Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Улуттук хирургия борборун өзүн-өзү каржылоого өткөрүү сунушталды


Улуттук хирургиялык борбор.
Улуттук хирургиялык борбор.

Министрлер кабинети Бишкек шаарындагы Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборун дотациядан чыгарып, өзүн-өзү каржылоого өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу токтомдун долбоору 23-январда өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Документке ылайык, өкмөт хирургиялык борборго кошумча кызматтарды көрсөткөнгө, тарифин өзү аныктап, түшкөн акчаны өзүнүн башкаруусуна уруксат берүүнү сунуштаган. Ага ылайык, мекеме каражатты кызматкерлердин маянасын жогорулатууга, ар кандай жабдыктарды же дары-дармектерди сатып алууга жумшай алат.

"Бюджеттин 86% эмгек акыга, 10% гана медикаменттерге жана бейтаптардын тамак-ашына жумшалат. Бул формалдуу эмес төлөмдөрдүн өсүшүнө, заманбап медициналык жабдуулардын жетишсиздигине жана оорулардын алдын алууда жана дарылоодо заманбап технологиялар паркынын жаңыланбай жатканына алып келген. Эмгек акы төлөөдө квалификациянын деңгээлинин, кызмат көрсөтүүнүн сапатынын жана натыйжалуулугунун байланышын эске албастан азыркы учурда теңдештирүүчү эмгек акы төлөнүп келүүдө", - деп жазылган токтомдун долбоорунда.

Долбоордо хирургиялык борбор жылына 15-20 миң бейтапты дарылай турганы жана бул мекемени дотациядан чыгаруу менен жылына республикалык бюджеттен 14-20 миллион сом үнөмдөлөрү жазылган.

Министрлер кабинетинин пилоттук долбоору 2025-жылга чейин уланат. Бул Кыргызстанда өзүн-өзү каржылоого өтүп жаткан алгачкы оорукана болуп калмакчы. Анын жыйынтыгына жараша Министрлер кабинети башка медициналык мекемелерди да өзүн-өзү каржылоого өткөрүшү мүмкүн экени жазылган.

Улуттук хирургиялык борбордун имараты 1995-жылы Бишкек мэриясынын карамагына өткөн. Медициналык мекеме мурда №2 шаардык клиникалык оорукана болуп иштеп, кийин ага борбордун жетекчиси, академик Мамбет Мамакеевдин ысымы ыйгарылган. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG