Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:09

Майлуу-Сууда жылуулук кезек-кезеги менен берилүүдө


Майлуу-Суудагы отказандарды оңдоо учуру.
Майлуу-Суудагы отказандарды оңдоо учуру.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Сууда үч отказан кайра иштеп, шаардагы үйлөрдүн 80% ашыгы жылый баштады.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалагынын басма сөз кызматы 23-январда билдирди.

"Учурда кезек-кезеги менен үйлөргө жылуулук бериле баштады. №3 отказанды кайрадан иштетүү үчүн жаңы 500 метр узундуктагы желим түтүк Майлуу-Суу дарыясына чейин тартылып, суу насосу орнотулган. Натыйжада 375 абонентти жылуулук менен камсыздаган аталган отказан кайрадан иштей баштап, учурда шаар тургундарына кезек-кезеги менен жылуулук бериле баштады. Ал эми буга чейин 1234 абонентти жылуулук менен камсыздаган №1, 198 абонентке жылуулук берген №4 отказан ишке берилген. Шаар тургундарын таза суу менен камсыздоо максатында дагы да болсо суу түтүктөрүн эритүү иши жүрүүдө", - деп билдирди мекеме.

Шаарды таза суу менен камсыздоо азырынча калыбына келе элек.

Катуу сууктун кесепетинен 2023-жылдын 12-январь күнү шаардын калкына таза суу берүү үзгүлтүккө учураган. Калаада 13-январда “өзгөчө кырдаал” режими жарыяланган. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG