Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:48

Гурбангулы Бердымухамедов улут лидери макамына ээ болду


Гурбангулы Бердымухаммедов
Гурбангулы Бердымухаммедов

Түркмөнстанда Халк Маслахаты (Элдик Кеңеш) деп аталып келген парламенттин жогорку палатасы жоюлду.

Ал расмий түрдө өзүнчө турган эң жогорку бийлик органы катары жарыяланып, өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухаммедов жетектейт. Ал эми Улут лидери макамына ээ болду. Аны жаңы түзүлгөн жогорку органдын төрагасы катары дайындаган учурдагы президент Сердар Бердымухаммедовдун буйругу жергиликтүү басылмаларга 21-январда жарыяланды.

Түркмөнстанда көз карандысыз орган катары түзүлгөн Халк Маслахаты мыйзамдарды кабыл алуу тууралуу сунуштарды кароого, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктоого, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү программаларын иштеп чыгууга жана тынчтык, коопсуздук маселелерине баа берүүгө укуктуу.

Халк Маслахатын парламенттин өкүлдөр палатасы катары жоюу жана аны элдик бийликтин эң жогорку органы катары түзүү тууралуу сунуш 21-январда парламентте айтылган. Бир нече сааттан кийин эле колдоо таап, ишке ашырылган.

11-январда парламенттин жогорку палатасынын төрагасы болуп турган Гурбангулы Бердымухаммедов Түркмөнстандын мыйзам чыгаруу органын кайрадан жалгыз палаталуу кылып реформалап, ал эми Халк Маслахатын кайрадан түзүп, ага кеңири укуктарды берүүнү сунуштаган.

Эми түркмөн парламенти бир палаталуу болуп калды. Мажилистин XII чакырылышына депутаттарды шайлоо ушул жылдын 26-мартында өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG