Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:43

Борбор Азиядагы жогорку окуу жайлар ооганстандык кыздарды кабыл алды


Ооган кызы. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооган кызы. Иллюстрациялык сүрөт.

"Талибан" кыймылы ооган кыз-келиндеринин жогорку окуу жайларда билим алуусуна тыюу салгандан кийин Европа Биримдигинин каржылоосу менен алардын Борбор Азия өлкөлөрүндө окуусуна жол ачкан долбоор кайрадан иштей баштады.

Уюштуруучулардын айтымында, бүгүнкү күндө беш жылдык стипендияларды алган 105 ооганстандык кыз Борбор Азиядагы мамлекеттерге келип, окууларын баштаганы турушат.

Долбоорду жетектеп жаткан БУУнун Өнүктүрүү фондунун Казакстандагы өкүлчүлүгү өлкөнүн жогорку окуу жайлары 50 ооган студентин кабыл аларын билдирди. Калган 30 кыз Өзбекстандын, 25и Кыргызстандын университеттеринде билим алышат. Алар окуусун 2027-жылы аякташат.

Евробиримдик ооган кыздарын окутуу боюнча академиялык долбоордун биринчи жана экинчи баскычтарына 5,5 миллион доллар бөлгөн. Азырынча долбоор мындан ары уланар-уланбасы белгисиз.

Долбоордун биринчи баскычы Ооганстанда бийликке талибдер келгенге чейин башталып, 50 кызга 2025-жылга чейин Казакстан менен Өзбекстанда билим алууга толук стипендиялар берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG