Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:06

Пакистанда кырсыкка кабылган тогуз баланын дайыны чыкпай жатат


Кырсык болгон жерден тартылган сүрөт.
Кырсык болгон жерден тартылган сүрөт.

Пакистанда Танда көлүндө оодарылып кеткен кайыктагы тогуз баланын дайыны чыкпай жатат. Бийлик бери дегенде 12 жеткинчектин өмүрү кыйылганын маалымдады. Куткарылган беш баланын абалы оор.

29-январда Хайбер-Пахтунхва аймагындагы Танда көлүндө балдар сүзүп жүргөн кайык оодарылып кеткен.

Полициянын маалыматына караганда, Мирбаз Хел диний мектебинде окуган 10-13 жаштагы окуучулар эс алып жүрүшкөндө кырсыкка кабылышкан.

Издөө иштери уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG