Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

Апасы сабаган кыз туугандары менен коопсуз жайга жайгаштырылды


Балдар “Кут кадам” үйүнө жайгаштырылды. Сүрөттү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги таратты.
Балдар “Кут кадам” үйүнө жайгаштырылды. Сүрөттү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги таратты.

Баткендин Кадамжай районунда апасы сабаган эки жашар кыз жана анын эки бир тууганы Совет айылындагы “Кут кадам” үйүнө жайгаштырылды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маселе райондук администрацияга караштуу балдар иши боюнча комиссияда каралып, балдарды коопсуз жайга жайгаштыруу чечими кабыл алынганын билдирди.

Министрлик кызын сабаган келиндин үч баласына 2022-жылдын июль айында “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу чегерилип, айына 3 600 сом алып келатканын кошумчалады. Бул каражат ушул жылдын июнь айына чейин берилет деп белгиленген.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматаны караганда, 27-январда келиндин күйөөсү милицияга арыз жазып, аялы кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгенин билдирген.

Ал ошол эле райондун Марказ айылынын тургуну менен 2020-жылдын март айынан бери жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылы кыздуу болушканын жана жакындан бери пикир келишпестиктен чогуу жашабай калышканын айткан.

Милиция билдиргендей, окуя 5-январда болгон – келин өзүнүн кызын уруп, уюк телефонуна тартып, жолдошуна WhatsApp менен жиберген.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту “Баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо” менен кылмыш иши козголгон.

Наристени чырылдата сабап жаткан келиндин видеосу социалдык түйүндөрдө тарап, айрымдары аялды жоопко тартууну талап кылса, кээ бирлери анын психикалык абалына көңүл буруу керектигин белгилеп, ыркы кеткен үй-бүлө көйгөйүн жана анын балдарга таасири боюнча маселени көтөрүп жатышат. (BTo/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG