Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимдин мөөнөтү узартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милициянын Бишкектин Биринчи Май районунун аймагында митинг өткөрүүгө тыюу салган чечиминин мөөнөтү 31-мартка чейин узартылышын райондук сот мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу бүгүн 10-январда Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин, президенттик администрациянын, Жогорку соттун, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имараттарынын тегерегинде, Эркиндик бульварынын Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилкесинде жана Таттыбүбү Турсунбаева атындагы бакчада өткөрүүгө уруксат жок.

Митинг же пикет өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчада чогулса болот.

Ала-Тоо аянтында мамлекеттик же муниципалдык иш-чаралар гана өткөрүлө алат.

Айрым жерлерде митинг-пикет өткөрүүгө убактылуу тыюу салган чечим 2022-жылдын март айында кабыл алынган. Анын мөөнөтү улам узартылып келе жатат. Укук коргоочулар мындай чечим мыйзамсыз экенин белгилеп келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG