Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Transparency International: Кыргызстанда жемкорлук азайган жок


Transparency International уюмунун жаңы индекси чыкты.
Transparency International уюмунун жаңы индекси чыкты.

Эл аралык Transparency International уюму 2022-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексин чыгарды. Кыргызстан бул индексте жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орун алды.

Transparency International бул рейтингде кайсы бир өлкөнүн ээлеген орду маанилүү эмес экенин белгиледи. Рейтингдеги маанилүү көрсөткүч алган упай менен эсептелет.

Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет. Бул жемкорлук ииндексинин жогору болгонун көрсөтөрүн аталган уюм таркаткан басма сөз билдирүүсүндө белгиленген.

"Коррупциянын деңгээли ондогон жылдардан бери мынчалык жогору болушуна аткаминерлердин бийликти ашыкча ээлеп алуусуна каршы кандайдыр бир чара көрүлбөгөнү себеп болууда. Мындай бөгөт чаралары жок болгондуктан, мамлекеттик башкаруунун сапаты начарлап, бюрократия күчөп коррупция менен толук кандуу күрөшүүгө шарт жок болууда", - деп жазды уюм.

Жемкорлук индекси 0 упайдан 100 упайга чейин эсептелет. Эң көп упай алгандар коррупциядан арылуу жолунда болгон өлкөлөр.

Кыргызстан 2021-жылы да 27 упай алган. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Грузия 57, Армения 46, Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан позициясын жакшыртып 28 упайга жетти, Казакстандыкы 36 упай болду.

Түркмөнстан 19 упай алып, аймактагы жемкорлук даражасы жогору өлкө катары белгиленди.

Transparency International уюму 1995-жылдан бери жылына дүйнодөгү өлкөлөрдүн жемкорлук индексин чыгарып келет. Мамлекеттик сектордун кызмат көрсөтүүсүн сурамжылоо менен бул изилдөө ишке ашат. 2022-жылы жемкорлук эң аз деп аныкталган өлкөлөр Дания, Финляндия жана Жаңы Зеландия болду. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG