"Пенсияга чыкканда жаңы кесип таптым"
Гүлнара Жолдошбаева (Гульнара Джолдошбаева) дээрлик 40 жыл орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеген. Пенсияга чыккандан кийин спорт менен машыгып, атайын курсту аяктап, учурда машыктыруучу болуп иштеп жатат.