Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:36

БУУ Иранды өлүм жазасын токтотууга чакырды


Исфахандагы нааразылык акцияларына чыккан үч жаран. Алар өлүм жазасына өкүм кылынган.
Исфахандагы нааразылык акцияларына чыккан үч жаран. Алар өлүм жазасына өкүм кылынган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгы Иран бийлигин күзгү нааразылык акцияларынын катышуучуларына өлүм жазасын колдонууну токтотууга чакырды. Батыш өлкөлөрү да бул тажрыйбаны айыптап жатышат.

БУУнун баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик өлүм жазасы адамдын жашоо укугуна түп тамырынан бери карама-каршы келерин айтты.

"БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсесиндеги кесиптештерибизге кошулуп, өлүм жазасын тезинен токтотууга үндөйбүз", - деди ал. Уюм буга чейин да Тегеранга бул жаатта бир канча жолу кайрылган.

"Фарда" радиосунун маалыматына караганда, учурда Германия баштаган Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр иран бийлигинин өз элине карата агрессивдүү мамилесинен улам Тегеранга каршы төрт пакеттен турган санкцияларды кабыл алуу жана аны ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Сентябрдын ортосунда 22 жаштагы Махса Амини "хижаб кийүү эрежесин бузган" деп кармалгандан кийин Адеп-ахлак полициясында каза болгон. Бул окуядан кийин Иранда кыз-келиндердин укугун коргоого чакырган жапырт нааразылык акциялары тутанган. Эл аралык уюмдардын эсебинде демонстрацияларкүч менен басылганда 500гө жакын адам набыт болгон. Ошондой эле 60тан ашуун коопсуздук кызматкери көз жумган.

9 миңдей киши кармалган, алардын арасында балдар, өспүрүмдөр да бар. Укук коргоочулар айрымдар камалгандан бери дайынсыз экенин, дагы бирөөлөрү кыйноого кабылып, адвокаттардын жардамын албай калышканын айтышат.

Норвегияда жайгашкан Iran Human Rights (IHR) укук коргоо уюму өкмөткө каршы нааразылык акцияларына катышкан бери дегенде 100 киши, анын ичинде беш аял өлүм жазасына кириптер болуп, өкүмдүн аткарылышын күтүп жатканын билдирет.

Тегеран эл аралык коомчулуктун айыптоолоруна реакция жасай элек. Бирок өлкөдө тутанган акциялар үчүн Батышты айыптайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG