Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:05

Комитет өкмөттүн директорлор кеңешине мүчө болушун сунуштаган долбоорду четке какты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 30-январда “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жѳнүндө” жана “Акционердик коомдор жѳнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документтерди четке какты. Мыйзам долбоорлорун өкмөт сунуштаган.

Комитеттин жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев документ Министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен президенттин администрациясынын бөлүм башчыларына мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун директорлор кеңешинин мүчөсү болууга уруксат берерин айтты. Бул мамлекеттик ишканаларды башкарууда жакшы жыйынтык берерин билдирди.

Данияр Амангелдиев директорлор кеңешинин мүчөсү болгон чиновниктерге айлык төлөнөр-төлөнбөсү чечиле электигин, азыр бул кызматта тургандардын айрымдары айлыкка, кээ бирлери бекер иштеп жатканын кошумчалады.

Мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттин үлүшү бар компаниялардын директорлор кеңешине мүчө боло албайт. Жыйынтыгында Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет эки мыйзам долбоорун тең четке какты. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG