Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:55

Өзбекстанда белгилүү журналист Мавжуда Мирзаева камалды


Мавжуда Мирзаева.
Мавжуда Мирзаева.

Өзбекстанда белгилүү журналист Мавжуда Мирзаева камакка алынды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Көз боёмочулук" беренеси менен айып тагылууда.

"Азаттыкка" маалым болгондой, Мирзаева 27-январда Human.uz сайтынын Ташкенттеги кеңсесин тинтүүдөн көп өтпөй кармалган.

Ал коомчулукка 2018-жылы Өзбекстандын мамлекеттик телеканалындагы цензураны сындагандан кийин таанылып, бир катар көз карандысыз сайттар, анын ичинде Human.uz менен кызматташып келген. Эки жылдан бери Жумуш менен камсыздоо жана эмгек мамилелери министрлигинин басма сөз кызматын жетектеп жүргөн.

27-январда Мамлекеттик коопсуздук кызматы Human.uz сайтынын директору Хуршид Далиев жана алты журналист Kompromat.uzb Телеграм-каналынын администратору катары камакка алынганын жана алар башкалардан "опузалап акча талап кылган" деп шектелгенин билдирген. Арасында "Узбекнефтгаз" ишканасынын басма сөз катчысы да бар.

Улуттук Масс-медиа фонду журналисттердин камакка алынышына тынчсыздануусун билдирип, бийлик органдарын буга түшүндүрмө берүүгө жана алардын укуктарын камсыз кылууга чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG