Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:13

БУУ "Вагнердин" Малидеги ыктымал кылмыштарын иликтөөгө үндөдү


Малинин аскерлери.
Малинин аскерлери.

БУУнун эксперттери Малиде өкмөттүк күчтөр жана орусиялык "Вагнер" жалданма аскердик уюму жасаган ыктымал согуш кылмыштарын көз карандысыз иликтөөгө чакырды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды

2021-жылы өлкөнүн бийликтери “Аль-Каиданын” жана “Ислам мамлекети” тобунун террорчулары менен байланышы бар топторго каршы күрөшүү үчүн "Вагнерди" жалдаганын айтышкан.

"2021-жылдан бери эксперттер Малинин куралдуу күчтөрү жана алардын союздаштары жасаган үрөй учурарлык өлүмдөр, жапырт мүрзөлөр, кыйноо, зордуктоо , зомбулук, каракчылык, негизсиз камоолор, дайынсыз жоголуулар тууралуу тынчсыздандырган билдирүүлөрдү тынымсыз алып турушат", - деп айтылат БУУнун талдоочуларынын билдирүүсүндө.

2021-жылдын декабрында Европа өлкөлөрү жана Канада "Вагнердин" жалданмаларынын Малиге жайгаштырылышын айыпташкан. Биргелешкен билдирүүдө Малиде жалданма аскерлердин болушу “Батыш Африкадагы кырдаалды мындан ары да начарлатып, адам укуктарынын абалынын курчушуна алып келиши мүмкүндүгү" белгиленген.

2022-жылдын апрелинде Малидеги орусиялык аскер инструкторлору өкмөттүк күчтөр иштеп жаткан аймактардын тургундарын өлтүрүүгө катышкан деп шектелген. "Хьюман Райтс Вотч" уюмунун баяндамасына ылайык, өкмөттүк күчтөр чет элдиктердин колдоосу менен түштүктөгү Мура шаарынын сыртында кеминде 300дөй тургунду өлүм жазасына тартышкан. Өлтүрүлгөндөрдүн айрымдары куралдуу исламчыл уюмдарга тиешеси бар деп шектелген.

2020-жылдын августунда Малиде аскердик төңкөрүш болуп, өлкөнүн президенти камакка алынган, парламент жана өкмөт таркатылган. Бийликти басып алган хунта өзүн элди куткаруунун улуттук комитети деп атайт.

Владимир Путинге жакын ишкер Евгений Пригожин негиздеген "Вагнер" жалданма аскерлер уюму учурда Украинадагы согушка жигердүү катышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG