Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

2022-жылы энергетика тармагына 15 миллиард сом бөлүнгөн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өлкөнүн энергетика тармагына жана күз-кыш мезгилине даярдык үчүн 2022-жылы мамлекеттик казынадан 15 миллиард 251,3 миллион сом каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, калк үчүн жылуулук энергиясынын тарифтерин жөнгө салууга "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасына 1 млрд. 575,5 миллион сом берилген.

Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандар үчүн электр энергиясын төлөөдөгү 50% жеңилдиктерге 148,7 млн. сом бөлүндү. Бюджеттик мекемелерге көмүр, отун сатып алууга 305,3 млн. сом каржыланган. Республикалык казынадан каржыланган уюмдарга коммуналдык чарбага байланыштуу чыгымдарына 2 миллиард 403,7 миллион сом каралган.

Электр энергиясын импорттоого, Бишкек жана Ош шаарларындагы Жылуулук электр борборлоруна отун ресурстарын сатып алууга, "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбооруна, “Бала-Саруу” чакан гидроэлектрстанциясын куруу долбоорун ишке ашырууга 10 миллиард 567,5 миллион сом өлчөмүндө бюджеттик насыя бөлүндү.

Кыргызстанда 11-январда аба ырайы кескин өзгөрүп, бир нече күн бою өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы -20 градустун тегерегинде, тоолордо -30га чейин жетти.

Энергетика министрлиги Кыргызстанда электр энергиясын керектөө өлкө тарыхында биринчи жолу суткасына 76,4 миллион киловатт саатка жеткенин маалымдаган. Мындан улам 19-январда Энергетика министрлиги электр жарыгын өчүрүүнүн графигин жарыялаган. Ага ылайык, жарык ар кайсы аймактарда эки сааттан өчүрүлүп турат.

Президент Садыр Жапаров 21-январдын түнүндө Фейсбуктагы баракчасы аркылуу энергетикалык абал тууралуу билдирүү таркатып, май айынан тарта электрдин тарифи 77 тыйындан бир сомго көтөрүлө турганын жазды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG