Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

ЖМК мыйзам долбоору боюнча түзүлгөн жумушчу топ жыйынга чогулду


ЖМК долбоору боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны. 30-январь, 2022-жыл. Бишкек
ЖМК долбоору боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны. 30-январь, 2022-жыл. Бишкек

“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топ 30-январда кезектеги жыйынга чогулду. Ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде өттү.

Жыйында Юстиция министрлигинен буга чейин катталган жалпыга маалымдоо каражаттары кайра каттоодон өтпөй турганы белгилүү болду. Документтин биринчи варианты боюнча ЖМКлар кайра катталмак. Жумушчу топтун мүчөсү, журналист Семетей Аманбеков алардын сунуштары киргизилбей калганын айтты.

“Мыйзам долбоорунун биринчи варианты берилгенден кийин биз сунуштарыбызды бергенбиз. Бирок алар экинчи вариантында жок экен”.

Медиа коомчулук менен жумушчу топтун мүчөлөрү долбоордун экинчи варианты менен таанышып чыгып, 10-февралга чейин сунуштарын берет. Президенттин администрациясы аларды кабыл алып, карап чыгууга даяр экенин билдирди.

Президенттик администрация былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анын негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган.

Документ коомдук талкууга чыгарылгандан кийин өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер камтамчылыгын билдирип чыккан.

“Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.

Былтыр 15-ноябрда сын-пикир коштолгон коомдук жыйындан кийин президенттик администрация мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн медиа сектордун 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүүгө, андан кийин документти экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүүгө макул болгон.

Жумушчу топ 5-декабрда түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Президенттин администрациясы "Жалпыга маалымдоо каражаттары" жөнүндө мыйзам долбоорунун жаңы вариантын даярдап, жогорудагы жумушчу топко сунуштаганы быйыл январда белгилүү болду. Анда блогерлерге же катталуучусу көп колдонуучуларга жаңы талаптар да камтылган. (BTo/TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG