Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:00

Бишкектеги акция: Милиция кармап кеткендердин баары бошотулду


Бишкектеги акциянын катышуучулары. 10-январь, 2022-жыл.
Бишкектеги акциянын катышуучулары. 10-январь, 2022-жыл.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган жакындарын колдоп 10-январда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына чыккандардын баары бошотулганын “Азаттыкка” Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын эжеси Нурия Сооронкулова билдирди.

Ал өзү жана башкалар милициянын мыйзамсыз аракетине кабылып, укугу бузулганын белгиледи.

«Бизди кое беришти, азырынча Биринчи Май райондук милициясындабыз. Бизди Горький бакчасына баргыла дешкенинен ошол жакка баратсак кармап кетишти. Мен бир тууганым тергөө абагында мыйзамсыз отурганын айттым. Мунун баары укуктардын одоно бузулушу», - деди ал.

Ички иштер министрлиги кармалгандар кое берилгенин азырынча тастыктай элек. Мекеменин маалыматына караганда, 27 адам кармалып, алар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 139-беренеси (Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу) жана 128-беренеси (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) менен протоколдор түзүлдү. Министрлик документтер сотко жөнөтүлөрүн маалымдады.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта жаткандардын жакындары, жалпысынан жүздөй адам бүгүн алгач ИИМдин алдына чогулган.

Ал жерде акция өткөрүүгө тыюу салынганы эскертилгенден кийин Горький гүлбагына жөнөп баратканда алардын айрымдарын милиция Эски аянттын Эркиндик бульвары менен Токтоболот Абдумомунов атындагы көчө кесилишкен жеринен кармап кеткен.

Акциянын катышуучулары абактагы жакындарын үй камагына чыгаруу, тергөөнү бейтарап жүргүзүү жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу тууралуу талаптарды айтышкан.

Милиция жолдо бараткандардын айрымдарын кармап кетүүгө алар плакаттарды, ар кандай чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп, үн күчөткүч менен сүйлөгөнү себеп болгонун билдирди.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Биринчи Май райондук сотунун аларды быйылкы жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Бир катар эл аралык уюмдар камактагыларды бошотууга чакырган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG