Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:54

Кызыл-Кыя: Жүздөн ашуун жүк ташуучу машине Өзбекстанга өтө албай жатканы кабарланды


Кыргыз-өзбек чек арасы. Кызыл-Кыя. Кезекте турган фуралар. 2023-жылдын 30-январы.
Кыргыз-өзбек чек арасы. Кызыл-Кыя. Кезекте турган фуралар. 2023-жылдын 30-январы.

Баткенде кыргыз-өзбек чек арасында өзбек тарапка каттаган оор жүк ташуучу жүздөн ашуун машине кезекте топтолуп турганын 30-январда “Азаттык” радиосуна өзүн Баяман Жолдошов деп тааныштырган айдоочу билдирди.

Ал Кызыл-Кыя шаары Өзбекстандын Фергана облусу менен чектешкен тилкедеги өткөрмө бекетинде көмүр жүктөгөн фурасы менен 25-январдан бери кезекте турганын айтты:

“Мурда түнү келсем, түшкө маал өтүп кетет элем. Кезек болчу эмес. Азыр ушундай болуп жатат. Өтүп жатышат, бирок жай".

Жолдошовдун айтымында, кезекте турган кыргызстандык жүк ташуучу автоунааларда негизинен мөмө-жемиш, цемент сыяктуу товарлар жүктөлгөн.

“Азаттык” бул боюнча расмий маалымат алуу үчүн Кыргызстандын Чек ара кызматына кайрылды. Мекеменин басма сөз кызматы жеринде тактоо иштери жүрүп жатканын, маалымат берилерин билдирди.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпысынан 15 өткөрмө бекети бар.

Өзбекстан 2010-жылдагы Кыргызстанда болгон саясий окуялар учурунда бардык чек ара бекеттерин жапкан. Чектөөлөр 2017-жылдын сентябрында алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG