Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Кемпир-Абад ишине коюлган “жашыруун” грифи талкууланууда


Бишкекте өтүп жаткан жыйын. 31-январь, 2023-жыл.
Бишкекте өтүп жаткан жыйын. 31-январь, 2023-жыл.

31-январда Бишкекте Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын жакындары, адвокаттар, укук коргоочулар жана жарандык активисттер тегерек үстөл өткөрүп жатышат.

Жыйында укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга козголгон кылмыш ишке “жашыруун” грифи коюлганы негизсиз болгонун, мындан ары соттук отурумдар жабык өтүп, коомчулукка маалыматтар жетпей каларын билдирди. Шектүүлөрдүн жактоочулары грифтин киргизилиши мыйзамсыз экенин, бул иште эч кандай купуя маалымат жоктугун айтышты.

Достук мейманканасынын жыйын өтө турган залында электр жарыгы жок болгондуктан тегерек үстөл шамдын жарыгы менен өтүүдө.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет.

Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн. (BTo/TAb)

XS
SM
MD
LG