Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт


Бишкектеги кар.
Бишкектеги кар.

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. 12-13-январда абанын температурасы дагы төмөндөйт.

2023-жылдын 9-январынан 11-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз 1-14-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-107-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-101, 113-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка-Акташ автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -7…-12;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18, күндүз -11…-16;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…-9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -5…-10;

Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн -14…-19, күндүз -9…-14;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -13…-18 градус суук.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14°, күндүз -8…-10° болот. (BCh)

XS
SM
MD
LG