбек өзүнүн актыгына ишенет жана акталыш үчүн күрөшөт. Жактоо тарап дагы бул боюнча иш алып барууда", - деди Султанов.

Атай Бейшенбек бийликтин айрым кадамдарын сындап келген блогер. Ал кыргыз-тажик окуясы учурунда Фейсбуктагы активдүүлүгү менен белгилүү болгон. Былтыр октябрь айында Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган. Сотко алып келген сайын эч күнөөсү жок экенин айтып, өзүнө карата козголгон кылмыш иштерин “акылга сыйгыс” деп атап келет.

"Окшош аракеттерге эки башка мамиле"

2020-жылдагы Октябрь окуяларындагы толкундоолордон кийин мамлекеттик мекемелер башкаруусуз калганда ага кирип баргандар жана аны көзөмөлгө алгандар болгон. Мисалы, өкмөт үйүн ошол учурдагы “Чоң Казат” партиясынын лидери Максат Мамытканов менен “Мекен Ынтымагын” түптөгөн Темирбек Асанбеков көзөмөлдөп, ар кандай жыйындарды өткөргөн. Экөө тең кийин чоң кызматка дайындалды.

Башкы прокуратуранын имаратына Сыймык Жапыкеев барганы айтылган. Ал эми Курсан Асанов ИИМдин имаратында бийлик жүргүзгөн. Ага дагы кылмыш иши козголуп, кийин күнөөсүз деп табылган.


Өзүн мамлекеттик телеканалдар - КТРК, “Пирамида” жана 5-каналдын жетекчиси катары тааныштыргандар болгон. Алардын көбү имараттарды сактап калуу үчүн ушундай кадамга барышканын айтып келет.

Бийлик алмашкан 5-октябрга чейин жана андан кийинки саясий иштерге активдүү катышкан Шаирбек Маматокторов бул жерде тандалма мамиле болуп жатат деген ойдо:

“Бийликтин “Мекеним Кыргызстаны” менен “Биримдиги” 104 мандатты ээлеп алышына каршы чыкканыбыз чын. Анан эле ИИМдин тергөөчүсү ошондо жолу болуп кеткен партиялардын кадамы туура, ал эми ошолордун эле катарында жүргөн адамдардын аракетинен кылмышты көрө баштаса, анда муну кош стандарттуулук деп коёт. Бир эле ишке эки башка мамиле болуп жатат да. Ошондой опур-топур кезде саясий күчтөр абалды өзүнө колдонгусу келет. Колдонуп эле жүрүшөт. Бирөөсү Башкы прокуратурага барды. Сыймык Жапыкеевди көргөм. Анда баарынын аракети кылмыш болуп калабы? Тергөөчүнүн риторикасы аябай таң калычтуу экен. Жээнбековдун бийлиги азыркыга чейин туруш керек эле дегендей кылып атат”.

2020-жылдын октябрь айындагы толкундоо парламенттик шайлоонун жүрүшү, анын жыйынтыгынан улам келип чыккан. Көчөгө чыккан эл президенттин администрациясы жайгашкан Жогорку Кеңештин имаратына кирип барган. Бул окуялардын жыйынтыгы менен Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырган. Кийин бийлик Садыр Жапаровдун колуна өткөн.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG