Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Евробиримдик Ирандын 37 жаранына жана компанияларына санкция салды


Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн туулары.
Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн туулары.

Евробиримдик жарандык акцияларды күч менен басканы үчүн Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизди. Reuters агенттиги жазгандай, "кара тизмеге" ирандык 37 жаран жана уюм кирген. Алардын Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө кирүүгө тыюу салынып, активдери тоңдурулат.

Ал арада европалык дипломаттардын бири Ислам революциясынын сакчылар корпусу азырынча террордук уюм катары таанылбай турганын, ал үчүн соттун чечими зарыл экенин айткан. Буга чейин Европарламент аталган корпусту террордук уюм катары таанууга чакырган эле. Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахиян буга жооп берип, "Ислам революциясынын сакчылар корпусу өлкөнүн коопсуздугун камсыздаган мыйзамдуу уюм" экенин, эгер Европа аны террор катары айыптаса, "өз бутуна ок аткан болорун" билдирген.

Евробиримдик Иран бийлигин сентябрдан бери уланып жаткан нааразылык акцияларын күч менен басканы, жарандык активисттердин камакка алынышы жана өлүм жазасына тартылышы, адам укуктары одоно бузулганы үчүн кескин сынга алууда. Андан тышкары, биримдик Украинадагы согушта "жанкечти" дрондорун орус армиясына бергени үчүн Тегеранды айыптап келет.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин 22-23-январда расмий сапары менен Тегеранга барды. Ал Ирандын президенти Сейед Ибрахим Раиси менен жолугушкан.

Мамдума менен Иран парламентинин ортосундагы кызматташтык боюнча комиссиянын жыйынында Володин "Батыш өлкөлөрүнүн санкциялары Иран менен Орусияны бириктирип жатканын", эки өлкө "биригиши керектигин" айткан. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG