Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Бишкекте башаламан курулуштарга жол бергендердин ысымын ачыкка чыгаруу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарындагы башаламан курулуштар, сапатсыз имарат салгандар жана аларга уруксат бергендердин ысымын ачыкка чыгарууну сунуштады.

Мындай пикирин ал 21-январда өткөн облустук жетекчилердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын республикалык кеңешмесинде билдирди.

Жыйында “Бишкек башкы архитектура” ишканасын шаар бийлигине өткөрүп берүү маселеси талкууланган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров курулуш компаниялар менен аталган ишкананын өкүлдөрү жең ичинен жерлерди бөлүп алганын айтты. “Бишкек башкы архитектура” ишканасынын концепциясын иштеп чыгууну тапшырды. Ал курулуш компаниялар турак жайларды убагында бүтүрбөй жаткан учурлар көп экенин кошумчалады.

“Бишкек башкы архитектура” ишканасы Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине карайт.

Өткөн жылы 19-июлдагы Коррупцияга каршы координациялык кеңештин жыйынында шаар бийлиги калаадагы курулуштарды мэрия жүргүзүшү керек экенин айткан болчу.

Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нуртазин Жетибаев мэрияны курулуштагы коррупцияга айыптап чыккан. (TSh)

XS
SM
MD
LG