Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Телеграм-каналдар украин соккусунан мобилизацияга тартылган "жүздөгөн" орусиялык каза болгонун жазды


HIMARS системасы.
HIMARS системасы.

Украин армиясы Донецкинин чет жакасындагы Макеевка шаарындагы мобилизацияланган орусиялык жоокерлерлер жайгашкан казармага сокку урду. Андан "жүздөгөн адам каза болгону" тууралуу орусиялык Телеграм-каналдарга таянып "Радио Свобода" жазды. Украин армиясынын стратегиялык коммуникациялар башкармалыгы 400 киши каза болгонун билдирген.

Мобилизациялангандар Макеевкадагы №19 кесиптик-техникалык окуу жайдын имаратына жайгаштырылган. Орусиялык булактар бул объектиге жаңы жылдын түнүндө HIMARS аркылуу сокку урулганын айтууда. Орусияга ыктаган "Оперативные сводки" каналы 500 адам каза болгонун жазса, согушту чагылдырган орусиялык блогер Борис Рожин 1-январда кечинде Телеграмга жазгандай, "урандыларды тазалоо дагы эле уланууда".

Украин армиясынын стратегиялык коммуникациялар башкармалыгы Телеграм-каналына жазгандай, 400 киши каза болуп, 300дөйү жараат алган. Украинанын башкы штабынын 1-январдагы билдирүүсүндө каза болгондор тууралуу маалымат берилген жок.

Орус армиясында мобилизациялоо былтыр күз айларында башталган. Анда согушка 300 миң кишини жөнөтүү планы коюлган. Мобилизацияга тартылгандар жетиштүү окутулбаганын, курал-жарак менен камсыздалбаганын айтып, командачылыктын кемичиликтерине нааразы болушкан. Журналисттер көз карандысыз булактардан алардын 430у каза болгонун аныкташкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу 21-сентябрда согушта набыт кеткен адамдарынын саны 5937ге жеткенин билдирген. 10-ноябрда Пентагон орус армиясынын жоготуулары өлгөндөрдү жана жараат алгандарды кошкондо 100 миңге жеткенин маалымдаган.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Украина 10 миңден 13 миңге чейинки аскерин жоготту, миңдегени жараат алган. Украинанын басымдуу аймагынын инфраструктурасы талкаланып, энергетика тармагынын 40% ашыгы жабыркаганы кабарланган. Коопсуз жакка жер которуп же башка өлкөлөргө башпаанек издеп кеткендердин саны 10 миллионго чукулдады.(TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG