Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:54

Майлуу-Суу: Элге таза суу бериле элек


Майлуу-Суу, сүрөт ӨКМге таандык. 18-январь, 2023-жыл.
Майлуу-Суу, сүрөт ӨКМге таандык. 18-январь, 2023-жыл.

Майлуу-Суу шаарында сууга байланышкан абалды жөнгө салуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 52 кызматкери, 11 техника жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 222 кызматкер, 51 техника иштеп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, таза суунун башкы кампасы дарыянын суусу менен толтурулуп, шаардын беш миң тургунду камсыздайт. Шаардыктардын бир күндүк суу керектөөсү 19 миң метр кубду түзөт.

21-январда төрт өрт өчүрүүчү автоунаа менен турмуш-тиричиликке керектелүүчү 64 тонна суу таратылды. Райондук, шаардык Өзгөчө кырдаалдар боюнча бөлүмдөрдөн барган кызматкерлер тоңуп калган түтүктү эритүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Учурда №1 откана тейлеген 1065 абонентке жылуулук берилди. №4 отказан жумушка киргизилип, 157 абонентке жылуулук берилип, жалпы шаардыктардын 68% жылуулук менен камсыздалганы расмий маалымдалды.

Майлуу-Суу дарыясына чейин 500 метр түтүк тартылып, суу насосу орнотулган. №3 отканага суу толтурулуп, ички системасы жылытылып жатат.

Майлуу-Сууда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG