Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Түркия Швецияда өткөн митингди сынга алды


Куран китеби.
Куран китеби.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Швецияда Куранды өрттөгөн митингди кескин сындады.

Каршылык акциясына чыккандар Түркияда куугунтукка учурап жаткан этникалык күрддөрдүн укугун коргоо максатын көздөшкөн. Швециянын коргоо министринин Анкарага пландалган иш сапары болбой калды.

Стокгольмдо 21-январда өткөн митингге чыккандар Сауд Арабиясы, Иордан, Кувейт сыяктуу мусулман өлкөлөрдү сындашты. Түркиянын Тышкы иштер министрлиги митинг маалындагы Куран китебин өрттөгөн окуяны "эркиндикке таянып динге кол салуу" деп баалады.

Түркиянын коргоо министри Хулуси Аскар Швециядагы каршылык митингдеринен улам Швециянын коргоо министри Пол Йонсондун кийинки аптага пландалган иш сапары болбой калганын жарыялады.

Орусия Украинага кол салгандан кийин буга чейин бейтарап болуп келген Швеция менен Финляндия НАТОго кирүү арызын берген. Буга Түркия тоскоол болууда.

Түркия Европанын түндүгүндөгү өлкөлөрдөн айрым күрд уюмдарын террордук деп табууну, Анкарага курал ташууга уруксат берүүнү жана Швеция, Финляндияда баш калка таап, Түркияда террорчулукка айыпталып жаткан айрым күрд оппозициялык ишмерлерин өткөрүп берүүнү талап кылууда. (BCh)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG