Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:38

Пара алууга шектелген УКМКнын тергөөчүсү эки айга камалды  


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын тергөөчүсү эки айга камалды. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

Шектүү атайын кызматтын тергөө абагында 29-мартка чейин кармалат.

20-январда тергөөчү 15 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалганын Башкы прокуратура билдирген.

Факт боюнча Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-пункту “Опузалап ири өлчөмдө пара алуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Башкы көзөмөл мекемеси бул кармоо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин макулдашуусунун алкагында жүргүзүлгөнүн билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG