Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Ирандын аскердик заводуна чабуул жасалды


Исфахандагы аскердик заводдо болгон жарылуу.
Исфахандагы аскердик заводдо болгон жарылуу.

Иранда учкучсуз учактардын соккусун ким уюштурганы азырынча маалым эмес. Тегеран Исфахан шаарындагы аскердик заводго чабуул койгон дрондор атып түшүрүлгөнүн айтууда. Ал тапта айрым булактар Израил Ирандын аскердик өнөр жайын жок кылуу үчүн атайын аскердик операция баштаганын кабарлады. Тел-Авив буга комментарий бере элек.

Жекшембиге караган түнү Ирандын аскердик инфратүзүм обьектилерине дрондор менен чабуул жасалып, жарылуу болгонун жергиликтүү жана эл аралык басылмалар кабарлашты.

Исфахандагы аскердик заводдогу жарылууну көргөн адамдар дүрбөлөңгө түшкөнү тартылган 15 секундалык видео бир катар маалымат каражаттарында жарыяланды. Аны жолдон өтүп бараткан жергиликтүү тургун тартып, интернетке чыгарган.

Ирандын Коргоо министрлиги Исфаханда ок-дары заводуна дрон менен чабуул жасалганын ырастады.

“28-январда саат 23:30дар чамасында Коргоо министрлигинин борборлорунун бирине учкучсуз учак менен ийгиликсиз чабуул жасалган. Бирөө зениттик система менен атып түшүрүлгөн, экөө коргонуу капканына түшүп жарылды”, - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Исфахан Тегерандан 330 чакырым түштүктө жайгашкан ушул эле аталыштагы провинциянын борбору.

Иран бийлиги дрондор кайсы өлкөгө тиешелүү экенин айта элек. Исфахандын коопсуздук боюнча жетекчисинин орун басары Мохаммад Реза Жан-Несари аттуу аткаминер мамлекеттик телеканалда сүйлөгөндө окуя иликтенип жатканын, жыйынтыгы кийинчерээк айтыларын билдирди.

Ирандык айрым Твиттер колдонуучулары бул заводдо Москва Украинадагы согушта колдонуп жаткан жанкечти дрондор жасаларын жазышты.

Ирандын полициясы
Ирандын полициясы

Ошол күнү ИРНА агенттиги өлкөнүн чыгышында мотор майын чыгарган завод өрттөнгөнүн маалымдады. Батышдагы Дизфул шаарында жайгашкан авиабазада, Хамадан шаарында жана түндүктөгү Решт калаасында да жарылуу болуп, өрт чыкканы кабарланды.

Тегеранда да жардыруунун добушу угулуп, күбөлөр шаар үстүндө учактар учканын билдиришти. Каза болгондор же жараат алгандар тууралуу маалымат жок.

Адистер чакан дрондордун учуу убактысы өтө кыска экенин, алар ок-дары заводуна каршы колдонулган болсо, жакын аралыктан учурулганын божомолдошууда.

Былтыр июлда Иран "Исфахандагы аскердик комплексти жардырууну көздөгөн" деп күрд диверсанттарынын тобу кармалганын жарыялаган. Алар Израил үчүн иштеген деп айыпталган.

Ал арада Al Arabiya телеканалы Израил Ирандын аскердик өнөр жайын жок кылуу үчүн атайын операция баштаганын маалымдады. Тел-Авив буга комментарий берген жок.

Тегеран дүйнөлүк державалар менен өзөктүк келишими бузулуп, Жакынкы Чыгыштагы атаандашы менен көмүскө согушуп жаткан маалда Израилдин учкучсуз учактарынын бутасына айланганын Associated Press жазды.

Ошол эле учурда үч күн мурун коңшу Азербайжандын Тегерандагы элчилигине куралчан адам кол салып, коопсуздук кызматынын башчысын өлтүрүп, дагы эки кишини жарадар кылгандан кийинки чыңалуу сакталууда.

Жер титирөөдө зыян тарткан турак жай. Хой калаасынан тартылган сүрөт.
Жер титирөөдө зыян тарткан турак жай. Хой калаасынан тартылган сүрөт.

Бир күн мурун Ирандын түндүк-батышындагы Батыш Азербайжан провинциясында күчү дээрлик алты баллга жеткен жер титирөөдө бери дегенде үч адам өлүп, 800дөн ашуун киши жабыркады. IRNA агенттиги провинциянын губернатору Мохаммад Садик Мотамедянга таянып билдиргендей, 124 адам ооруканага жаткырылды. Расмий маалыматтарда эки шаарда жана 70 айылда турак жайлардын дээрлик 50% зыян тартканы айтылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG