Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Михаил Саакашвили реанимацияга түшкөнү кабарланды


Арыктап кеткен Михаил Саакашвили. Сот залындагы монитордон тартылган сүрөт.
Арыктап кеткен Михаил Саакашвили. Сот залындагы монитордон тартылган сүрөт.

Грузиянын мурдагы президенти, камактагы Михаил Саакашвили Тбилисидеги Vivamedi клиникасында саламаттыгы начарлап, реанимацияга которулганын 31-январда анын басма сөз катчысы Гиоргий Чаладзе билдирди.

Бирок клиниканын директору Нино Надирадзе бул маалыматты бышыктаган жок жана саясатчы палатада экенин "Азаттыктын" грузин кызматына айтты.

Эртең менен Саакашвилинин апасы Гиули Аласания саясатчы түндө эс-учун жоготуп, дене табы көтөрүлгөнүн маалымдаганын "Новости-Грузия" агенттиги жазды.

Бир нече күн мурун Михаил Саакашвилиден коронавирус аныкталган. Клиниканын дарыгерлери аны реанимацияга которуунун зарылдыгы жоктугун, оору жеңил формада экенин билдирген. Mtavari телеканалынын маалыматына караганда, кийинчерээк алынган тест Саакашвилинин коронавирустан сакайганын көрсөткөн.

Украинанын жарандыгын алган Грузиянын мурдагы президенти 2021-жылы күзүндө өлкөгө кайтып келгенден кийин Тбилисиде камакка алынган. Ага чейин ал сыртынан алты жылга соттолгон. Саясатчыга "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып коюлган. Өзү муну саясий куугунтук деп атайт.

Былтыр жыл аягында саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу ал камактан ооруканага которулган. Саясатчынын өзү жана анын тарапташтары абалынын начарлашына уулануу себеп болушу мүмкүн деп божомолдошот. Грузин бийлиги буга эч кандай далил жоктугун айтып келет.

Январдын башында Грузияда жана 20дан ашык өлкөдө Саакашвилини колдоо пикеттери өткөн. Катышуучулар аны бошотуп, Евробиримдиктин аймагына барып дарыланууга уруксат берүүнү талап кылышкан. Айрым активисттер Грузиянын азыркы бийлигин "Саакашвилинин жок кылууга аракет кылып жатат" деп айыпташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG