Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:58

Калифорнияда селден улам миңдеген адам коопсуз жерге көчүрүлдү


Калифорнияда тартылган сүрөт. 9-январь.
Калифорнияда тартылган сүрөт. 9-январь.

Калифорниянын Санта-Барбара, Монтесито шаарларында селден улам 9-январда миңдеген тургун коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Штатта бери дегенде 12 адам набыт болгонун Reuters агенттиги жазды.

Социалдык медиада жарыяланган видеолордо Калифорниянын Морро булуңунда көчөлөрдү, үйлөрдү суу каптаганын көрүүгө болот.

Рождество майрамынан кийинки алты бороон-чапкында миңдеген бак-дарактар кулады.

Эксперттер муну климаттын өзгөрүшүнүн белгиси катары сыпатташууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG