Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Каракалпакстан окуяларына айыпталган Тажимуратов 16 жылга соттолду


Нукустагы акцияда тартылган сүрөт. 1-июль, 2022-жыл.
Нукустагы акцияда тартылган сүрөт. 1-июль, 2022-жыл.

31-январда Каракалпакстан окуялары боюнча айыпталган жарандарга сот өкүмү чыканын Gazeta.uz басылмасы кабарлады.

"Эл хызметинде" гезитинин адвокаты жана мурдагы башкы редактору Даулетмурат Тажимуратов "Бийликти басып алуу же Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн кулатуу үчүн кутумга баруу", "Уурдоо же коротуу аркылуу ири өлчөмдө каражат кымыруу", "Кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдаштыруу", "Зомбулук, кыйратуу, өрттөө, бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү менен коштолгон жапырт башаламандыктарды уюштуруу" жана "Коомдун коопсуздугу менен тартибине коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 16 жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары Тажимуратов келтирилген чыгым үчүн 228,8 миллион сум (20 миң АКШ долларынан ашык) төлөп берүүгө милдеттендирилди. Буга чейин прокурор соттон Тажимуратовду 18 жылга соттоону өтүнгөн.

Каракалпакстандагы окуялар боюнча айыпталган журналист жана Makan.uz сайтынын негиздөөчүсү Лолагүл Каллыханова шарттуу кесилсе, Азамат Турданов, Ахмет Сметуллаев жана Азамат Нуратдиновго карата эркиндигин чектөөгө байланышкан өкүмдөр чыкты. Сот алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, бошотту.

Соттолуучулардын жаза мөөнөтү 2022-жылдын 5-июлунан баштап эсептелинет.

Каракалпакстандагы былтыркы нааразылыктар Өзбекстандын жаңы Конституциясынын долбоору жарыялангандан кийин башталган. Анда башка өзгөртүүлөр менен катар эле Каракалпакстандын суверендүү макамы алынып, анын Өзбекстандын курамынан чыгуу укугу чектелген.

Өзбек бийлигинин маалыматына караганда, 1-2-июль күндөрү Нукус шаарында болгон окуяларда 21 киши өлүп, 243ү жаракат алып, 500 адам кармалган.

Каракалпакстандагы толкундоолордон кийин расмий Ташкент талаштуу өзгөртүүлөрдү чакыртып алып, башаламандыктарды уюштурууга тышкы күчтөрдү айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG