Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

Жасалма акчага көмүр сатып алган шектүү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Сокулук айылында жасалма 200 доллар менен 1,7 тоннадай көмүр сатып алган шектүү кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, жасалма 200 доллар менен соода кылган киши сатуучудан 4300 кайтарым акча алган. Арыз боюнча Кылмыш жаза кодексинин 233-беренеси (“Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо”) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция шектүү Сокулуктагы дагы башка жерден жасалма акчага көмүр сатып алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады. Анын жанынан 75 даана 500 евро, 67 даана 100 доллар табылган. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө уланып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG